Орусча таптак сүйлөп, биз менен эркин баарлашып отурган 44 жаштагы Якуб Муртазанын Кыргызстанды байырлаганына 13 жылдын жүзү болуптур. Үй-бүлөсү Бишкекте. Үч баласы бар.
Якуб 1992-жылга чейин Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы мамлекеттик мекемелердин биринде эмгектенчү экен. Андан кийин бир топ жыл бош жүрүптүр. 2001-жылы өз жеринде согуш чыкканда Борбор Азия өлкөлөрүнө качкындар кетип жатканын угуп, бул аймактан тынч жай табууга бел байлайт:
- Өзүңөр билгендей, Ооганстанда согуш күчөп, биздин өмүрүбүзгө коркунуч туулду. Менин туугандарым 92-жылдан тарта Батыш өлкөлөрүнөн башпаанек таап, чыгып кеткен болчу. Мен болсо абал оңолот го деп калып калгам. Согуштун аяктаарына көзүм жетпей калганда, башпаанек берчү өлкө издей баштадым. Батыш өлкөлөрүнө кетүүгө мүмкүн болбоду, анан эптеп Пакистанга чыктык. Андан Иранга өттүк, Иран аркылуу Тажикстанга келдим. Ошол кезде ал жакта да абал тынч эмес болгондуктан Кыргызстанга келип, жашап калдык.
Кыргызстанга келген соң Якуб БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарлыгына кайрылып, качкын макамын алат. Ошондон бери Бишкекте. Якуб жаңы келген жылдары бир топ кыйынчылыкты баштан кечириптир:
- Тил билчү эмеспиз. Турмуш-шартка көнө албай, материалдык жактан да кыйналдык. Азыр болсо турмушубуз оңолуп, кадыресе көнүп калдык. Эки уулубуз, бир кызыбыз мектепке барышат, тил үйрөнүштү. Мен учурда “Адилет” укук клиникасынын качкындар бөлүмүндө котормочу болуп эмгектенем. Кыргызстан биздин экинчи мекенибиз болуп калды.
Якубдун айтымында, жергиликтүү элдин кодулоосуна анчейин деле туш болбоптур. Акыркы жылдары гана башка улуттагы адамдарга тийишкендер көбөйүп жатканына капа:
- “Кайдан келдиң эле, ошол жагыңа кет” дегендер болот. Качкындарды сабап кеткен учурлар кездешет. Андайда милицияга кайрылып жүрөбүз. БУУнун качкын иштери боюнча комиссарлыгы жардамга келет.
Якубдун Ооганстандагы жакындарынан эч ким деле калбаптыр. Көпчүлүгү өзү сыяктуу ар кайсы өлкөдө качкын болуп жүрөт. Айрымдары согуш кесепетинен каза тапкан. Ошондуктан, Ооганстандагы окуяларды теледен эле көрбөсө, кабары жок. Бирок Кыргызстандагы качкындар менен бат-бат жолугуп, баарлашып турат экен:
- Бул жактагы ооганстандык качкындар бат-бат жолугуп турабыз. Алардын айрымдары базарларда иштейт. Көпчүлүгүнүн жумушу жок. Бул качкындардын негизги баш оорусу.
Ооганстанга кайтуу Якубдун башкы кыялы. Бирок ал жакынкы жылдары кыялы орундаларына көзү жетпейт. "Ооганстанда кырдаал оңолбой эле, жардыруулар, мыйзамсыздык күч алып жатат",-дейт. Туулган жерге бара албаса да, 15 жылдан бери көрүшө элек туугандары менен бир жолугууну самайт:
-Туугандарым менен жолуксам дейм. Шартка байланыштуу аларга баралбайм, алар да мага келе албайт. Канча жылдан бери көрүшпөй, бири-бирибизди абдан сагындык.
Якуб качандыр бир кезде Ооганстанга тынчтык орноп, ал жакка кайтаарына ишенет. Ылайым, ошол күндөрдүн эртерээк келишин тилейли...