“Де-факто” гезити саясат таануучу Марс Сариевдин “Оппозициянын планы ачыкка чыгып калды, эми ал жүзөгө ашпайт” деген маегин басты.
Саясат таануучу өздөрүн оппозициябыз деген саясатчыларда элди өзүнө тарта турган “жылдызы” же азыркылардын тили менен айтканда “харизмасы” жоктугун, Равшан Жээнбеков башында турган төрт саясатчы элди ээрчите албастыгын, анын үстүнө өлкөдө баягыдай революциялык кырдаал жоктугун, Келдибеков менен Мырзакматов кошулганда деле артынан жоон топ элди жыя албастыгын ушунун өзү эле алардын кадыр-баркы канчалык экенин айтып турарын билдирди.
“Жаңы агым” гезити бүгүнкү санын Олжобай Шакирдин “Биге кандай прокурор керек эле?” деген макаласы менен ачты. Депутат Өмүрбек Текебаев “Улуттук биримдиктин жоктугунан Кумтөрдү чече албай жатабыз” деп маек курду.
Мындан тышкары Мелис Совет уулунун “Энергия Токтогул ГЭСинде эле эмес, тоо сууларында да толтура” деген макаласы, Тынчтык Алтымышевдин “Залкарбанктын” мурдагы башчысы Максат Ишенбаев менен “Бажы биримдиги экономикалык эмес эле саясий долбоор” деген интервьюсу бар.
“Алиби” гезити Аида Салянова Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда сүйлөп: "Мен убактылуу тайм-аут жарыялаганга мажбур болдум. Мага кызмат ордумда калуу үчүн көп нерсе жасоону сунушташты. Мен айрым маселелерди ачыкка чыгарбай, өзүмдү зордоп араң карманып турам. Жакынкы убакта өткөн иштер менен келечек пландарым жөнүндө өзүмдүн оюмду айтам. Мен силердин колдооңорду күтөм. Мен билем, силердин артыңарда өлкөнү көгөртө алчу чоң күч бар” деп айтканын кабарлап, экс-прокурордун тайм-ауту канчага созулар экен деп суроо койду.
“Алибинин” ушул эле санына саясатчы Акылбек Жапаровдун “Мен орустарга, алардын экономикасына каршы эмесмин, болгону кыргыздын кызыкчылыгы корголсун деп жатам” деп маек курду.
Улуттук университеттин окутуучусу, тил илиминин доктору, таланттуу тилчи Жеңишбек Чымановдун кыргыздын тил илимине сиңирген мыкты эмгеги тууралуу окутуучу Сыдыкбаеванын макаласы да ушул басылмада.
“Фабула” гезити Айбек Шамшыкеевдин “Майданыңардын” мамлекетибизге кереги жок” деген макаласын тартуулады. Меңдибек Асылбеков кылмышкер катары айыпталып, бири чет өлкөдө жүрсө, бири түрмөдө “жүргөн”, өздөрү “жүрбөй” калганы менен алардын Жогорку Кеңештеги айлыктары “жүрүп” турганын, мисалы Акматбек Келдибеков иштебесе деле 1 жыл 2 айда 1 млн. 120 миң сом айлык алганын, Түлеев болсо түрмөдө жаткан 2 жыл 7 ай ичинде 1 млн. 700 миң сом айлык алып турганын бүгүн кыргыз элине, айрыкча кыйналып жашагандарга, иш таппай “кул базарда” жүргөндөргө, деги эле акыл-эси бар адамдарга түшүндүрүп берүү мүмкүн эместигин, мындай укмуштар биз сыяктуу бийлик машинасы иштебей калган гана өлкөлөрдө болорун, Ак үйдүн болсо 7-кабатка чыгары менен эле көзү эч көрбөй, сезими дүлөй, денеси дудук болуп каларын кейип кеп кылды.
“Айбат” гезити аркылуу саясат таануучу Чынара Эсенгулованын “Оппозициячылардын АКШга жөн гана консультация алганы кеткенинен күмөнүм бар” деп шекшип, тынч жаткан Украинаны акыры канга бөлөп жаткан “майданынан” кудай сактасын, эки революцияны башынан өткөрүп, бүгүн тынч жашоодон кымбат эч нерсе болбой турганын түшүнгөн элибизди көчөгө алып чыгуу мүмкүн эместигин, бирок эл дагы эле акчаны ээрчип кетери барын, андыктан акчанын кайдан келип жатканын көзөмөлгө алуу керектигин, туруктуулук гана өлкөнүн, элдин өнүгүүсүнө эң чоң себеп болорун бизге башкаларды кой Казакстан көргөзүп жатканын, Украинадагыдай абалды кыргыз элине, кыргыздын бир дагы кыз-жигиттерине каалабай тургандыгын айтты.
“Кыргыз туусу” гезити Кыргызстанда 100 миңдей бала мектепке барбай тургандыгын, азык-түлүктүн 65 проценти сырттан ташылып келерин кабарлап, экономика министри Темир Сариевдин “Кубаттуу экономикага туруктуулук, инвесторго кепилдик керек” деген аталыштагы интервьюсун тартуу кылды. Ушул эле гезиттин бүгүнкү санына Ата Мекендик согуштан кайтпай калган, ал тургай дайынсыз жок болду деп дарек-дайыны билинбей калган кыргызстандык жоокерлердин ысымдары табылганын маалымдап, алардын тизмесин жарыялады.
Мырзакат Тыналиевдин макаласы жаңы курулуп жаткан үйлөргө арналып “Жаңы алган үйүң сүйүндүрбөй эле күйүндүрбөсүн” деген ат менен жарык көрдү.