Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:45

Шайлоо: добуштар кол менен саналууда

29-ноябрда түнкү саат 2деги БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 5% босогодон алты партия өттү.

Алар: “Ата-Журт Кыргызстан” – 16,41%, “Ишеним” – 13,17%, “Ынтымак” – 10,62%, “Альянс” – 8,06%, “Бүтүн Кыргызстан” – 6,58%, “Ыйман Нуру”партиясы – 5,93% добуш алды.

Келген шайлоочулардын 2,11% же 26927 жаран “баарына каршы” деген добуш берген.

Парламенттик шайлоого 1 миллион 275 239 жаран келди. Бул шайлоого укуктуу жарандардын 34,43% түзөт.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, талапкер болууга дегенде 381 жаран арыз берип, алардын 330у катталган. Кийинчерээк 47си өз арызы менен, экөө БШКнын чечими менен талапкерликтен чыгарылган.

Ошондой эле 21 партиянын тизмесинде 1004 талапкер депутаттык мандат үчүн күрөштү.

Кыргызстандагы жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет 90 депутатка мандат берилет. Партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Бул жолу шайлоочулар эки бюллетень менен добуш берди.

21:36 28.11.2021

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШКнын сайтында 1 миллиондон ашуун добуш бийликчил төрт партияга бөлүнүп калганын сынга алды:

"Мына көрдүңүздөр, бир аз убакыт мурда эле БШК жалпы 1,2 млн. чамалуу шайлоочу добуш берди деп маалымат берип жаткан. Мына, азыр көрүп турасыздар, бийликчил төрт партия миллион чамалуу добуш алды деген маалымат пайда болду. Калган үч партияга 200 миң добушту кантип бөлүп берет? Мен шайлоо учурунда бийликтин - эки достун жана элдин таймашын гана көрдүм. Азыр эми кечээ пайда боло калган төрт партия ийгиликке жетишип жатат".

Мадумаров аралаш система менен шайлоого добуш берүүнү шайлоочулар түшүнбөй калганын да кошумчалады.

Добуш берүү аяктагандан кийинки алгачкы баштапкы жыйынтыктарда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы 11,13% жеткени кабарланган. Көп өтпөй Боршайкомдун сайтындагы добуштарды саноо системасы үзгүлтүккө учурады. Андан кийинки көрсөткүч боюнча "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы 6,82% добушка ээ болду.

21:48 28.11.2021

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктагандыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Мамлекет башчы бул шайлоо элдин, Баш мыйзамдын талабына жана эл аралык ченемдерге ылайык, акыйкат өткөнүн белгиледи.

Административдик ресурс колдонулбаганын айтты. Ал шайлоого катышкан жана белгилүү себептер менен катыша албай калган бардык саясий күчтөргө кайрылып, "тынчтыкты, туруктуулукту бузам деген аракеттер болсо, андай жарандарга катуу чаралар көрүлө" турганын айтты.

21:48 28.11.2021

Кыргызстанда 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% чектен өттү. Бул электрондук үкөктөрдүн автоматтык эсебинин болжолдуу жыйынтыгы.

Саат 21:00га карата 2000ден ашуун шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түштү. Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси бар.

Алдын ала жыйынтык боюнча алты партия беш пайыздык чектен өттү:

  • "Ата-Журт Кыргызстан" - 16.93%
  • "Ишеним" - 13,57%
  • "Ынтымак" - 10,89%
  • "Альянс" - 8,29%
  • "Бүтүн Кыргызстан" - 6,78%
  • "Ыйман нуру" - 6,04%

Добуш берүү саат 20:00дө токтотулгандан кийин бир саат аралыгында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасы бир саамга иштебей калды. Ага чейинки жарыяланган эсепте 10 партия 5% чектен өтүп, бирок жалпы добуштар кошкондо 150% ашып кетип жаткан. Системадагы маалыматтар жаңылангандан соң бул көрсөткүч 89% түшүп, босого чектен өткөн партиялардын саны да кыскарды.

21:55 28.11.2021

Өмүрбек Текебаев: Сыртынан баары жакшы дегени менен жең ичинен мыйзам бузуу болгону көрүнүп турат. Биз өзүбүз сурамжылоо жүргүзгөндө бийликчил партиялар "Ата Журт-Кыргызстан" болбосо калганы 4% жеткен эмес. Эл аларды билген да эмес. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайты өчүп, кайра күйгөндө добушубуз азайып кетти.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG