Сахалин аймагындагы добуш берүү аяктады. Жыйынтыктар боюнча "Бүтүн Кыргызстан" партиясы алдыда.
Кыргызстанда бүгүнкү парламенттик шайлоодо республикалык бирдиктүү шайлоо округунан саат 16:00гө карата добуш бергендердин саны 22,39% болду. Ал эми бир мандаттуу округдарда бул көрсөткүч 22,54% болгонун Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Бул жолку өнөктүк жыйынтыгы жокко чыгарылган былтыркы парламенттик шайлоонун ордуна өткөрүлүп жатат.
Былтыр саат 16:00гө карата элдин шайлоого катышуусу 36,81% болгон.
Кыргызстан боюнча шайлоого катышкандардын саны. Саат 16:00го карата БШКнын маалыматы
Талас шаарындагы "Шанхай" жаңы конушунда шаардык кеңештин депутаттарынын бири акча таратып жатат делген маалымат такталган жок. Бул тууралуу "Азаттыкка " облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Анын алдында Фейсбукта Назар Абдыкадыров аттуу колдонуучу "Дөө" деген каймана ат менен таанымал жергиликтүү кеңештин депутаты "Шанхайда" акча таратып жатканын жазган.
Бул маалымат реестрге катталып, текшерип-иликтөө жүргүзүлгөн. Милиция арызда айтылган шаардык кеңештин депутатынын аты-жөнүн атаган жок. Ошондой эле бул маалыматты жазган социалдык тармактын колдонуучусунун дагы тек-жайы такталбаганын маалымдады.
Аймактык шайлоо комиссиясынын билдиришинче, азырынча добуш берүүдөгү мыйзам бузууларга байланыштуу жазуу түрүндө арыз-даттануу түшө элек. Бирок шайлоочуларды ташыган учурлар тууралуу оозеки кайрылуулар болду.