Орусиянын Якутск шаарындагы №9006 участкасында бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоо жыйынтыкталды. «Ынтымак» партиясы алдыда, «Ишеним» менен «Ыйман Нуру» алдыңкы үчтүккө кирди.
Орусиядагы добуш берүү кандай өттү?
Депутат Айбек Осмоновдун байкоочулары Ош ТВнын журналистине интервью алып атканда кол көтөрүштү. Милиция бул фактыны каттоодон баш тартты.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулардын эң көбү Бишкекте - 92 учур катталган, Чүй облусунда - 74, Жалал-Абад облусунда - 43, Ысык-Көлдө - 39, Ош облусунда - 23, Нарын облусунда жана Ош шаарында 20дан, Баткенде - 10, Талас облусунда - 6 мыйзам бузуу катталган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) добуш берүү күнү мыйзам бузуу боюнча 15 билдирүү түшкөнүн кабарлады. Анын ичинде белги коюлган беткаптар боюнча дагы маалымат бар. Түшкөн бардык фактылар боюнча териштирүү жүрүп жатат, кошумча маалымат берилери айтылды.
"Жалпы иш" коомдук фонду парламенттик шайлоо күнү саат 16:00га чейин 33 мыйзам бузуу болгону тууралуу билдирүүлөр келип түшкөнүн кабарлады.
Анын ичинде бюллетендерди кайра саноо болбогону, участкалык шайлоо комиссиясынын отуруму өтпөгөнү, добуш берүүнүн купуялуулугун бузуу, байкоочуларга кысым, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, эсептөөчү үкөктүн иштебей калышы, партиялардын тизмесин жазуудагы техникалык ката, шайлоочунун ордуна башка адам добуш бергени жана башка көрүнүштөр бар.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү учурунда прокуратура органдарына жалпысынан 68 кайрылуу, арыз түшкөн. Анын ичинен үчөө гана добуш берүү күнү келгенин Башкы прокуратуранын өкүлү Мирлан Майтпасов брифингде билдирди.
Парламенттик шайлоонун жүрүшүнө көз салып жаткан "Клооп Медиа" коомдук фонду 28-ноябрь, саат 19:00га карата 357 мыйзам бузуу катталганын билдирди. Ага ылайык, мыйзам бузуулар эң көп Бишкекте, Чүйдө жана Жалал-Абад облустарында катталган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жетекчи орун басары Тынчтык Шайназаров бүгүнкү шайлоодо добуш берүү деңгээли былтыркы парламенттик шайлоого салыштырганда төмөнүрөөк болуп жаткан себептердин негизгиси форма №2ге байланыштуу деп эсептейт. Мындай пикирин ал 28-ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты:
“Мурунку шайлоодо №2-форма деген ыкма колдонулган. Ал мыйзам уруксат берген ыкма болчу. Ошондо 500 миңге жакын жараныбыз катталган жеринде эмес, башка жерлерде добуш берди. Муну менен биз эмнени айтсак болот? Ошол 500 миңдин тегерегиндеги шайлоочу жапырт түрдө шайлоо участокторуна ташылып барган. Азыр мыйзам менен бул нерсеге чектөө коюлган. Ошондуктан, себептердин бири деп ушул нерсени эсептейм”.