Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев анда Биологиялык коопсуздук боюнча эл аралык агенттик түзүүгө чакырды. Шавкат Мирзиёев «Өзбекстан демократиялык өзгөрүүлөргө бет алды» деп ишендиргенге аракет кылды.
Өлкөсүндө өпкөнү сезгеткен оору бар экенин эмгиче расмий бышыктабаган түркмөн мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухаммедов коронавирусту оозанды. Тажик президенти Эмомали Рахмон баарынан кыска сүйлөдү.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө БУУнун 75 жылдык мааракеси дүйнө негизинен коронавирус пандемиясынан улам кыйчалыш абалда турган убакка туш келгенине токтолду. Ал эл аралык коомчулук каатчылыктан чыгыш үчүн дагы көбүрөөк аракет кылышы керек экенин айтып, бир катар сунуштарын ортого салды.
Токаев алгач өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн саламаттык сактоо тармагын жаңылаш керек экенин айтты. Ал вакцина темасын саясатташтырбоого чакырып, инвестиция, сатуу боюнча эл аралык келишим керек экенин белгиледи. Ошондой эле эл аралык медициналык-санитардык нормаларды кайра карап чыгууга чакырды.
Казак президенти биокоопсуздук жана ооруларды көзөмөлдөө боюнча аймактык борборлор керек экенин белгилеп, Казакстан мындай борборлордун бирин өз аймагында жайгаштырууга даяр экенин билдирди. Андан сырткары пандемия маалында биологиялык куралды көзөмөлдөө мурда болуп көрбөгөндөй актуалдуу маселеге айланганын эске салып, бул боюнча атайын орган түзүүнү сунуш кылды:
«Казакстан БУУнун Коопсуздук кеңешине караган атайын, көп тараптуу орган - Биологиялык коопсуздук боюнча эл аралык агенттик түзүүнү сунуш кылат. Агенттиктин ишмердигин Бактериологиялык (биологиялык) жана ууландыруучу куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана сактоого тыюу салуу, аларды жок кылуу тууралуу 1972-жылдагы БУУнун Конвенциясына негиздесе болот».
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да коронавирус жана анын кесепети тууралуу сөз кылды. Ал өз өлкөсү демократиялык өзгөрүүлөрдү көздөй бет алганына ишендиргенге аракет кылды:
«Үч жыл мурун Өзбекстан БУУнун жогорку трибунасында өзгөртүүлөрдү жасай турганын айткан. Саясий, социалдык жана экономикалык кеңири масштабдагы чаралардын негизинде жаңы Өзбекстан курулуп жатат. Бүгүнкү күндө биздин өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөр кайра кайтпас абалга жетти. Былтыркы парламенттик шайлоо жарандардын саясий жигердүүлүгү, жарандык коом институттарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын таасири артканын көрсөттү».
Мирзиёев ошондой эле гендердик саясат негизги багытка айланганын, мамлекеттик башкарууда аялдардын ролу көтөрүлө баштаганын айтты. Ал өзбек парламентинин жаңы чакырылышында аялдар эки эсе көбөйгөнүн белгиледи. Мирзиёев адам укуктары жаатындагы абал да өзгөргөнүнө ишендирүүгө аракет кылып, «жарандарды мажбурлап иштетүү, балдар эмгегин колдонуу жоюлду» деди. Өзбек президенти адам укуктары боюнча улуттук стратегия кабыл алынганын белгиледи.
Бирок бир катар жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар Өзбекстанда адам укуктары жаатында олуттуу өзгөрүүлөр болбогонун айтышууда.
Тажик президенти Эмомали Рахмондун сөзү баарынан кыска, төрт мүнөттөй гана болду. Рахмон анда БУУ 75 жылдык тарых-таржымалында «учурдун глобалдык көйгөйлүү маселелерин чечүүдө ачык, инклюзивдик платформага айланды» деп айтты. Ал терроризм, экстремизм, климат маселелерин жана коронавирусту планетардык масштабдагы маселелер катары баалады жана «бир катар мамлекеттер көп тараптуу, кубаттуу алака-катышка муктаж» деп белгиледи. Рахмон 75 жыл мурун Экинчи дүйнөлүк согушта Тажикстандын мыкты уулдары маанилүү роль ойногонун айта кетти.
Түркмөн президент Гурбангулы Бердымухаммедов өз өлкөсүндө өпкөнү сезгенткен оору бар экенин расмий ырастабаганы менен БУУда коронавирус тууралуу сүйлөдү. Илдет жүз миңдеген адамдын өмүрүн жалмаганын белгилеп, буга байланыштуу көңүл айтты. Ал ошондой эле дарыгерлерге ыраазычылык билдирди. Бердымухаммедов пандемия адеп жайыла баштаганда эле Түркмөнстан керектүү чара көргөнүнө ишендирүүгө аракет кылды.
Бердымухаммедов ушул тушта глобалдык экономика туруктуу өнүгүүгө муктаж болуп жатканын белгилеп, анда энергетика, транспорт, өнөр жайы жана соода-сатык негизги багыттарга айланышы керек экенин кошумчалады.
Түркмөнстан - БУУнун коронавирус бар экенин ырастабаган жападан-жалгыз мүчөсү. Бирок бийлик буга чейин бир катар катаал карантин чараларын киргизген.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө өлкө адам укуктарын бекемдөө принциптерин карманарын белгилеп, өлкөнүн өнүгүү жолун аныктаган стратегиялык документ 2040-жылга чейин түзүлгөнүн айтты. Ал стратегияда ар бир жарандын укуктарын коргоо каралганын билдирди.
Кыргыз президенти 4-октябрдагы парламенттик шайлоого бардык эл аралык байкоочулар чакырылганын айтып, саясий жарыш ачык өтө турганын маалымдады.
«Биз шайлоонун заманбап технологияларды колдонуу менен ачык-айкын жана атаандаштыкта өтүшү үчүн бардык күч-аракеттерибизди жумшайбыз», - деди ал.
Мамлекет башчы БУУдагы видео кайрылуусунда пандемиянын экономикага тийгизген таасири, терроризм, Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы, экология маселелерине токтолду. Жээнбеков Кыргызстан БУУнун бардык аракеттерин колдой турганын айтып, уюм өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин керектүү жана натыйжалуу өнөктөшү экенин белгиледи.
Жээнбеков терроризм маселесине токтолуп, БУУнун Бишкекте жайгашкан Глобалдык контртеррористтик башкармалыгынын ишине колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
«Терроризм жана экстремизм да биздин дүйнөгө олуттуу коркунуч келтирет. Террористтик коркунучка каршы күрөшүүдөгү эл аралык коомчулуктун аракеттерин координациялоо боюнча негизги ролду БУУ ойношу керек. БУУнун Глобалдык контртеррористтик стратегиясынын натыйжалуу ишке ашырылышын жактайбыз», - деди ал.
Жээнбеков Кыргызстан Борбор Азияда өзөктүк куралдын болбошун жактай турганын айтты.
БУУнун Башкы Ассамблеясынын кезектеги жылдык жыйыны 21-сентябрда башталган. Коронавирус пандемиясынан улам бул жолу жыйын видео кайрылуу форматында өтүп жатат жана 29-сентябрда аяктайт.