Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Ким билбейт биздин Чыңгызды?


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну, дарыгер Турсунали Матазимовдун Чыңгыз Айтматовго арноосу.

Ким билбейт биздин Чыңгызды?

Көктөгү чолпон жылдыз бу.

Таанытып салды дүйнөгө,

"Таланттуу эл" деп кыргызды.

Француз Луи Арагон

Алыстан бизди караган.

Жакшы сын берип өзүңө,

Чоң ишке өзү жараган.

Жазганың баалап ыктарың,

Ауэздин уулу Муктарың.

Дүйнөгө өзү жар салган,

«Жамийлаң» мыкты чыкканын.

Окуткан далай-далайды,

Ойлойбуз Дүйшөн агайды.

«Гүлсарың» мыкты болбосо,

Танабай элге тарайбы?

Саманын ташып асманда,

"Саманчың" бара жатканда.

Субанкул менен Толгонай,

Сырдашып алар жаткан да

Үлгүрбөй калган көрүнөт,

Уялып сизден качканга.

Чоңоюп эми Нургазы,

«Ак кеме» көрсө ыйлабайт.

Орозкул зөөкүр Момунду,

Ургулап, сөгүп кыйнабайт.

Согуштан качып жаны ачып,

Бөөрүдөн үңкүр талашып.

Дезертир болгон Ысмайыл,

Тотойдун уюн жетелеп.

Тоюңа келет, тосуп ал,

Сейдеси менен жарашып.

Билесиң, агай, Сейитти,

Жеңеси качып кейитти.

Базарбай менен Бостондор,

Ыйык жер тутуп калышкан.

Ташчайнар жатчу бейитти.

Айталы сөздүн ырасын,

Бек тутуп ата мурасын.

Турнаны көрсө жүгүрөт,

Баягы Султанмуратың.

Бойлоттуң "Деңиз дөбөттү".

Чыгармаң көздөн көп өттү.

Алтынай, Абдий, Даниярлар,

Куттуктоо сизге жөнөттү.

Төрөлгөн эмес бекерге,

Киндик кан тамган Шекерде.

Урматтап элиң узатат,

«Фудзиямада кадыр түн»

Тосууга өзүң кетээрде.

Ээн талаада Эдигей,

Космостон кабар алат дейт.

"Кыргызда барбы маңкурт?" деп,

Кыжаалат боло калат дейт.

Эрте ажал алып тооруган,

Ташчайнар менен Алиман.

Тосо албай тоюң калышты,

Бу дүйнө алар жогунан.

Суктанып дүйнө эл карашат,

Мактансак канча жарашат.

Торколуу тойго «чакыруу»,

Гезитчи Дзюоң таратат.

Киндиктеш досуң Шаканов,

Тоюңда сүйлөйт жасанып,

Аясаң боло «Чыке» деп,

«Акбара» - ыйлайт сөз алып.

Калкымдын Чыңгыз ардагы,

Күздө үзүп "Кызыл алманы"

Калеми дале курч эле,

Кетсе да анын жаш чагы.

Ааламда сенин атыңды,

Адам жок экен уга элек.

Жер шаарында жазуучу

Өзүңдөй болуп чыга элек.

Космосту жазып арытып,

"Кылымдан күндү" карытып

Сыйлыгын далай дүйнөнүн

Алмаксыз, байке, дагы утуп.

Өзүңүз азыр болгондо

«Ысык - Көл» - форум жанданмак

Дүйнөдөн келген аалымдар

Көлүңдү көрүп таң калмак.

Токсон жаш жете барганда

Нобелдик сыйлык алганда

Кыргыз эл тургай, дүйнө эли

Калышмак эмес арманда.

Турсунали Матазимов, дарыгер. Өзгөн району, Куршаб айылы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG