Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:26

Мусулман илимпоздорду даӊазалаган Сезгин


Фуат Сезгин.
Фуат Сезгин.

Быйылкы 2019-жылды Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган «Фуат Сезгинди эскерүү жылы» деп жарыялаган эле.

Ислам дүйнөсүнүн илимий жетишкендиктерин дүйнөгө жар салган түрк аалымы Фуат Сезгин былтыр, 2018-жылдын 30-июнунда, 94 жаш курагында дүйнө менен кош айтышкан болчу.

Былтыр 2018-жылы 30-июнда гана айтылуу жалпыга маалымдоо каражаттары бир ооздон дүйнөлүк масштабдагы ислам илимин изилдеген үлкөн окумуштуу дүйнө салганын жар салып айтканда, бир катар элдер түрк окумуштуусунун атын угуп, затын таанышты окшойт. Ошентип, алп аалымдын экинчи өмүрү, болгондо да, өзү тирүү кезиндегиден да даӊазалуу доору башталды. Ага кадам таштаган Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өзү болду. Түрк президенти ушул 2019-жылды Түркияда «Профессор Фуат Сезгинди эскерүү жылы» деп жарыялап, бүтүн дүйнөгө анын атын даӊазалоо боюнча чоӊ иштер жүргүзүлө баштады. Гезит-журналдар, телерадио түрк аалымы тууралуу тынымсыз маалымат таркатып, учурда илимий чөйрөдө конференциялар, симпозиумдар өткөрүлүп, маданий-коомдук алкакта ар кандай мелдештер, конкурстар жарыяланып жатат. Быйыл Кыргызстандын Бишкек менен Ош шаарларында да түрк аалымына арналган илимий конференциялар өткөрүлмөкчү. Орто Азия университеттеринин биримдигине мүчө болгон 60тан ашык жогорку окуу жайында да Фуат Сезгинди эскерүү жана таанытуу боюнча кызуу иш-аракеттер жүрүп жатат.

Кыраакы устат, зирек шакирт

Фуат Сезгиндин өмүр таржымалына көз сала турган болсок, ал 1924-жылы Түркиядагы Битлис шаарында төрөлүп, Эрзурумда орто мектепти аяктаптыр. Анын өмүр бою ислам илиминин тарыхын изилдеп калышына Стамбул университетинде иштеген белгилүү немец ориенталисти Хелмут Ритердин таасири чоӊ болгон экен. Чоӊ шаарга инженер болом деп келген жаш Фуат кыраакы немец окумуштуусунун семинар-дарстарына катышкан соӊ көздөгөн максат-мүдөөсүнөн баш тартат. Араб-ислам илимине ышкысы түшүп калган жаш жигит күндө 17 саат бою баш көтөрбөй араб тилин окуй баштайт. Ритер ага Абу Хамид аль-Газалинин «Ихйа улум ад-Дин» аттуу китебин алдына коюп окутуп көрүп, таӊ калып, зээндүү шакиртине «ар жылы бирден тил үйрөн» деген кеӊеш-сунушун берет. Сезгин устатынын бул сунушун жерге таштабай, акыры 27 тилде эркин сүйлөп-жазууга жетишет. Ал араб, немец, иврит, латын ж.б. тилдерин мыкты билген. Ошентип, зирек шакирт устатынын жетекчилиги астында «Аль-Бухаринин булактары» аттуу диссертациясын коргойт. Жаш изилдөөчүнүн ошол алгачкы илимий иши эле европалык илимий чөйрөдө кызуу талкуу жаратып, көпчүлүктүн көӊүлүн бура алган. Фуат Сезгиндин имам Аль-Бухаринин оозеки булактарга гана эмес, жазма булактарга да таянганын ынанымдуу далилдеп бергени көпчүлүк европалык окумуштууларга жаккан эмес.

