Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

«Скифтербиз! Азиатпыз, түгөнгүс!»


Биздин замандын II кылымында жасалган скифтердин билериги.
Биздин замандын II кылымында жасалган скифтердин билериги.

Айтылуу орус акыны Александр Блоктун эки ырын Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин котормосунда сунуш кылабыз.

Скифтер

Панмонголизм! Хоть имя дико,

Но мне ласкает слух оно.

(Владимир Соловьев).

Силер - мильон. Биз - түмөнбүз, түмөн, түмөн, түмөнбүз,

Эр болсоңор, салгылашка чыккыла!

Скифтербиз! Азиатпыз, түгөнгүс, түгөн, түгөн, түгөнгүс,

Кыйгач көзбүз, ач көзбүз биз, уккула!

Силер кылым жүргөн жолду көз ирмемде басканбыз,

Биз билебиз жердин кантип онтошун.

Жаңжал чыкса болтурбастан тосуп турган калктанбыз,

Монгол менен Европанын ортосун!

Эски көөрүк чыңап туруп кылымдарды кылымга,

Көчкүлөрдүн үнүн жапкан кубаты.

Силер үчүн бир жапайы жомок болгон чынында

Лиссабондун, Мессинанын кулашы!

Жүз жыл бою Чыгыш жактын сары изине түштүңөр,

Найза, темир, жакуттарын талашып.

Жүз жыл бою замбиректи орноткончо күттүңөр,

Октоп туруп оозун бизди каратып!

Александр Блоктун зыйнаты. Архивдик сүрөт.
Александр Блоктун зыйнаты. Архивдик сүрөт.

Келди кезек. Азап-тозок, алай-дүлөй от коёт,

Ыйлап-боздоп канча жолу какшаба,

Таш мунара шаарларыңдын изи калбай жок болот,

Сарациндик Пестум тургай башка да!

Оо сен, дүйнө! Көрөр күнүң, ичер сууңду кемитпей,

Чөккүчөктү каргыш тийген кайгыңда,

Акыл чайкап сабыр кылгын, даанышманың Эдиптей,

Сфинкстин акылынын алдында!

Россия - Сфинкс бул. Кол чапкылап, аза күтүп экчелип,

Каны кайнап кайра сенин жүзүңөн,

Тиктейт, тиктейт, көзүн албай, ушунчалык жек көрүп,

Жек көрүп да, сүйүп дагы ичинен!

Сүйүүнү да сүйүш үчүн сүйүү керек биздикиндей буюккан,

Жансыз ташты жалын кылган, от кылган!

Силер дагы жансыңарбы, бул дүйнөдө сүйүү барын унуткан,

Сүйүү келсе өрттөп, жагып, жок кылган!

Биз сүйөбүз - ысык күндүн, кара нөшөр түндүн билбей эсебин,

Жараткандын тартуу кылган бүт күнүн.

Галлдыктардын ойлору курч, сүйлөгөндө сөзгө чечен экенин,

Германдардын генийлигин, түнттүгүн.

Бардыгы эсте - Париждеги көчөлөрдүн жан чыдагыс тозогу,

Веницьяндын мээлүүн жели чалкыган.

Лимондуу токойлордун жыпар жытын төккөн аруу озону,

Көлн шаардын эбегейсиз түтүн, ышы калкыган...

Биз сүйөбүз - чөптү, гүлдү, жазмыштагы жалганы жок чындыкты,

Жытын, даамын ажал өтчү жолдордун.

Көмүлбөгөн сөөгүңөрдү кайра жыйнап көмгөнүбүз кылмышпы,

Биздин жумшак, зыл ташындай колдордун?

Биз тизгинди бошоткондо, жер үстүнөн жетпейт бир да кишиңер,

Азоо-кежир шамал калат такымдап.

Аттан алып түшөм десең, анда чындап бүттү дей бер ишиңер,

Кул кылганга, кана, кимдер батынат?..

Келгин бизге! Согуштардын азабында кан кечкендер кол-бутсуз,

Тынч күндөрдүн кучагына тололу!

Кандын даты сиңген эски бычагы жок, кылычы жок, кордуксуз,

Мындан ары чындап тууган бололу!

Эгер буга көнбөсөңөр - таарынбагын, анда бизге баары бир,

Бет карашкыс жолдор менен түшөбүз!

Кылымдардан кылымдарга очорулуп, турбагыдай дагы бир,

Тукумуңду тамырынан үзөбүз!

Биз түмөнбүз, тоо-токойдо, талааларда, аска-зоодо, суудабыз,

Европа эмес, Жер үстүнөн эч кимге,

Баш бербейбиз, биз силерди апкелебиз, кайра баштан жуурабыз,

Азиялык кебетеге-кешпирге!

Жөнө баарың, жөнөгүлө, азырынча жайгашкыла Уралга!

Согуш болчу жерде бир жан болбосун.

Толтурабыз машинага, болоттордон куйган темир куралга,

Монголдордун орнотобуз ордосун!

Душман келип кыргын салып, басса дагы шаарыңды өрттөп көптөгөн,

Калкан болбойт эми биздин денебиз.

Кан төгүлүп жатса дагы аттан түшпөй кылырайган көз менен

Кам санабай карап тура беребиз.

Чегинбейбиз, кутурган гунн ээр-токумчан жашооңорду жайдак аттай будалап,

Өлүктөрдүн чөнтөктөрүн тоноп, сууруп чачса да,

Чиркөө менен шаарларды өрттөп, үйүр-үйүр жылкыларды аркы-терки кубалап,

Европалык адамдардын этин кууруп жатса да!

Эски дүйнө, каргыш тийгир! Акыркы ирет - көзүңдү ачкын, ойгонгун!

Тынчтык, Эмгек, Бир туугандык - кылымың!

Акыркы ирет, биздейлерге биримдиктин зарылдыгы жаткандыгын ойлонгун,

Баскынчынын чакырыгында ырынын!

Күзгү күү

Жолго чыктым, ачык мейкин, ак кашат,

Жел желписе бели ийилет бадалдын.

Жантаймада сынып калган таш жатат,

Саргыч чопо кармап турат жар алдын.

Күз сейилдейт нымдуу жайык учунда,

Бейиттердин өңдөрү да өзгөрүп.

Кызыл четин айылдардын тушунда

Кызыл гүлдөр алоолонот өрттөнүп.

Ана менин, жаштык чагым элирген,

Үндөр, үндөр... бадалдарга жашынат.

Сенин гүлдүү, сенин сайма жеңиңден

Чыккан колдор мени алыска чакырат.

Тааныш жолго азгырган ким өзүмдү,

Түрмөдөгү айнегимден жылмайып.

Же жаңылыш мага окулган өкүмбү,

Же өмүрдүн бүткөнүбү ырдалып?

Эч ким мени чакырган жок, баратам,

Тааныш жолдо жеңил болор аякка.

Мас Рустун үнүн тыңшап таң ашам,

Түнөп чыгам ылжып жаткан кабакка.

Жаш кезди эстеп жүрөк бүгүн ачышат,

Сыздаттым мен канча жолу белиңди.

Эгин талаа, түйшүктөрүң жашытат,

Өмүр бою сүйөм кенен жериңди.

Ошол жерден кенен... ошондон,

Мага жай бер, ким жок акыр өлбөгөн?

Жаштар арбын колу-жолу бошонгон,

Өлгөн, бирок жерин сүйүп көрбөгөн.

(Июль 1905, Рогачев шоссеси)

Кыргызчага которгон Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

30-январь, Таш-Дөбө айылы

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG