"Чоң казат" партиясынын мүчөсү Максат Мамытканов: Акаевдин, Бакиевдин учурда болгон шайлоорду көрдүк. Он жыл жаңы Баш мыйзам менен жашадык. Жашообуз жакшы болуп кеттиби?
"Чоң казат" партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев: Азыр эсибизге келбесек өмүр бою шорубуз катыйт. 15 республиканын курамында болсок эң артта болчубуз. Азыр таптаза гастарбайтер болуп калдык. Азыр 500 миң сом берсек 300 добуш бергиле деп жатат. Бийлик партияларынын эмне кылып жатканын билебиз.