Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:31

Эне-кыздын өлүмү менен бүткөн зомбулук


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто күйөөсүнүн токмогунан каза болгон келиндин апасы да көз жумду. 22-октябрда жети айлык боюнда бар келин күйөөсүнүн токмогунан каза болгон. Аялынын жана кайненесинин өлүмүнө шектүү киши эки айга камакка алынды.

Ош шаардык оорукананын башкы дарыгери Кыялбек Ташболотов 48 жаштагы аял күйөө баласы токмоктогон кезде алган жараатынан каза болгонун билдирди:

«Алган жараатынан улам мурдагы күнү каза болду. Мээсине кан куюлуп кеткен экен».

22-октябрда Ошто 29 жаштагы жети айлык боюнда бар келин күйөөсүнүн токмогунан каза болгон. Маркумдун апасы да кылмышка шектүү жарандан катуу токмок жегенин айткан.

Каза болгон келин каттоодо турган Ош шаарындагы №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Элмира Кайыпкулова окуя тууралуу буларды билдирди:

«Кош бойлуу аял Ош шаарында апасынын үйүндө убактылуу жашачу. Июлдун ортосунда биздин борборго каттоого турган. Бул экинчи баласы экен. Келиндин саламаттыгы жакшы болчу. Бизге түшкөн маалыматтарга караганда 23-октябрда келиндин күйөөсү кошунасына чалып, аялын жана кайненесин сабап койгонун айткан. Үйгө киргендер келин үзүлүп кеткенине, токмок жеген апасы нес абалында отурганына күбө болушкан».

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жубайынын өлүмү үчүн шек саналган эркекти өткөн аптада кармаган. Ал Бишкекке качып кеткен жеринен колго түшкөн. Милициянын маалыматы боюнча, ал аялын кызганычтан улам сабаганын айткан. Алар жарандык никеде жашашкан.

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматкери Замир Сыдыков мындай маалымат берди:

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

«Факт боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталды. Шектүү №5 тергөө изоляторуна эки айга камакка алынган. Ал аялын кызганычтан улам урганын айткан. Кайненеси менен да талаш-тартыштар көп болгонун айтты».

Жакында эле БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жарыялаган иликтөөдө үй-бүлөдөгү зомбулук иштеринин 70% тараптардын келишип алышы менен токтогону көрсөтүлгөн. Иликтөөдө айтылгандай, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылгандардын басымдуу бөлүгү – 30-39 жаштагы аялдар.

Адам укуктарын коргогон адистер Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнүн айтып келатышат. Быйыл июнда Сузакта күйөөсү аялынын колун артка таңып, мойнуна дөңгөлөк асып, башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы тартылган видео тарап, кызуу талкууланган. Көп өтпөй жабырлануучу арызын алып, күйөөсүнө доосу жок экенин билдирген.

Оштогу «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова жабырлануучуга болгон басым зомбулук иштерин сотко чейин жеткирбей жатканын билдирди:

Дарика Асилбекова.
Дарика Асилбекова.

«Күйөөсүнөн токмок жеген аялдар акыркы жылдары арыз жазып калышты. Бирок, анын сотко чейин жеткени өтө аз. Себеби, аял аябай чоң басымга кабылат. Күйөөсүнүн туугандары аны жемелейт. Ошол учурда аял өз көйгөйү менен жалгыз калат. Аны колдоп, жардам бергендер аз. Туугандары, жакындары, достору, коом да аны жерип жатат. Алсыз болгондуктан күрөштү токтотууга аргасыз болуп жатат».

Мыйзам боюнча үй-бүлө зомбулугу үчүн айыпталуучу 15 күндөн 5-7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок «Зомбулук» беренеси менен сотко чейин жеткен учурлар жокко эсе.

Юрист Айжан Жуманалиева үй-бүлө зомбулугунун токтобой жатканына кылмышкерлердин жазасыз калып жатканы себеп болуп жатат деп эсептейт.

Айжан Жуманалиева.
Айжан Жуманалиева.

«Биз «аялыңа кол көтөрсөң жазаланасың, ушунча жыл камакка отурасың» деп жаза чаралары тууралуу маалымат берип турушубуз керек. Катуу резонанс болгон окуялар жазасыз калбашы керек. Эл зомбулуктун аягы эмне менен бүтөрүн билиши керек», - деди ал.

Үй-бүлөлүк зомбулук өлүм менен аяктаган бул быйылкы жалгыз учур эмес. 2020-жылдын январында Нарындын Кочкор районунда 37 жаштагы келин, Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. Февралда Чүйдүн Сокулук районунда 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып өрттөп жиберген. Мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн.

Апрелде Бишкекте зомбулукка кабылган келин төртүнчү кабаттан боюн таштаган. Июнда Сузакта аялынын мойнуна таш салынган дөңгөлөктү асып, колун артка байлап сабаган эркектин видеосу Интернетке тараган. Сентябрда Ала-Букада күйөөсүнүн келтегинен кутулуу максатында 33 жаштагы келин жанын кыйганы кабарланган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG