Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:22

Оштогу көмөкчү мектеп китепке муктаж


Көмөкчү мектептеги окуучулар үчүн окуу китеби.
Көмөкчү мектептеги окуучулар үчүн окуу китеби.

Оштогу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын №12 көмөкчү мектебиндеги окуучулар 1990-жылдары жарык көргөн китептерди окуп, билим алып жатышат.

Кыргызстан көмөкчү мектептер үчүн окуу куралдарын чыгарбагандыктан алардын баары Орусиядан алынып келет. «20 жыл мурда Орусиядан атайын көмөкчү мектептер үчүн чыгарылган китептер азыркы күндө Кыргызстандын билим берүү тармагына туура келбейт» деп мугалимдер зар какшап жатышат.

Оштогу №12 көмөкчү мектебинин директору Гүлшан Сулайманованын айтымында эскилиги жеткен, бирок ушу тапта пайдаланылып жаткан окуу китептеринин ​алды 1988-жылы Орусиядан келген экен. Бул атайын кесипке багыт берген, майып балдарды кесипке үйрөтүүчү китептер. Акыркылары 2012-жылы келген.

Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көмөкчү мектеби.
Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көмөкчү мектеби.

Мектеп директору Гүлшан Сулайманованын айтымында, Орусиянын билим берүү стандарты Кыргызстандагы билим берүү системасынан кыйла айырмаланат. Бирок ал эскирген китептерге аргасыздан гана күнү түшүп жатканын белгиледи:

- Бул жала эле биздин мектептин көйгөйү эмес. Кыргызстандагы бардык көмөкчү мектептердин негизги көйгөйү - китеп. Ар бир бала өз тилинде окуганды үйрөнүш керек. Бизде тили кемтик балдар бар. Алар өз тилинде сүйлөй албай жатып орус тилин кантип үйрөнүшсүн? Бизде орус тилинен мыкты сабак өткөн мугалимдер бар. Анан балдар орус тилин түшүнбөй жатса мугалимдин аларга орусча сүйлөгөнүнүн эмне кереги бар?

Ушу тапта мектепте 226 окуучу билим алат. Анын ичинен 40 бала мектепте жашап окуйт. Окуучулар да эски эмес, жаңы китеп окугусу келерин айтып беришти. ​

- Менин атым Фатима, көмөкчү мектепте окуйм. Бул мектепте жалаң илгерки китептерди окуйбуз. Ал да бирибизде болсо, экинчибизде жок. Биз дагы эле илгерки жашоодо жүрөбүз. Азыр заман өнүктү. Башка китептер жаңы чыгып жатат. Бирок биздин мектепте андай китептер жок. Эски китептер менен жашап жатабыз.

- Менин атым Оксана. Биздин мектепте китеп жетишпейт. Биз окуйбуз деген программаны китептен таппайбыз. Китептердин баары орус тилинде. Ал да мурунку совет мезгилиндеги китептер.

Көп жыл бою билим берүү тармагында иштеген педагог Куштарбек Кимсанов майып балдардын билим алуусуна дээрлик көңүл бурулбай калганына кейип, муну алардын келечегине карата жасалган кыянат мамиле деп сыпаттады:

Куштарбек Кимсанов.
Куштарбек Кимсанов.

- Ал мектептерде керек болсо терезеден секирип жиберүүдөн кайра тартпаган абалдагы балдар бар. Майыптыктын түрдүү баскычтары менен ооругандар окуйт. Бул балдарга психологиялык жагдайды эске алган окуу куралдарын даярдап берүү жагынан алгач талдоо керек. Биздеги бүгүнкү абал - илгерки Советтер Союзундагы нерсе менен гана уланып келиши, балдарга болгон кайдыгерлик, аларга болгон кыянаттык. Бирок андан арга таап кетүүнүн жолдору оор эмес. Негизгиси аракетке байланыштуу жыйынтык чыгат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык Кыргызстанда 18 атайын мектепте үч миңден ашуун майып балдар билим алат. Ал мектептердин 14ү жатак тибинде. Кыргызстанда болгону азиз балдар үчүн гана Брайл системасында китеп чыгарыларын министрликтин мектептерде билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев айтты:​

Көмөкчү мектептердин китеби башка китептен айырмаланат.
Көмөкчү мектептердин китеби башка китептен айырмаланат.

- Атайын мектердеги акыл-эсинен жабыркаган балдар үчүн китептер бизде чыкпайт. Ал китептерди Орусиядан буюртма менен чыгарабыз. Өзүбүздүн билим берүү академияда кичинекей китеп чыгарып, ошол методиканы тактап, шайкеш кылып сабак берип жатабыз. Бул стандартты бекитип бергенбиз.

Майып балдар билим алган көмөкчү мектептердеги окуу программасы жана окуу куралдары жалпы билим берүүчү мектептерден айырмаланат. Мугалимдердин айтымында көмөкчү мектептердин окуу куралдары майып балдардын акыл-эсине жараша жеңилдетилген таризде чыгарылат жана физика, химия, информатика, англис тили сыяктуу сабактар өтүлбөйт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG