Борбордук шайлоо комиссиясы саат экиге карата үч шаардагы кайра шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 17,06%, тактап айтканда, 105 363 адам катышканын билдирди. Алдын ала эсепке ылайык, Бишкекте 55 515 (13,01%), Ошто 40 695 (26,65%), ал эми Токмокто 9 152 ( 24,02%) шайлоочу келди.
Үч шаардагы кайра шайлоого 26 партиядан 2200дөн көп талапкер катышып жатат.
Ош шаарында түшкө чейин шайлоого байланыштуу мыйзам бузуу катталган жок жана коомдук абал көзөмөлдө. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Жергиликтүү милициянын билдиришинче, шайлоо өнөктүгү башталгандан бери 27 кайрылуу келип түшкөн.
"27 иштин жетөө добуш сатып алууга байланыштуу. Алардын көпчүлүгүнүн иликтөө иштери аяктап, сотко өтүү алдында турат. Калган 20 иш далилдөөнү талап кылган материалдар. Өткөн шайлоолорго салыштырмалуу тынч өтүп жатат".
Анткен менен добуш берүүгө келген шайлоочуларды тизмеден белгилеп отурган аялдардын видеосу тарады.