Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 28-ноябрдагы парламенттик шайлооонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү акцияга чыкты.
29-ноябрга караган түнү Бишкекте “Ата Мекен”, Социал-Демократтар, “Азаттык” жана “Улуттар Биримдиги” партияларынын өкүлдөрү чукул маалымат жыйын өткөрүп, күндүз БШКнын алдында нааразычылык акциясына чыгарын билдирген.
Чогулгандар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, эмне себептен БШКнын сервери 40 мүнөт иштебей турганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү талап кылышууда.
БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгаруудагы окуяны "механикалык мүчүлүштүк" деп бүгүн саат 16:00гө жакын саясий партиялардын өкүлдөрүнө жана журналисттерге маалымат бере турганын билдирди.
Боршайкомдун үч чоң катачылыгы:
Биринчиси - эсептөөнү өздөрү үчүн башка, эл үчүн башка кылып жасап, эки башка көрсөтүү чечимин кабыл алышы. Түндө баштапкы саноодогу өйдө-төмөндүктү ушуну менен түшүндүрүү аракети болду, өзүбүздүн сервер сонун эле иштеп жатат, эл үчүн жөнөкөйлөштүрүп койгонубуз бузулду, формула туура болбой калыптыр деп. Буга эч ким ишенген жок. Элди түшүнөт-түшүнбөйт, оңой кылалы дебей эле өздөрү эмнени көрүп турган болсо элге деле ошону көрсөтүү керек эле. Алар түшүнгөн эл түшүнбөй калмак беле, түшүнмөк эл деле.
Экинчиси - катачылык даана болуп, аны өздөрү байкашкандан кийин унчукпай оңдой салбай, ошол бойдон оңдобой коюп коё туруп коомго ачык айтуу керек болчу, дааналап көрсөтүп, мына карагыла, бул жерде ката кетип жатат, формула бузулуптур, азыр оңдоп кайра коёбуз, тынчсызданбай чыдап турууну суранабыз - деп. Сервердин мониторун өчүрө салып, кайра тап-такыр башка маалыматты коё салуу чоң шек жаратып салды.
Үчүнчүсү - болору болуп, боёсу кангандан кийин буйталактап жымсалдабай түз айтуу керек болчу. Улам бирди айтып, аягы барып "хакердик атака" дегенге такай салуу дагы коомдо ишенбөөчүлүктү күчөтүп койду.
Чынын айтканда, мына ушул үч ката шайлоо түзүмүнө, шайлоонун уюштурулушуна жана жүрүшүнө эми-эми пайда болуп келе жаткан ишенимге оңолбой турган доо кетирип койду көрүнөт. Эми бардыгы туура болгон деп далилдеш кыйын. Муну моюнга алуу зарыл.
Шайлоого нааразы болгондор митингге чыкты:
Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйыны түштөн кийинкиге жылдырылды.
Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова саат 11:00дө басма сөз жыйынын өткөрөрүн "Твиттердеги" баракчасына жазган. БШК маалымат жыйыны саат 12:00гө белгиленгенин билдирген. Бирок убактысы дагы өзгөргөнү белгилүү болду.
БШКнын басма сөз кызматы маалымат жыйыны качан өтөрү азырынча белгисиз экенин, кошумча маалымат бериле турганын билдирди.