Бул тууралуу 9-мартта ЕККУнун Кыргызстандагы ишмердигинин 20 жылдыгына арналган иш-чарада белгилүү болду. Ага уюмдун азыркы төрагасы Мирослав Лайчак катышты.
2017-жылы уюмдун Бишкектеги борборунун макамы өзгөрүп, программалык кеңсеге айландырылган. Уюмдун статусунун өзгөрүшү анын ишмердигине кандай таасир этип жатат жана ЕККУ Кыргызстанда алдыда кандай иштерди максат кылууда?
ЕККУнун Кыргызстандагы ишмердигинин 20 жылдыгы Бишкек шаарындагы Улуттук китепканада белгиленди. Ага уюмдун төрагасы жана Словакиянын тышкы иштер министри Мирослав Лайчак катышты.
ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин маалыматына караганда, уюм 20 жылда Кыргызстанда ар кыл тармактагы долбоорлор үчүн 120 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. Ал Ички иштер министрлигине 170тен ашык автоунаа жана үч миңден ашык байланыш каражаттарын берген.
ЕККУнун төрагасы Мирослав Лайчак уюм Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтөрүн айтып, негизги багыттарга токтолду:
«Уюм алдыда Кыргызстанда айлана-чөйрөнү коргоо, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иштешүүнү жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну максат кылып жатат. Андан тышкары келерки жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоо системасын өркүндөтүү да ЕККУнун негизги багытынын бири. Кыргызстанда өткөн акыркы президенттик шайлоодо айрым кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар берилген. Биз ал сунуштардын аткарылышына кызыкчылыгыбыз бар жана 2020-жылы Кыргызстанда өтчү парламенттик шайлоодо уюмдун өкүлдөрү келип, мониторинг кылышат».
2017-жылы Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоодо Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунан 400гө жакын байкоочу катышкан. Уюм шайлоо системасын жакшыртууга жардам катары Борбордук шайлоо комиссиясына видео камераларды берген. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоодон кийин ЕККУдан кандай сунуштар түшкөнүн айтып берди:
«Шайлоонун ачыктыгын камсыз кылуу, шайлоо маалында талаш-тартыштарды убагында чечүү жана шайлоодо келип түшкөн арыздарды кароодо ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча сунуштар берилген. Ошондой эле үгүт учурундагы маселелер боюнча да сунуштар бар».
ЕККУнун Кыргызстандагы ишмердигинин 20 жылдыгына байланыштуу иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева да катышып, уюмдун макамына тиешелүү маселени көтөрдү. 2017-жылы кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин макамы өзгөрүп, программалык кеңсе болуп калган.
Уюмдун статусунун төмөндөтүлүшү Кыргызстанда 2010-жылдагы июнь коогасы боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров көзү тирүү кезинде 2016-жылы бул уюмдун Варшавадагы жыйынына катышып, кыргыз бийлигин айыптап сөз сүйлөгөнү негиз болгон.
Эки жыл мурун ЕККУнун жаңы кеңсеси ишмердигинде көп деле өзгөрүү болбой тургандыгын жарыялаган. Бирок Роза Отунбаева уюмдун макамынын өзгөрүшү анын ишине кедергисин тийгизип жатат деп эсептейт.
«ЕККУнун өкүлчүлүгүнүн Бишкектеги макамы өзгөрүп, программалык кеңсе статусуна ээ болушу уюмдун ишин мурдагыга караганда чектеп койду. Бизге ЕККУ керек. Анткени биз Европа өлкөлөрү менен түз байланыша албайбыз. Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ), Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ), Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө. Ошондуктан биз Европа мамлекеттери менен ЕККУ аркылуу гана кызматташа алабыз», - деди ал.
Борбор Азия өлкөлөрүндө ЕККУнун Казакстанда программалык кеңсеси иш алып барса, Тажикстанда бюро, ал эми Өзбекстанда программалык координатор катары иштейт. Түркмөнстанда гана уюмдун борбору өз ишин улантууда.
«Кылым шамы» уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова да ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин макамынын төмөндөшү уюм Кыргызстанга берчү жардамдын көлөмүн азайтты деген пикирде.
«ЕККУ Бишкекте борбор деген макамга ээ болгондо алардын Кыргызстанда ишке ашыра турган долбоорлору жана бөлгөн каражаттары көбүрөөк болот. Бирок 2017-жылы уюмдун статусу борбор эмес, программа болуп калды. Мурда алар экономикалык, экологиялык, социалдык, билим берүү жана укук коргоо органдарын реформалоо боюнча иш алып барчу. Азыр кичинекей гана программа болуп калды. Ал эми уюм мындай макам менен ири долбоорлорду ишке ашыра албайт. ЕККУнун Кыргызстанда статусу өзгөргөнү ал үчүн чоң деле маселе эмес. Бирок Кыргызстан көп нерсе жоготту», - дейт укук коргоочу.
ЕККУнун төрагасы жана Словакиянын тышкы иштер министри Мирослав Лайчак Кыргызстандагы сапарында президент Сооронбай Жээнбеков жана парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолукту.
Кыргызстан ЕККУга 1992-жылы кирген, уюмдун Бишкектеги кеңсеси 1998-жылы ачылган.
Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму - дүйнөдөгү 57 өлкөнүн башын кошкон эл аралык уюм. Анын курамына Европа, Түндүк Америка жана Борбор Азия өлкөлөрү кирет.