Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:30

Алтынай менен Толгонайга белек


"Саманчынын жолу" спектакли.
"Саманчынын жолу" спектакли.

1993-жылы декабрь айында Чыңгыз Төрөкулович менен жолугушуу болот деп Талас облусунун ар бир районунан кырк-элүүдөй тургундар чакырылды, алардын арасында мектеп мугалимдери, окуучулары, активдери бар.

Жолугушуу Кызыл-Адыр айылында Чыңгыз Төрөкуловичтин сунушу менен саат ондон 12ге чейин өтө турган болду. Бир саат тамактанып, анан саат экиде Шаханов менен жолугушууга Казакстанга чыгып кетмей болду.

Чогулушу жакшы өттү, көңүлү ачык экен, жарык маанайда алып барды.

Жолугушуу бүткөндөн кийин Кара-Буура районунун китепкана башчысы Чыңгыз Төрөкуловичти жана бир нече район активин түшкү тамакка чакырып калды.

Чыңгыз Төрөкуловичке 10-12 киши кошулду, Бекболот Доолбекович, облустук Советтин башчысы баштап бармай болду. Бекболот Доолбекович баарыбызды тааныштырып жатты, мени тааныштырып жатканда мен Чыңгыз Төрөкуловичке кыздарыма ал кишинин китептеринин каармандарынын ысымын ыйгарганымды айтып калдым.

Ошо каармандай кайраттуу, билимге умтулган, элдин керегине жараган адамдар болсун деп улуусун Толгонай, кичүүсүн Алтынай деп койдук эле. Ошондо Чыңгыз Төрөкулович сумкасын кармап шашып калды, андан бир китеп алып чыгып Толгонайга жана Алтынайга деп жазып, "кыздарыңа берип кой" деп китепти мага сунду.

Андан кийин тамак убагында менден Жийдедеги жашап турган Алымбек аксакал, Толгонай чон эне, жалпы Жийде айылы жөнүндө эки-үч жолу сурады. Айтматовдордун үй-бүлөсү Төрөкул Айтматов репрессияга дуушар болгондо азыркы Манас районундагы Жийде айылында бир нече жыл турган. Тамак убагында Чыңгыз Төрөкуловичке баш тартылганда ооз тийип, "Толгонайдын атасына узаткыла" деп сунду, кешик катары башты мага сунду.

Мен баштын жарымын ошо жерден бөлүп берип, жарымын районго алып кете турган болдум. Айткандай, эле мен келгенге чейин маалымат районго жетип калыптыр, райондун кызматкерлери бир заматта чогулду, улуу кишинин кешигин ооз тийүү үчүн.

Бул китеп үйдө сакталып турат, келген конокторго рахат менен айтып, көрсөткөндөн тажабайм. Кыргыз элимде балага ат ысым коюуга ар дайым чоң көңүл бурулат. Чоң, тарыхый баатырлардан баштап жакынкы чөйрөдөгү же эл арасында оозго алынган адамдардын атын койгонго аракет кылышат. Мындай аракеттин артында - ошондой адам болсун деген чоң үмүт жана ырым турат.

Ушул үй-бүлөлүк окуяны "Азаттыкта" жарыяланган сынакка билдирип коюуну туура көрдүм.

Тилекбек Кудайбергенов

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG