Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:22

Ошто мыйзамсыз үй буздурула баштады


Ошто курулушу мыйзамсыз деп табылган көп кабаттуу үйдү анын ээси өзү сүрдүрүп, жерди мурдагы калыбына келтирмей болду.

Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинин №64 дарегинде салынып жаткан үйдү 4-июнда мэрия атайын техниканын жардамы менен сүрдүрө баштады. Көп кабаттуу үйдү салып жаткан «Евростиль» компаниясы «үйдү өзүбүз бузабыз» деп шаардын тийиштүү кызматтарына тилкат жазып берди.

Бул көп кабаттуу үйдүн курулушу мыйзамсыз экенин Ош шаардык соту аныктап, аны сүрдүрүү жөнүндө чечим кабыл алган. Жакында облустук сот ал чечимди күчүндө калтырган. Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов көп кабаттуу үйдү салууга «Евростиль» компаниясынын тийиштүү уруксат кагаздары жок экендигин билдирди:

Жасур Азимов.
Жасур Азимов.

«Бул - жеке менчик жер. Мэриядан, архитектура башкармалыгынан эч кандай уруксат кагаз ала элек. Курулуш башталганда эскертүү берип кеткенбиз. Бирок курулушту ушул күнгө чейин токтотушкан жок. Анан сотко кайрылдык. Сот үйдү сүрдүрүү жөнүндө чечим чыгарды. Сот аткаруучуларга тапшырма берилген. Ошондуктан бузуп жатабыз».

Ал эми бул көп кабаттуу үйдү салып жаткан «Евростиль» компаниясынын директорунун орун басары Бакыт Сулайманов курулуш үчүн Ош шаарынын мэриясынын токтому жана керектүү кагаздар бар экенин айтып жатат. Бирок ал документтерди көрсөтө алган жок.

«Азыр документтердин баары Бишкекте, - деди ал. - Ош шаарынын депутаттары кол коюп уруксат кагазын берген, токтом да чыккан. Биз ошонун негизинде иштеп жатабыз. Анан эми үй бүткөнчө архитектура башкармалыгынан жасала турган документтер бар. Ошолорду негиз кылып үйдү бузуп жатышат. Мындай кылышканы туура эмес. Же бул жерде башка бирөөнүн кызыкчылыгы бар. Андай экен, башында эле уруксат бербей койбойбу? Мэрия өзү чыгарган токтомго өзү каршы чыгып жатат».

Мыйзамсыз курулуп жаткан үй сүрдүрүлө баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00

Ош мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматовдун айтымында, көп кабаттуу үйдү салып жаткан «Евростиль» компаниясы курулушту сүрдүрүп, ал жердеги техникасы менен курулуш материалдарын алып чыгып кетиш үчүн мөөнөт сурады.

Алтынбек Пирматов.
Алтынбек Пирматов.

«Булар «бир айдын ичинде үйдү бузуп, жерди мурдагы калыбына келтиребиз» деп айтышты, - дейт мэриянын өкүлү. - Шаар аймагынан бир кичи дүкөндү жылдырсак да мыйзам менен иштеп жатабыз. Бүгүнкү күнү сот аткаруучулардын атайын иш-чарасы уюштурулуп, мыйзамсыз курулушту буза баштадык. Мындан тышкары жыйырмадан ашуун мыйзамсыз курулуштар бар. Аларга да чара көрөбүз. Мындай иш-чара башка курулуш компанияларына сабак болот деген ойдобуз. Эми алар мыйзамсыз курулуштарды токтотот деп ойлойм».

Ош мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн маалыматы боюнча учурда калаада мындай мыйзамсыз курулуштардын саны отузга жакын. Алардын баарына мыйзам чегинде чара көрүлөрү айтылууда. Буга чейин Мамэкотехинспекциянын Ош шаардык башкармалыгы Ош шаарынын аймагында тийиштүү уруксат кагаздары жок иш жүргүзүп жаткан көп кабаттуу 10 үйдүн иши сотко өткөрүлгөнүн кабарлаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG