Эгер Кожо Насирдин азыр Кыргызстанда жашаганда «Президенттердин жана депутаттардын университетин» ачмак. Бийлик десе энесин саткан аткаминерлер жоон тобу менен дароо тапшырмак. Бааларды базардагыдай сатып, саан уйдай саап, казынаны кампайтмак. Окууну бүткөн соң баарына «депутат», «президент» деген диплом берип, Жогорку Кеңешке орноштурмак. Иштей албай, «жакырчылыкты кантип жоёбуз» деп баштарын мыкчып отурган депутаттарга дагы бир уникалдуу идея бермек, «алты ай сайын шайлоо өткөргүлө» деп. Ошондо Бабанов айткан өнүккөн он өлкөнү ашып өтмөкпүз.
Орто кылымдагы бул даанышман адам кыргыздардын арасында Апенди деген ат менен белгилүү. Амалкөй Апенди далай-далай арам тамак байларды итке мингизип банкрот кылганы менен элге белгилүү. Азыр Апендинин ролун шайлоо, митинг, пикет, референдумдар аткарып жатат. Элди тоноп жеген коррупционерлер ар бир шайлоо, пикеттерде бизди эстеп, курсагыбызды тойгузуп турууну салтка айландырышты. «Кедейдин бир тойгону - байыганы» деген макал ошо шайлоодон калгандай сезилип калды.
Ушундай Апендинин жоруктары байырлап турган өлкөдөн Зеленский чыгабы деген суроонун өзү күлкүлүү. Эгемендүүлүк алгандан кийин «демократиянын аралчасы» деп мактап койсо оолугуп кетип, «демократиянын энеси кыргыз» деп эки ирет революция кылып жер өрттөдүк, зериккен сайын шайлоо, референдум өткөрүп, пикет-митингдер боюнча Гиннесске кирдик. Атаңдын көрү дүнүйө! Эч ким далыга таптап, мактаган жок. Эл аралык коомчулук мыйыгынан гана күлүп, башын чайкап турат. Мунун себеби - «оозу кыйшык болсо да коррупционер сүйлөсүн» деп берген акчасын алып, бышырган ашын жеп, шайлап да, жайлап да келе жатабыз.
Сасык саясаттын пайдасын Рахман Разыков баштаган куудулдар көрүп, байышты. Капчыктары бир аз толгон соң «Манастан Чубак кем бекен» деп айрымдары президенттикке да, депутаттыкка да баш багып көрүштү. Негедир элибиз куудулдарды, деги эле искусство адамдарын Зеленскийдей кылып ак кийизге көтөрүп чыкпады. Элдин ырын ырдаган, элдин сөзүн сүйлөгөн, көңүлү таза, ичинде кири жок, чыгармачыл адамдарды арамза, амалкөй, эки жүздүү саясатчылар жактырбайт. Керек болсо арам максатына колдонушат. Шайлоодогу той-тамашалар ырчыларсыз өтпөйт. Ошого «сураган акчасын берем» деп жийиркенсе керек да. Саясатчылар Жамбыл Камчиевдин талапкерлигине демөөрчү болуп, шайлоону шоуга айландырганын куудул өзү «Азаттыкка» айтып мактанып жүрөт. Мындай циркке катышпай койгон карышкыр акын - Аалы Туткучев. «Шайлоодо өмүр бою иштесем таба алгыс акчадан баш тарткам» деген «Спутник Кыргызстандагы» маегин угуп ичим жылыды.
Эми Зеленскийге келсек. Эмнеге украиндер ушул кадамга барды? Демократиялык башаламандык Кыргызстан менен Украинада жанаша эле кетип баратып алар бизден озуп кетти. Улуттун башына кайгы, запкы түшкөндө бир муштумга түйүлөт экен. Украиндердин башына келген сыноону Жараткан эч кимге бербесин. Бейиштей болгон Крымдын орустарга кетишине, Донецк менен Лугансктагы согуштарга күнөөкөр мурдагы паракор бийлик экенин түшүнүп, таза, коррупцияга аралашпаган жигитти шайлап алышты.
Генералдын баласы генерал, кетменчинин баласы кетменчи болгон заман. Акылына эмес, акчасына карап шайлап калдык. Орусиядагы мигранттар «добуш сатпагыла» деп ыйлаганына карабай саттык. Өлкө тагдыры биз шайлагандардан көз каранды экенин билип туруп саттык. Наполеон Бонапарт айткан: «Кочкорду арстандарга башчы кылып койсоң - арстандар кой болуп калат. Арстанды койлорго башчы кылып койсоң - койлор арстан жүрөк болот» деп. Кандай гана таамай айтылган сөздөр! Моголистандын жапайы арстандары болгон бабаларыбыз добуш сатканыбызды көрсө бетибизге түкүрмөк. Себеби алар келемиштей болуп алтын жыйнаган эмес, эл жыйнаган, кабат-кабат «особняк» курган эмес, курама топтоп журт кылган. Байыркылардын айтымында жүз жылда, бир кылымда бир ошондой арстан жүрөк, элге күйгөн баатыр келет экен. Кудай бизге XIX кылымда Исхак (Полот) ханды, XX кылымда Исхак Раззаковду берген экен. Экөөнү тең оруска байлап бериптирбиз. Биринчиси дарга асылып шейит кетсе, экинчисин Москвага айдап кутулдук. XXI кылымдагы азамат менен келе турган келкелди күтүп жатабыз.
Деги эле «Кыргызга кандай лидер керек?» деп суроо салсак. «Мектеп, бала бакча курган, айлыкты, пенсияны көтөргөн, жердиги биздин айылдан же уруудан, жок дегенде биздин аймактан» деп идеалдуу, төгөрөгү төп келишкен азаматын айтабыз. Кудум эле ак боз ат минген ханзааданы күткөн кыздай жооп беребиз.
Жеке оюм - тек гана сапат керек. Ал сапат - адилеттүүлүк. Калыс болуш үчүн жогорку билимдин деле кереги жок. Калыс лидердин кашына акылдуулар чогулуп, арамзалар алыстайт. Башканы коюп Манасты айталы. Манастын деле акылы таш жарган эмес, бирок эр жүрөк, калыс болгон. «Жоону чапса эл чапты, аты калды Манаска» деген экен кырк чоро. Манасты Манас кылып бизге жеткирген - кырк чоросу менен кеңешчилери Бакай жана Кошой! Калыс болгон үчүн Чыңгызхандын душмандары досуна айланды. Калыс болгону үчүн төө кайтарган бедуиндер эң күчтүү Персия менен Византия империясын жеңип, халифат курушту. Чөлдө калган Александр Макендонский акыркы чыныдагы сууну ичпей «мен үчүн аябай көп, армия үчүн аябай аз» деп төгүп салгандагы - азыркы коррупцияга чыланган аткаминерлер үчүн үлгү. Паракорлорду «өз» жана «өгөй» кылып тандап камаганы калктын жинин келтирип жатат.
Ууруну ураан туткан, тууганды туу туткан азыркы кыргыз коомунан Зеленский чыгышы татаал маселе. Келерки шайлоолор деле мурдагы фокустар менен өтөрүнө толук ишенем. «Мен деле, мен деле» деп Менделеевден акылдуу болгон базарком, соодагерлер партиядагы майлуу орундарды азыр эле сатып алышты. Кимдин депутат болору азыр эле белгилүү болуп калды. Касиеттүү Куранда жазылган. «Кудай коомчулуктун абалын өзгөрпөйт, эгер ал коом өзүн өзү өзгөртпөсө» дейт.
Туугандарым! Өзгөрөлү. Шайлоодогу «айлыкты 50 миң сомго чейин көтөрөм» деген жалганчыларга ишенбейли. Айлыкты 100 миң сомго чейин да көтөрсө болот. Ошого жараша картөшкөнүн килограммы 10 миң сом, пияз 20 миң сом болот. Жаш баланы алдагандай кылып алдаганда күлө да албайм, ыйлай да албайм. Аксакалдарыбыз көрүнгөнгө «коммерциялык бата» бергенди токтотуп, «мен деле, мен деле» дегендерди эмес, «сен эле, сен эле» деп кыргыз элине бычакка сап болчу жигиттерди тандап берсе жакшы болмок.
Эми «Кыргызстанда чыгармачыл жамаатта Зеленский барбы?» деген суроого келсек, уучубуз куру эмес. «Азия Микстеги» Элдияр Кененсаров менен Ростислав Ященко тамашалары менен орустардын оозун ачырып, каршылаштары менен эле эмес, калыстар менен кошо күрөшүп, боорубуз эзип келе жатат. Акындардан Аалы Туткучевдин мекенчилдигин баса белгилеймин. Ушул үч жигиттин бирөөсүнө өлкө тагдырын тапшырсак жаңылбайбыз. Жан дүйнөсү жаш баланыкындай таза, сезимтал чыгармачыл адамдар коомдогу мүшкүлдөрдү жүрөгү менен сезет. КПССтин калдыктарындай болуп, колуна берген докладды окуп, элди уктатпайт. Саясат - турмуштагы эң жогорку сахна. Ал деле дайыма өзгөрүүлөр, заманбап жаңылыктар менен толукталып турушу керек.
Максат Халилов, Москва шаары