Европага ислам илим тарыхын таанытуу

Фуат Сезгиндин Европага барып иштеп калышына 1960-жылдары Түркияда болуп өткөн аскердик төӊкөрүш себеп болгон. Ошол окуядан көп өтпөй, ал 1961-жылы ошол кездеги ФРГга эмиграцияланып, Франкфурт университетинде дарс окуп калат. Барганына төрт жыл өтүп-өтпөй, 1965-жылы Франкфурт университетинде экинчи докторлук ишин жактап, кийинки жылы профессор наамын алат. Ушул жылы анын илимий жолунда да, турмуш жолунда да жылдызы жанып, өзүндөй чыгыш таануучу Урсула Сезгинге үйлөнөт. 1970-жылы экөө кыздуу болушат.

Ошентип, Европанын алдыӊкы университеттеринен орун-очок алып иштеп калган түрк окумуштуусу мекенинен ажыраса да, кан-жанына сиӊген түпкү тамырынан алыстабай, исламдын «Алтын кылымында» табылган илимий ачылыштарын изилдөөгө баш-оту менен киришет. 1982-жылы ал Франкфурт университетинин астында Араб-ислам илиминин тарыхы институтун негиздейт. Андан бир жыл өтпөй Исламдагы илим жана технологиялар тарыхынын музейин түптөп, анда бир катар мусулман окумуштуулардын колунан жаралган географиялык карталардын, аспап-шаймандар, кум сааттар, компас ж.б. коллекциясын топтоого жетишет. Франкфурттагы Ислам илимдеринин тарыхы музейинде 800дөн ашуун илимий ачылыштарда колдонулган моделдер жана макеттер чогултулган. Бул моделдер, макеттер менен мусулман окумуштуулары илимий ачылыштарды жасаганын Ф. Сезгин тарыхый жазма булактардан тастыктап чыккан соӊ, алардын сары изине түшүп, топтоп, таппаганын кайра эски китептердеги схемалар менен жасатып чыккан. Ал орто азиялык мусулман аалымдарынын эмгектерин да терең иликтеп, алар колдонгон материалдар менен техникалык жабдыктарды калыбына келтирген.

Ошентип, өмүр бою кумурскадай жыйнап-терип жүрүп, ислам дүйнөсүнүн жетишкендиктери темасында тарыхый наркына эсеп жок 10 000 микрофильм жана 45 000 нуска китеп бар китепканасын да ачкан. Фуат Сезгиндин Исламдагы илим жана технологиялар тарыхынын музейинин астында ачылган бул тармактык китепканасына ушу күндө дүйнөдө теӊ келер аналог жок.

Ислам географиясы менен деӊиз индустриясын 26 жыл изилдеген

Фуат Сезгин өмүрүнүн 26 жылын ислам илиминдеги география жана деӊиз индустриясы тармагын изилдөөгө жумшаган. Ошол изилдөөлөрүнүн натыйжасында окумуштуу географиялык карталардын жаралуу тарыхы тууралуу маанилүү маалыматтарды айткан: «“Азыркы карталар европалыктар тарабынан түзүлгөн” деген пикир чындыкка туура келе бербейт. Биринчи жолу азыркы карталар ислам дүйнөсүндө иштелип чыккан. Мен муну далилдедим. XVIII кылымга чейин Европада эни жана бою градусуна негизделген картография салты болгон эмес. Бул ислам дүйнөсүнөн алынып, бирок көптөгөн жылдар бою практикада туура колдонула албай келген».

Ал ислам дүйнөсүнүн илимий ачылыштарын жөн гана дымактуу сөздөрү менен эмес, терең изилдөөлөрүнүн негизинде табылган факты-жүйөлөргө таянып далилдеп берген. Фуат Сезгин мусулмандардын табылгалары дүйнөлүк ачылыштардын пайдубалын түзүп берген деген пикирди карманган. Ал тапкан ар бир табылгасын дүйнөдөгү чоӊ ачылыштар менен байланыштырып караган. Мисалга анын айткан айрым пикирлерин окуйлу: «Чындыгында байыркы грек окумуштууларынын китептерин латын дүйнөсү жакшы билген, себеби дээрлик баары латынга которулган, бирок бул чыгармаларга алар таасирленип дитин төшөгөн эмес. Ал эми мусулмандар бул эмгектер тууралуу угар менен, аларга абдан кызыгуусу артып, улуу иштерди жаратышкан. Америкалык континент мусулмандар тарабынан ачылган десек болот. Христофор Колумб мусулмандар түзгөн картанын негизинде Америкага эмес, Азияга жеткиси келген».

Дүйнө тарыхын толуктаган аалым

Профессор Фуат Сезгиндин карандай күчү менен 2008-жылы Режеп Тайып Эрдогандын колдоосунда Стамбулда Ислам, илим жана техника музейи ачылган. Анда 700дөн ашык экспонат жайгаштырылып, андан бери да жаӊы табылгандары менен улам толукталып келатат. Ошол экспонаттардын даярдалышын окумуштуу өзү көзөмөлдөп жетектеген. Бул музейдин артыкчылыгы - анда түрдүү тармактар боюнча: астрономия, география, навигация, геометрия, оптика, медицина, химия, минералогия, физика, архитектура, техника жана согуш техникасы боюнча ислам дүйнөсүндөгү инновациялык жаӊылыктар коюлган. Ислам илим жана техника тарыхын көз алдыга тарткан бул эмгектерсиз жалпы адамзаттын тарыхын, дүйнөнүн тарыхын бүтүн көрүүгө мүмкүн эмес. Фуат Сезгиндин илимге кошкон чоӊ салымы деп адамзат тарыхынын бир ныптасын жалгыз өзү бир системага салып, жыйнап-терип алаканыбызга салып берип кеткени десек аша чаппас элек. Буга башкасын айтпаганда да, адамзат тарыхынын алгачкы доорунан баштап, азыркы заманга чейинки мезгилди камтыган «Араб-ислам илиминин тарыхы» (Geschichte des Arabischen) аттуу 17 томдон турган энциклопедиялык чоӊ эмгеги эле күбө болуп турат. Бул эмгектин 1-тому 1967-жылы жарыяланган. «Араб-ислам илиминин тарыхында» Куран жөнүндө илимдер, хадистер жөнүндө илимдер, тарых, фикх, мистицизм, поэзия, медицина, фармакология, зоология, ветеринария, алхимия, химия, ботаника, айыл чарбасы, математика, астрономия, астрология, метеорология жана чектеш илимдер, грамматика, математикалык география, исламдагы картография, ислам философиясынын тарыхы өӊдүү түрдүү тармактар камтылган. Мындан тышкары ал Франкфурт музейиндеги экспонаттар туурасында 5 томдон, 1121 беттен турган «Исламдагы илим жана техника» аттуу каталогду да түзгөн.

Фуат Сезгин өзү: «Мусулмандар илим тарыхындагы өздөрүнүн ордун билбегендиктен, европалыктардын жанында өздөрүн төмөн эсептешет. Менин максатым – аларга ата-бабаларынын тарыхтагы ардактуу ордун көрсөтүү», - деп айтчу экен. Ислам аалымдарынын ачылыштарын илимий негизде тактап, алардын дүйнөлүк илимге, техникалык прогресске кошкон салымын системага салып көрсөтүп, музей түптөгөн, китепкана ачкан, көлөмдүү каталогдорду түзгөн, энциклопедиялык эмгектерди кумурскадай изденип жараткан Фуат Сезгин – түрк дүйнөсүнүн улуу сыймыгы, ислам дүйнөсүнүн таянар тоосу. Ал өз элинин да, өз кесибинин да чоӊ патриоту болгон. Анын арты менен бүтүн мусулман калкынын байыртадан бүгүнкү күнгө чейинки опол тоодой илимий эмгеги кайрадан өз ордун, өз барк-баасын алып, дүйнө тарыхынын бүтүн картинасы түзүлүп олтурат. Ушундан улам, Фуат Сезгин бир гана Түркия эмес, түрк элдери же ислам дүйнөсү эле эмес, бүтүн дүйнө эли кастарлай турган улуу инсан экенин танууга болбос.

Гүлзада Станалиева, филология илимдеринин кандидаты

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG