Түркиядан ишкерлик кылган соодагерлердин басымдуу көпчүлүгү жүк ташуучу карго фирмалардын кызматынан колдонушат. Андай фирмалар жүк гана эмес, ишкерлердин чоң суммадагы накталай акчасын да ташып берет.
18-ноябрда "Ататүрк" аэропортунда кармалган 9,5 миллион доллар жеке соодагерлердин акчасы экенин түрк басылмалары жазып чыкты. Акча ташып кармалган эки кыргыз жаранынын аты-жөнү да белгилүү болду.
Стамбулдун Лалели району - КМШ өлкөлөрүнөн келген соодагерлердин борбору. Түркиядан товар алуучулардын басымдуу көпчүлүгү Орусия, Украина, Түркмөнстан, Кыргызстан, Казакстандан келишет. Алар бул жерде накталай акча менен соода кылышат.
"Лалели" ишкерлер уюмунун жетекчиси Гийасетин Эйүпкожа 20 жылдан бери бул жерде сатуучулар дал ушул соодагерлердин (челноктордун) накталай акчасы менен бизнестерин өнүктүрүшкөнүн белгилейт.
- Негизинен челноктор өзү менен кошо акчасын ала келип, соодасын кылып, жүгүн алып кетет. Же болбосо акчасын жиберет, товарын сатуучу менен ырастайт, сатуучу жүк ташыган фирмаларга табыштап коёт. Өзгөчө кыргызстандык, түркмөнстандык, казакстандык соодагерлердин 99 пайызы ушул жол менен иштешет.
Лалелидеги жүк ташуучу фирманын өкүлү Азамат кыргызстандык дүң соода менен алектенгендердин жүгүн ташыйт. Андан тышкары, Кыргызстандан жума сайын бир канча соодагер менен келген чоң суммадагы накталай акча ташыгандарды кайтарат.
- Мисалы, мен Стамбулга келе жатканда өзүм менен бирге каалаган суммада акча алып кире алам. Аэропортто декларациясын толтуруп, текстиль алам десең түрк мыйзамдары тоскоолдук кылбайт. Кыргызстандагы челноктордун акчасын ташыгандарды болсо аэропорттон атайын сакчы коштоп барып, самолетко салып жиберишет. Биз бул жактан тосуп алабыз.
Карго фирмалары Түркияга челноктордун акчаларын, кайра Кыргызстанга мигранттар жөнөткөн акчаны ташыйт. Бирок Бишкектеги кытай элчилигиндеги жардыруудан жана “Ататүрктөгү” акыркы окуялардан соң алар Кыргызстанга акча жөнөтүүнү токтотушкан.
- Биз башкалардын акчасын албайбыз. Негизинен эле акча ташыгандын биздин фирмага пайдасы жок. Бирок "Дордойдогу" челноктор бизге келип, акчабызды силер менен жиберели дегенде кабыл алабыз. Анткени алардын жүгүн биз ташып беребиз да. Мага товарын салбаган челноктун акчасын мен ташып бербейм. Бул система ушундай иштейт.
Лалелиде эркек кийимдерин саткан дүкөндө беш жылдан бери сатуучу болуп иштеген Бакыттын байкоосунда, жүк ташуучу фирмалар аркылуу акчаны алдыртып, кайра товар жиберүү системасы Лалелиде жолго коюлуп калган.
- Биздин эл банктарга дагы эле ишенбегендиктен жүк ташуучу фирмалар аркылуу иштешет. Накталай акча менен иштеген үчүн фирмалар көбүрөөк ишеничтүрөөк көрүнөт. Стамбулда баары Лалелиде жайгашкандыктан бири-бирине жакын, ыңгайлуу дагы. Мисалы, кардарлар менин атыма акчаны жөнөтүшсө, мен паспортум менен карго фирмасына барып, акчаны алып, кайра товарды салып жиберем.
Лалелидеги дүкөндөр банктар аркылуу расмий иштебегенинин себебин карго фирмасынын өкүлү Азамат төмөндөгүчө түшүндүрдү.
- Лалели эркин зона болгондуктан көп дүкөнчүлөр салыкчыларга банк менен келген акчанын түшүндүрмөсүн бере алышпайт. Ошондуктан накталай акча менен соода кылуу аларга пайдалуу. Анткени анын эч бир квитанциясын кардарга бербейт.
Челноктор өзгөчө акыркы учурда Түркияга келбей туруп эле интернеттен товарды тандап, заказ кылууга өтүшкөн. Лалели ишкерлер уюмунун жетекчиси Гийасетин Эйүпкожанын оюнча, мындай жол менен соода-сатык жүргүзүү эки тарапка тең ыңгайлуу, убакытты, каражатты үнөмдөйт.
- Сатуучулар жол киресин, мейманканада турган чыгымынын баарын эсептей турган заман болуп жатат. Андыктан өздөрү келбей эле WhatsApp, Viber, Skype сыяктуу жолдор менен товарын тандап алып жатышат. Түрк сатуучулары да ишенимге киргендиктен кардарлардын заказын кармабай берип жатышат.
18-ноябрда "Ататүрк" аэропортунда кармалган 9,5 миллиондун 5 миллион 359 миң доллары дагы Стамбулдагы “Ташкент Голд” фирмасынын жетекчиси Исмаил Кашкарийге, калган акча башка төрт фирмага таандык экенин түрктөрдүн Yenisafak гезити 22-ноябрда жазып чыкты. Акча ташыгандар кыргыз жарандары Дайырбек Тойгонбаев менен Темур Кочкоров экенин жана Кочкоровдун паспортунун сүрөтүн гезит жарыялады.
Түркиянын Улуттук банкынын статистикасы боюнча 2014-жылы челноктук бизнестен 9 миллиард долларга жакын киреше кирген. 2015-жылы бул көрсөткүч беш жарым миллиард долларга азайган. Ал эми Лалелидеги соода-сатык, үстүбүздөгү жылдын алты айында өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу эки жарым миллиард долларга төмөндөгөн. Серепчилер мунун себеби Борбор Азиядагы жана Орусиядагы соодагерлердин соодасынын солгундашы менен түшүндүрөт.