Иши жүрүшкөн ишкердиктен чоң саясатка аралашууга Бакыт Төрөбаев жакшы мисал боло алат. Келгендердин баары менен тил табыша билген жөндөмү «Ак жол» партиясынын депутаты, Бакиевдин тушунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеген Төрөбаевге апрель революциясынан кийин деле саясатка калуусуна шарт түздү.
2010-жылы киргизилген парламенттик башкарууну сындап, "коалициялык эксперимент ишке ашпай калды" деп айтканы белгилүү.
Кесиби боюнча экономист Төрөбаев эмгек жолун 1995-жылы "Жамиля и К" мунай компаниясын жетектөөдөн баштаган. Бул компания май куюучу жайларды куруу жана күйүүчү май сатууга ыңгайлашкан эле. 1998-1999-жылдары Төрөбаев айыл чарба азыктарын өндүргөн "Азия-Сузак" дыйкан чарбасын жетектеген. 2000 - 2007-жылдары «Мариям» ун комбинатын жетектеген. Мариям - Төрөбаевдин апасынын аты.
Төрөбаев саясатка парламент аркылуу аралашты. 2007-жылы бийликтеги «Ак жол» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал кезде Төрөбаев бул партия өлкөнүн коомдук-саясий абалын турукташтырды, оппозиция калк арасында колдоого ээ боло албайт деген көз карашта эле. 2009-жылы ал капыстан эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жетекчиси болуп дайындалган, бул маалда министр Камчыбек Ташиев менен өкмөт башчы Данияр Үсөновдун ортосундагы келишпестиктин айынан жооптуу орун бош калган болчу.
Төрөбаев ӨКМди жарым жылга чукул жетектеди. 2010-жылкы революциядан кийин саясатчы өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Аны Кыргызстанга чакырган «Республика» партиясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов болгону айтылып жүрөт. Саясий чөйрөдөгүлөрдүн ырасташынча, Төрөбаев качып кеткен президенттин айланасындагы адамдарды коомчулук кодулайбы деп чочулап, Бабановдун сунушуна дароо эле жооп берген эмес.
("Азаттыктын" архивинен: 14.04.2015)
Жетекчилик дымак Төрөбаевде 2013-жылдан тарта билине баштаган, анын парламенттеги төрт санаалашы “Республика” фракциясынан чыгып, “Өнүгүү” деген депутаттык топту түзүшкөн. 2015-жылы ушундай аталыштагы партия парламентке кирди.
Салмактуу саясатчылар Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибеков менен биригип, «Кайра жаралуу» партиясын түзүү Төрөбаевге президенттик шайлоодо түштүк аймактын шайлоочуларынын добушун алууга шарт түзмөк. Бирок “төртилтик” бирдиктүү талапкер тандоодо бир пикирге келе албай, ажырап кеткени маалым болду.