Анткени президенттин сөзү шайлоо өнөктүгүнүн учурунда спикер Дастан Жумабеков баштаган бийлик адамдары катышкан, коомчулуктун бир бөлүгүндө мыйзам бузуу катары бааланган окуялар эл арасында жана Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) талкууланып жаткан убакка туш келди. Бир катар адистер быйылкы парламенттик шайлоону акыркы он жылда болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуу менен өтүп жатат деп эсептешет.
Президент Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосунун» кезектеги суроолоруна жооп берип, шайлоодо кандай гана мыйзам бузуу болбосун, баарына, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына чара көрүлөрүн айтты. Бирок андай мыйзамсыз иштер боюнча реалдуу фактылар жок экенин билдирди:
«Тилекке каршы, биздин шайлоочуларыбыз имиш-имиш сөздү талкуулап, укук коргоо органдарына «мага «добушуңду сат» деди» деп кайрылган учурлар болбой жатат. Эл арасында «ушул партия ушинтип жатыптыр, бул партия сатып атыптыр» деп айтышат, ал сөздөрдү мен угуп жатам. Органдар иштеп жатат, бирок ушул боюнча кайрылган факт жок».
Жээнбеков партиялар шайлоочулардын паспортторун чогултуп жатканы тууралуу да кабардар экенин, «акчанын бир бөлүгүн азыр, калганын кийин беребиз» деген сөздөр бар экенин айтты. Бирок паспортун партияларга бергени тууралуу да айтып, кайрылган киши жок экенин кошумчалап, жарандарга документти эч кимге бербөөгө чакырды.
«Далил суроо аябай оңой»
Укук коргоочу Динара Ошурахунова президенттин «добуш сатып алуу тууралуу фактылар жок» дегенине кошулбайт. Ал коомчулукта кызуу талкууланып жаткан спикердин сүйүнчү маселесин мисал келтирди. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун Таластагы жаңы көз жарган келинге 50 миң сом көрүндүк берген окуясында БШК «Кыргызстан» партиясына эскертүү беришин ал жеңил гана чара деп эсептейт.
«Эң эле айкын далил - спикер Дастанбек Жумабековдун окуясы, - деди ал. - Өзү «Кыргызстан» партиясынан талапкер болуп туруп фондунан акча берди, бул - сатып алуу. Шайлоо мыйзамдарында бул көрүнүш добуш сатып алуу катары жазылган. Бул окуяны карабай туруп эле, андан кийин президент чыгып алып «далил жок» деп сүйлөп жатат. Анын сөзү бул учурдан кийин куру сөз болуп калып жатпайбы. Анткени эгер мыйзамдуулук болсо спикердин шайлоодогу талапкерлиги алынып же парламенттин төрагалыгынан кетиши керек болчу. Чыгып алып эле «далил жок, далил бербейсиңерби» деп койгон аябай оңой да. Далил айткандарды күч органдары жүдөтүп кайра-кайра суракка чакырса анан көрүп жатса да көзүн жуумп коюшат да. Укук коргоо органдары иштегенди билбейт, бирөө келип аларды камчыламайынча иштешпейт».
«Далилдерди элден сурабай, өздөрү тапса...»
21-сентябрда «Кыргызстан» партиясынын эле үгүт маалында мыйзам бузганы боюнча БШКга үчүнчү арыз түштү. Арыздардын экөө «Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы төрагасы Айтмамат Назаровго байланыштуу. Буга чейин «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкерлигин койгон Иса Өмүркуловдун Ысык-Ата районунда мугалимдер менен жыйын өткөргөнү, Араван районунда «Биримдик» партиясынын үгүт жыйынына мугалимдер катышканы тууралуу да маалыматтар чыккан.
Ошондой эле шайлоодогу добуш сатып алуу, №2 форманы алдын-ала толтуруу жана паспорт чогултуу боюнча социалдык тармактарга ачык айтып, пост жазган активисттер, мыйзам бузуу жөнүндө маалымдаган жарандар ички иштер органдарына чакырылып, күбө катары суракка алынган учурлар да кездешүүдө. Бул жарандар укук коргоо органдары алар айткан фактыларды иликтеп, далилдегендин ордуна өздөрүн суракка алып жатышканына нааразы.
Саясий серепчи Эмил Жороев шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча далилдерди бийлик жалаң эле жарандардан талап кылып жатканын туура көргөн жок:
«Президент жана тиешелүү органдар аларга мыйзам бузуу боюнча жарандар барып, далилдерди көрсөтүп беришин күткөнү туура эмес жана андай болбошу керек. Шайлоодогу добуш сатып алуу, мыйзам бузуу фактыларын укук коргоо органдары өздөрү издеп, таап, далилдеп, сотко чейин алып барышы керек. Себеби мыйзамсыз учурларды токтотуу - биринчи кезекте аны коргогон органдардын милдети да! Жарандардан далилдерди күтүп отурганы туура эмес. Ушунун айынан азыр керек болсо ошол президенттин өзүнө да бир топ суроолор жаралып жатпайбы. Эл көргөн далилдерди эмнеге президент же укук коргоо органдары көрбөй жатабы дегендей...»
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, добуш сатып алуу же сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Жазык кодексинин 192-беренеси боюнча добуш сатып алган адамга 220 миңден 260 миң сомго чейин айып салынат же болбосо 2,5 жылга кесилет. Добушун саткан адам да ушундай эле жазага тартылат.
БШКнын мурдагы мүчөсү Жаркын Бапанова буга чейин шайлоолорго салыштырмалуу бул ирет добуш сатуу жана сатып алуу боюнча мыйзам бузуу ачык эле болуп жатканын айтат. Ошентсе да ал ар бир учур боюнча БШК иликтөө жүргүзүп, аныктаганга аракет кылып жатканын билдирди:
«Добуш сатып алуу мурда ачык билинчү эмес, кээде угуп гана калчубуз. Мурдагы шайлоолордо баары жашыруун болот эле. Азыр эми партиялар ачык эле сатып алып жатышат. Көчөдө, социалдык тармактарда баары чыгып жатпайбы. «Баланча партия мынча берет, түкүнчө партия тигиндей таратты» дегендер азыр жашыруун болбой калбадыбы. Анан калса көп кабаттуу үйлөрдө үйком башчылары шайлоо маалында укмуш эле иштеп жатышат. Партиялар бул шайлоону бизнеске айлантып жиберишти. Бирок БШКда мен көзөмөлчү катары иштеп жаткандыктан, алар мыйзамсыз учурларды калтырбай иликтегенге аракет кылууда деп ишенимдүү айта алам».
Башкы прокуратура 18-сентябрда шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча жалпы 21 учур катталганын, анын баары ички иштер органдарына өткөрүлүп, кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилгенин маалымдады. Бирок укук коргоо органдары мыйзам бузулган учурлар боюнча кандай укуктук чара көрүп жатканы тууралуу маалыматтар жокко эсе.