Айрымдар муну бийликке каршы пикир айткан оппозициялык көз караштагы саясатчыларга басым-кысым катары баалап жатышат. Ошол эле кезде Кыргызстандын булуң-бурчунда ээн-эркин жыйындарды уюштуруп, бийликке катуу талаптар коюлган курултайлар өтүп жатканын жүйө кылган саясатчылар да бар.
Адахан Мадумаровдун «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, ар кандай бут тосуудан улам 22-23-август күндөрүнө белгиленген Баткен жана Исфана шаарларындагы эл менен жолугушууларын токтоткон. Ошондой эле Баткенде аны күч кызматкерлери артынан аңдып жүрүшкөнүн айтты:
«Баткенде жыйын болмок. Булар (ред: бийлик) аябай куу аракетке өтүп алды. Мындай түркөйлүк, арамзалык эгемендүүлүк тарыхында болгон эмес. Ошондуктан эл жабыр тартпасын, ошол жерде бир нерсе уюштуруп, бирөөгө шылтап койбосун дедим. Элдин тынчтыгы үчүн деп кайттым. Бирок Ноокат, Өзгөн, Аксы райондорунда жакшы деңгээлде өттү. Китептин ачылышы жана жолугушуу да болду».
Адахан Мадумаровдун айтымында, Баткенде саясий ишмер Абсамат Масалиевдин өмүр баяны жазылган «Жалгыз дос» деген китептин бет ачары кинотеатрда болмок. Бирок жогорудагы окуялардан кийин иш-чара үзгүлтүккө учураган.
Бирок өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү «Адахан Мадумаровдун жолугушууларына бийлик эч кандай кийлигишкен жок» деп маалымдады.
Мадумаровдун окуясы Кыргызстанда бийликке каршы пикир айткан саясатчыларга карата бийликтин мамилесине жана өлкөдөгү оппозициянын абалына байланыштуу маселени козгоду.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов Мадумаровдун партиясы парламенттик шайлоодо, жеке өзү президенттик шайлоодо алган 100 миңден ашык добуштарды эске алганда анын колдоочулары көп деп эсептейт. Ушундан улам ал бийлик ар кандай бут тосуу уюштуруп жатканын белгилеп, бийликтин андан башка да саясатчыларга мамилесин мындайча чечмеледи:
«Мадумаров - көз каранды эмес саясатчы. Азыркы бийликте Мадумаровго эле эмес, андан башка да көз каранды эмес саясатчыларга карата кооптонуу сезими бар экени ачык эле көрүнүп турат. Ошол эле Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду түрмөдөн бошотпогону, Өмүрбек Бабановго каршы кылмыш иштеринин токтобогону жана Алмазбек Атамбаев менен анын айланасындагыларга болгон куугунтук мунун далили. Андан тышкары парламенттик шайлоо жакындап калгандыктан аларды шайлоого катыштырбоо аракети жүрүп жатат деп ойлойм».
Азыркы бийликке каршы оппозициялык күч катары Кой-Таштагы үйүндө «элдик штаб» түзүп, президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын сындап келаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) абагында отурат. Аны менен кошо бир катар санаалаштары да кармалып, айрымдары сурак берип жатышкан кези.
Саясат талдоочулардын арасында ушул тапта бийликке тең ата оппозициялык күч жетишпей жатканын, акыркы окуялардан кийин айрым саясатчылар ачык оппозицияга өтүүдөн карманып турушканын айткандар бар.
Бирок «оппозициячыл саясатчыларга бийлик басым-кысым кылып жатат» деген сөздөргө саясатчы Азимбек Бекназаров кошулбайт. Ал буга чейин Элдик курултай институту эки жолу курултай өткөрүп, анда бийликке конституциялык реформага баруу баш болгон катуу талаптар коюлганын мисал келтирди. Ал күзүндө эми жалпы элдик курултай болорун, бийликтин кемчилигин ашкере кылган мындан башка да жыйындар тоскоолдуксуз эле өтүп жатканын билдирди:
«Бийлик бизге кысым көрсөткөн жок, бут да тоскон жок. Мына, курултайчылар Чеч-Дөбөгө жыйын уюштуруп келишти. Ал жерде катуу маселелер коюлду. Ошондой эле курултайлар өтүп атат. Эч кандай бут тосуу болгон жок. Ал түгүл Турсунбек Акун, Кадыр Кошалиевдер бийлик менен тынбай байланышып турушат. Биз курултайдын чечимдерин расмий колдоруна тапшырып, кат да жазып атабыз. Мен Акаев, Бакиев жана башка бардык президенттер менен иштешкен кишимин. Бут тосуу деген башкача болот. Мен азыркы бийликтен аны көргөн жокмун. Ошол бут тосуу болбогону үчүн Атамбаев үйүнө таш түшүрүп, куралданып, штаб түздү. Бийлик оозун ачып отуруп кан төгүүгө чейин алып келди. Бул бийликтин алсыздыгы. Куугунтук, бут тосуу деген башкача болот. Биз аны башыбыздан далай өткөргөнбүз. Мүмкүн Адахан (ред: Мадумаров) аны көргөн эмес».
Кыргызстанда көчө оппозициясынан тышкары Жогорку Кеңеште да оппозициялык фракциялар бар. Парламенттеги «Ата Мекен» менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары оппозициялык блокто. Аларга Жогорку Кеңештеги Бюджет жана финансы боюнча комитет менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетин башкаруу мүмкүнчүлүгү берилген.
Парламенттин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев парламенттеги системалуу оппозиция өз милдетин аткара албаганын айтып, мындай деди:
«Парламентте оппозиция жок. Анткени шайлоого акчасы бар олигархтар гана катышат. Ал эми биздин Конституция жөнөкөй жарандарды шайлануу укугунан ажыратып таштаган. Мына ошондуктан алар көчө оппозициясы болууга аргасыз. «Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өттү» деген менен бизде анын жыты да жок. Депутаттар партиялык тизме менен эптеп шайланып келет. Алар элге отчет да бербейт, алардын мандатын чакыртып алуунун жолу да жок».
Буга чейин Кыргызстандагы оппозициянын жана оппозициялык ишмердүүлүктүн укуктук кепилдиктери жөнүндөгү мыйзам долбоору иштелип чыгып, бирок кабыл алынбай калган. Ал мыйзам долбоорунда оппозициялык уюмдун жарыяланышынын жолдору, анын укуктары жана милдеттери, ишмердүүлүгүнүн укуктук негиздери каралган эле.
Нааразылык акцияларын өткөрүү, өз максаттары тууралуу эркин маалымат таратуу, президенттин жана башка бийлик бутактарынын саясатын ачык сындоого шарт түзүү тууралуу талаптар Аскар Акаевдин бийлигинин акыркы жылдарында жанданган.