Жогорку Кеңештин депутаттарынын катары жаңы депутат менен толукталды. Ниязбек Арзыбаев "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан келди.
Садыр Жапаров: Мекенибиз кыйын кырдаалды баштан кечирип жатат. Акыркы күндөрдөгү окуялар баарыбызды ойлондурушу керек. Балким бул сөздөрүм катуу тиет, бирок кызмат талаштын айынан мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаралды. Укуктук талаага кайтууга аракет кылыңыздар.
Садыр Жапаров: Абал ушундай катуу болуп тургандыктан өкмөттүн курамына өзгөртүү киргизген жокпуз.