Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:10

Бажыны "бийлеген" Жунусовго издөө жарыяланды


Адамкул Жунусов
Адамкул Жунусов

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) Бажы кызматынын мурунку төрагасы Адамкул Жунусовго издөө жарыялады.

Аталган мекеме тараткан маалыматка караганда, Жунусов жашынып, тергөө ишин объективдүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылып жатат. Башкы прокуратура Мамлекеттик бажы кызматынын айрым кадрларына адамдарына "мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген айып менен эки ай мурда кылмыш ишин козгогон.

Финансы полициясы Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусовго 28-августта издөө жарыялаганы 6-сентябрда маалым болду. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны “камакка алуу керек” деген чечим чыгарган.

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”

“Райым миллиондун” ийгилигинин “сыры”

Ошто бир канча жылдан бери бажы тармагын жетектеп турган Матраимов тууралуу түрдүү уу-дуу кеп көп.

Жунусов 2013-2016-жылга чейин Бажы кызматынын төрагасы болуп турганда аталган кызматтын башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган деп айыпталууда.

Финансы полициясынын маалыматында мындай аракеттердин натыйжасында мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тарткан. Каржы полициясынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур буларды айтты:

- Адамкул Жунусов ыйгарым укуктарын пайдалануу менен “А.” ЖЧКга идентификациянын туура эмес ыкмасын колдонуп, бажы аймактарын кайра иштеп чыгууга уруксат алууга көмөк көрсөткөн, мунун натыйжасында аталган коом өлкө бюджетине төлөнө турган төлөмдөр боюнча бажылык өзгөчө жеңилдиктерди алган. Бирок бул ЖЧК ташып киргизген товарлар “Импорт 40” режиминде жалпы негиздерде таризделиши керек болчу. Ошентип, Бажы кызматынын мурунку төрагасынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 166 миллион сомдон (166 971 821,25 сомдон) көп өлчөмдө бюджетке материалдык зыян келтирилген. Азыркы убакта А.Жунусов тергөө органдарынан жашынып, тергөө ишин объективдүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылып жатат, ошондой эле ал кылганы өзгөчө оор кылмыштын түрүнө кирет.

Июль айында Башкы прокуратура Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарына "мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон жана анын негизинде 18-августта Жунусовго сыртынан айып тагылган.

Бажыдагы миллиондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:30 0:00



Буга чейин Башкы прокуратура Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасынын буйругу менен кызматкерлерге 2014-жылдын экинчи кварталы үчүн 3 303 964 сом сыйлык катары маянага мыйзамсыз кошулуп берилгени аныкталганын кабарлаган болчу.

Жунусов Бажы кызматын 2013-жылдан 2016-жылдын жаз айларына чейин жетектеген. Кийин Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп иштеген.

Учурда Жунусовдун Кыргызстандын аймагында экени же өлкөдөн чыгып кеткени белгисиз. Чек ара кызматы мындай маалымат күч түзүмдөрүнө, соттун макулдугу менен гана берилгенин айтты. Каржы полициясы учурда Жунусовдун кайда экенин аныктоо иштери жүрүп, тиешелүү органдарга кат жөнөтүлүп жатканын билдирди.

"Акчалуулар кача берет..."

Адамкул Жунусовго издөө жарыяланары тууралуу маалымат бир айга чукул убактан бери айтылып келген. Бирок убакыттын созулушу ар кандай күдүк ойлорго жем таштоодо.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Бажы тармагындагы коррупцияны жоюу талабын коюп келгендердин бири, Коомдук талдоо институтунун директору Рита Карасартова Кыргызстанда кылмыш иши козголгондон бир топ убактан кийин издөө жарыяланып, шектүүлөрдүн качып кетишине шарт түзүлүп жатканын белгиледи. Ал кылмыштуулук, коррупцияга каршы күрөшүүдө бир катар мекемелер биргелешип, бир система менен иштебесе, майнап чыкпайт деп эсептейт.

- Биздин Чек ара, Салык кызматтары, Каржы министрлиги, мамлекеттик электрондук өкмөттүн базалары бирикмейинче эч кандай майнап чыкпайт. Алар өз акчасы менен чет өлкөгө чыгып кетсе деле жыргап жашап жүрө беришет. Издөө жарыяланары менен кылмыш иштин негизинде каржылык агымдарды токтотуп койсо качып кеткендердин баары кайтып келмек. Анткени алар финансылык жактан көз каранды болуп, эч нерсе жасай албай калмак. Азыр качып кетишсе дагы акчасы артынан барат, эч кандай майнап чыкпайт. Кылмыш иши козголгондон кийин бир-эки ай күтүп, мүлкүнүн баарын чыгарып кеткенге мүмкүнчүлүк түзүп коюшат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шек саналган парламент депутаты Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн качканы бир айдан кийин гана расмий ырасталып, издөө жарыяланган. Анын АКШда экени белгилүү болгону менен Кыргызстанга алып келүү иштеринен майнап чыга элек.

Кылмышка шектүү адамдарды убагында кармоо иштеринде шалаакылык болуп жатканын Парламент депутаты Зарылбек Рысалиев белгилеп жатат.

- Издөө иштеринен натыйжа чыгабы же чыкпайбы - бул кызматкерлерге көбүрөөк көз каранды. Алар таза, жакшы иштесе табат. Экинчиден, мүлкүн камакка алуу үчүн издөө жарыяласа керек. Бул жетекчинин принципиалдуулугуна да байланыштуу болот. Алар акчалуу адамдар, качып кеткенге мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошолорду кармоодо кызматкерлер тарабынан кичине шалаакылык болуп жатса керек.

Салык кызматынын мурдагы төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев кээ бир учурда шектүү адамды качырып жиберген ыңгайлуу болуп жатканын белгиледи.

- Издөө жарыялаганы менен мүмкүнчүлүгүбүз жок болуп жатат. Эгер биз табабыз десек, тапсак болот. Бирок алып келиш башка маселе. Алып келмек турсун Азиз Батукаевди коргоочулар менен коштоп чыгарып койдук го. Балким Жунусов бекинген жоктур. Билбейм кантип аны таппай жатышат, балким тергөөчүлөрдүн алыстан көрө турган дүрбүсү жокпу... Кээде тергөөнүн жол-жобосу кызыктай болуп жатат, тап дегенди таппайт, таппа дегенди табат. Буга жеткирбеш керек болчу. Качып кеткенде тергөөгө ыңгайлуу да, "качпаганда биз аябай чоң иштин бетин ачмакпыз" дешет.

Буга чейин "Дело №" гезити “Бажыдагы миллионерлер” аттуу иликтөө материалында байлардын сап башына Адамкул Жунусовду киргизип, өз булактарына таянуу менен анын үйү тинтүүгө алынганын жазып чыккан. Бажыдагы 166 млн. сомдук зыян тууралуу козголгон кылмыш ишинин негизинде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Ниязалиев, андан мурда Борбордук бажынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашев камалган. Расмий маалыматка ылайык, 2012-жылдан ушул күнгө чейин жүзгө жакын бажы кызматкерине кылмыш иши козголду жана анын жетөө бул тармактын ардагерлери болуп саналат.

Бажы тармагындагы коррупциялык схемалар жана анын башында кимдер турганы боюнча коомчулукта байма-бай айтылып келет. Өмүр бою ушул тармакта иштеп, заңгыраган ак сарай куруп, кымбат баалуу машина айдап жүргөндөрдү "Азаттык" өз иликтөөлөрүндө да көрсөтүп келген. Жунусовдун өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Бажыдагы уурулук
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:29:45 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG