Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата ачылган добушканалар жабылды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) азырынча канча адам добуш бергени тууралуу соңку, саат 20.00гө карата маалыматтарды бере элек.
Саат 18:00гө карата добуш бергендердин саны 28,36% болгон. Ал эми бир мандаттуу округдарда бул көрсөткүч 28,66% түзгөн.
Бул жолку өнөктүк жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыркы парламенттик шайлоонун ордуна өткөрүлүүдө. Былтыр саат 18:00гө карата элдин шайлоого катышуусу 45,26% болгон.
Кыргызстанда 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышкан партияларга берилген добуштардын баштапкы жыйынтыктары чыга баштады.
Саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түштү. Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси бар.
Алдын ала жыйынтык боюнча 10 партия 5 пайыздык чектен өттү:
- "Ата-Журт Кыргызстан" - 29,03%
- "Ишеним" - 24,09%
- "Ынтымак" - 20,69%
- "Альянс" - 14,47%
- "Бүтүн Кыргызстан" - 11,15%
- "Ыйман нуру" - 10,19%
- "Эл үмүтү" - 8,90%
- "Азаттык" - 7,90%
- "Социал-демократтар" - 6,32%
- "Ата Мекен" - 6,45%