Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлады

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Кыргызстандын өкмөт башчысы болуп шайланды.

Садыр Жапаров өкмөттүн программасы да, курамы да азырынча өзгөртүлбөй турганын, азыр иштеп жаткандардын баары ордунда кала берерин билдирди.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул өкмөттүн курамы менен иштебей турганы белгилүү болду.

Садыр Жапаров Кумтөр кенин мамлекетке кайтаруунун зарылчылыгы жок экенин ушул жыйынында айтты. Ал бул идеяны сегиз жыл мурда көтөргөнүн, азыр анын мааниси кеткенине токтолду.

Журналисттердин бир топ суроолоруна жооп берди.

18:56 10.10.2020

Айнура Алмазбекова: Садыр Нургожоевич, айтыңызчы. Коомчулук талап кылып атат, жаңы премьер-министр шайлоого барбасын деп жатат. Сиз барасызбы же барбайсызбы?

Садыр Жапаров: Эл талап кылып атса барбайм.

18:51 10.10.2020

Марлен Маматалиев: Суроо-жоопту азайтып батыраак суроо бердирип, батыраак колдоп берели.

18:51 10.10.2020

Алтынбек Сулайманов: Азыр президент арызын жазып берем деди.

6-ноябрга чейин Боршайком шайлоону милдеттүү жарыялашы керек. Буга позицияңыз кандай?

Садыр Жапаров: Сүйлөшүп чечиш керек. Акыбал ушундай болуп жаткандан кийин сүйлөшүп чечели. Бир аз узарышы керек.

Алтынбек Сулайманов: Андай кылганга акыбыз жок.

Садыр Жапаров: Эл бир мандаттуу болсун деп жатат. Сиз шайлоону эрте өткөрөлү деп жатасызбы?

Алтынбек Сулайманов: Ал менин каалоом эмес. Конституцияда ошондой. Биз аны чече албайбыз.

18:46 10.10.2020

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG