Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:51

Кара кыргыз - «черный кыргыз» эмес


Курманжан датканын Гүлчөдөгү эстелиги.
Курманжан датканын Гүлчөдөгү эстелиги.

Падышалык Орусия биздин Курманжанды «Кара-киргизская царица» деп атаган.

Айрым чет өлкөлүк журналисттер «Алайская царица» деп атап жазып, ошондон улам «Алай ханышасы» деген ат калган. Байыртан эле «кара» деген сөз «улуу, улук, чоң, үлкөн» деген маанини бидирип келген. Сөздүн тек-жайын билбегендер кыргыздын мына ушул «кара» дегенин сөзмө-сөз которуп алып «черный» деп айтып келгендердин шылдыңын түшүнбөй же түшүнүп турса да алардын басынтып, кемсинткенине каршылык кыла албай, далай жылдар бою «кара кыргыз» дегендин маанисин «черный кыргыз», Каракол дегенди «черная рука» деп түшүнүп келгенин кейиш менен эстей кетели.

Ошентип кыргыздар улуу нерселерди «кара» деген сөз менен атаган. «Кара мал» дегени төөнү, уйду, жылкыны билдирген. Азыр деле жергебизде Кара-Тоо, Кара-Буура, Кара-Суу, Кара-Бел, Кара-Ой деген өңдүү жер-суу аталыштары арбын. Демек булардын баарынын «кара» дегендерин чоң, зор деп түшүнүшүбүз керек.

Эми мына ошол «кара» байланышкан сөздөрдүн маанисин айтып берели деп турабыз.

«Кара аламан» дейт. Карапайым калкты ушинтип атаган. «Караламан калың журт» дейт.

«Кара аш» деп коет. өлгөн маркумдун сөөгү жерге берилгенден кийинки элге берилчү тамактын аты. «Кара ашына көп киши келди» дейт.

«Кара алтын» дейт. Элибиз таш көмүрдү ушинтип атаган.

«Кара басуу» деген сөз болгон. Аял кыйналып төрөп, кан көп кетип, көңүлү айнып, эс-учунан танып калган учуру болгон. Ошого карата айтылган. «Айшаны кара басып, доктурга алып кетишиптир» дейт.

Экинчи бир мааниси акылынан ажыраганда, кырсык басканда деген мааниде. «Канды кара басканда калкы менен кас болот» деген сөз бар.

«Кара башы» дейт. Жалгыз өзү, керт башы деген мааниде. «Калк башына иш түшүп турса, анын кара башын калкалаганы эмнеси?» дейт.

«Кара башына көрүнсүн!» деген да бар. Кырсык, жамандык жалпыга эмес, жалгыз анын жеке өзүнө тийсин деген өңдүү каргыш иретинде колдонулган сөз. «Жаман кудай албагырдын кара башына көрүнсүн!» деп тилдеди дейт.

«Кара боор» деген бар. Өз тууган-туушкандарын билбей, бөлөк-бөтөн, чоочун өсүп калган адамга карата айтылат. «Бөлөк өсүп калган неме боюн салбай, кара боор болуп калат экен» дейт.

Экинчи айтылышы да бар. Таш боор, ырайымсыз, кайрымсыз, адамкерчилиги жок дегендей мааниде. «Азыр адамдардын тагдырын акчага саткан кара боор кишилер көбөйдү» дейт.

Үчүнчүсү - Кедей, колунда жок, жарды, жакыр дегенди да түшүндүргөн. Түгөлбай Сыдыкбековдон мисал тарталы: «Ага кара боор журт илгертен багынып, башын ийип турган» дейт.

«Кара жаак». Чечен, сөзгө мыкты, акындыгы да, сөзмөрлүгү да мыкты адамдарга айтылган. «Кара жаак, жез таңдай, акыным Током келдиңби?» дейт. «Атактуу ырчыны эл жөн эле Калмырза дебестен, Кара жаак Калмырза» дешчү» дейт.

Экинчи мааниси - тилдүү-ооздуу, шакылдаган, тажаал жандарга айтылган. «Жаш келинин кара жаак Каныш келининдей көрбөй кагып-сого берип, көңүлүн калтырып бүттү» дейт.

«Кара жанды карч уруу» деп коёт. Бардык күчүн, бүт мүмкүнчүлүгүн жумшоо, тынбай аракеттенүү, жаны тынбай иштөө. «Кара жанды карч уруп иштеген күндө деле кожоюнубуз жыргата турган түрү жок» дейт.

«Кара жемсөө» деп коет. Жегич, ичкич, паракор, алдым-жуттум дегени. «Кыргызстанды 30 жылдан бери кара жемсөөлөр майкандап келе жатышат» дейт.

«Кара кылды как жарган» дейт. Бардык ишке тең караган, чындыкты бетке айткан, калыс, адилет, туура сүйлөп, түз жүргөн кишилерге айтылат. «Кара кылды как жарган киши экен деп жүрсөм, аның да «өз» деп, «өгөй» деп сорттоп сүйлөйт экен» дейт.

«Каран күн» дейт. Өтө кайгырганда, чочуп кеткенде, аябай катуу корккондо, нааразылыгын билдиргенде колдонулат. «Эмне дейт, каран күн, ошондой болупбу?» дейт. «Алда каран күн ай, жаман болгон турбайбы!» дейт.

Мунун тескерисинче «Каран түн» деген бар. Чоң кырсык, кыйынчылык, оор абалды айтат. «Коронавирус деген эмеси карантин эле эмес, жалпы элдин башына бирдей түшкөн каран түн болбодубу» дейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG