Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Жогорку Кеңештеги лоббинин күчү


Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имараты.
Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имараты.

Мыйзамдарды кабыл алууда, эл аралык келишимдерди бекитүүдө азыркы Жогорку Кеңеште лоббизм күчтүү экендиги айтылууда.

Тиешелүү мыйзамдар байманалуу депутаттардын, бийликтеги аткаминерлердин таасири менен кабыл алынабы? Келишимдерди бекитүүдө чоң мамлекеттердин үстөмдүгү болобу? Дегеле лобби ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырыш керекпи? Ушул ж.б.у.с суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздө жооп издедик.

Талкууга Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Чыныбай Турсунбеков жана парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков катышты.

«Азаттык»:​ - Чыныбай мырза, лоббизм - англис тилинен которгондо (lobby – коридор, кулуар) чечим кабыл алуу процессинде жеке тараптардын жана топтордун, уюмдардын таасир кылуу механизми деген маанини билдирет экен. Ушул негизден алганда азыркы Жогорку Кеңештеги кабыл алынып жаткан мыйзамдарга, чечимдерге лоббизмдин таасири канчалык күчтүү же анчалык орду жокпу?

Чыныбай Турсунбеков: - Чынын айтканда Жогорку Кеңеште лобби күчтүү. Мурдатан келе жаткан салтты эске алсак, парламентке президенттик аппарат тараптан жана өкмөттөн келаткан лобби бар. Анан алардан келген сунуштарды, кызыкчылыктарды ишке ашыруу максатында депутаттар тарабынан жасалган лобби болот, аны танууга болбойт.

«Азаттык»:​ - Равшан мырза, эгер кыргыз парламентинде лоббизм болсо алар кандай максатта, кимдер тарабынан жасалат?

Равшан Жээнбеков: - Биз лоббини экиге бөлүшүбүз керек. Биринчиси - коомдун, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалган, сөздүн жакшы маанисиндеги лобби.

Экинчиси - жеке адамдын же бир топтун кызыкчылыгы үчүн жасалган лобби. Алар да өз максаттарын ишке ашырыш үчүн депутаттар аркылуу мыйзамдарды өзгөртүүгө чейин аракет кылышат.

Парламентте бийликтин лоббиси өтө күчтүү, ал өз максаттарына жетиш үчүн керектүү мыйзамдарды өткөргөн учурлар катталган. Ишкерлердин да лоббиси болот, анын да жакшы жана жаман жактары бар.

Үчүнчүсү - сырткы күчтөрдүн биздеги чечимдерди кабыл алууга багытталган лоббиси күчтүү десек болот. Өзгөчө баса белгилеп айтсам, Кыргызстанга Орусиянын таасири чоң. Ал мамлекеттин биздин парламентте кызыкчылыгы бар.

Төртүнчүдөн, коомдун, элдин кызыкчылыгы үчүн жакшы мыйзамдарды кабыл алууга үндөгөн, атайын аракеттерди жасаган парламенттин сыртындагы коомдук-саясий уюмдар, жеке адамдар, саясатчылар да лобби кылат.

«Азаттык»:​ - Чыныбай мырза, мындан эки жыл мурда парламентте эгинге, унга байланыштуу салыктар жөнүндө маселе каралганда анын кабыл алынышына сиз баш болгон бир топ депутаттардын лоббиси болгонун айтышты эле...

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Чыныбай Турсунбеков: - Лоббинин терс жана оң жактары да болот. Өнүккөн көп өлкөлөрдө лобби жөнүндө мыйзамдар бар.

СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн ичинен жалгыз Литвада гана «Лобби жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясында ага кирген мамлекеттерге үлгү катары «Лобби мыйзамынын» долбоору иштелип чыгып сунуш кылынган. Орусиянын Мамдумасына беш жолу сунуш кылынганына карабай кабыл алынган жок. Башка өлкөлөр деле муну кабыл алууга шашылган жок.

Кыргызстанда мыйзамды кабыл алууга да аракеттер болгон, бирок ишке ашкан жок. Биздин кыргыз коому лоббини терс кабыл алат. Лоббинин максаты, ниети жакшы болгон учурлар да аз эмес. Ушундай абалдан улам кетенчиктеп жатат окшойбуз.

Сөз болуп жаткан унга байланыштуу маселелени парламентте карап жатканда биздин оюбуз, тилегибиз жакшы болчу. Аягында кимдин лоббиси жеңип кетти?

Ошол учурдагы бийликтин колдоосуна таянган казак ишкерлер менен ун ташыган аткезчилердин лоббиси утуп кеткен. Ун маселесин жакшы түшүнгөн мен, депутат Төрөбаев жана бир нече депутаттарды алар тескерисинче элге жаман көрсөтүп, чыгып сүйлөгөндөрүнө чейин жолтоо кылып отурушпадыбы. Ошондо аткезчиликтин артында турган лобби күчтүүлүк кылып кетти. Жакында Токмоктун жанында бажы бекетинде болгон жаңжал - ошолордун жемиши.

Равшан Жеенбеков.
Равшан Жеенбеков.

Равшан Жээнбеков: - Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланышкан документтердин бир күн ичинде үч окуудан тең өткөрүп кеткени – бул парламенттеги накта бийликтин лоббиси. Болгондо да бийликтин мыйзамсыз лоббиси болгон…

«Азаттык»:​ - Чыныбай мырза, Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча кытайлык компания менен чуулгандуу келишим кабыл алынарда Жогорку Кеңештин жыйырмадан ашуун депутаттары, алардын арасында сиздердин да (Чыныбай Турсунбеков менен Равшан Жээнбеков) Кытайга барып эс алып келгенин, баалуу белектерди алганын лобби десек болобу?

Чыныбай Турсунбеков: - Лобби экени азыр көрүнүп жатат. Убагында лобби кылуу максатында жасалып жатканын депутаттардын баары эле биле берген эмес, көбүнүн көзүн байлап киргизишкен, лобби болуп жатканын кичинекей топ билген болуш керек.

Лобби жөнүндө мыйзамдарда эгер жалган маалыматтарды берсең, туура эмес документтерге кол койдуруп алса жаза каралган. Ал эми мыйзамдуу лобби менен иштегендерге керек болсо сыйлык берет. Азыр Кыргызстанда ким лобби жасап жатканын ачык биле албайбыз, аны ушак-айыңдын деңгээлинде гана боолголоп билебиз…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG