Ош облусунда 16 жаштагы кызга нике кыйган молдо үч жылга шарттуу соттолду. Облустук соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, райондук сот нике кыйган жаранды үч жылга эркинен ажыратып, кайра мунапыстын негизинде жазадан бошоткон.
Мыйзамда жана муфтияттын жобосунда жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салынганына карабай, молдолордун мындай ишке барган учурлары катталып келет. Бирок имамдар соттолуп, жазага тартылган учурлар сейрек.
Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында 16 жаштагы секелек менен 20 жаштагы жигиттин никеси 2018-жылдын 20-октябрында кыйылган. Нике кыюу жөрөлгөсүн өткөргөн 35 жаштагы молдонун үстүнөн Жазык кодексинин 178-беренеси («Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу») менен иш козголгон.
2020-жылдын 9-декабрында райондук сотто молдонун иши каралган. Сот аны үч жылга эркинен ажыратып, кайра мунапыс берүү менен жазадан бошоткон.
Облустук соттун басма сөз катчысы Назгүл Сагынбекова буларды билдирди:
«М.М.А. (молдо) Жазык кодексинин 178-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, үч жылга эркиндигинен ажыратылган. Жазаны өтөө мөөнөтү 2020-жылдын 20-ноябрынан тарта эсептелген. Кыргыз Республикасынын «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» 2020-жылдын 8-майындагы №53 мыйзамынын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде М.М.А. жогорудагы белгиленген жазадан бошотулган».
Сагынбекованын айтымында, мунапыс берүүдө молдонун төрт баласы бар экени жанаөзүнүн буга чейин соттолбогону эске алынган.
Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы - 18 жаш. Бул куракка жете электерге диний негизде нике кыйган тараптарды кылмыш жообуна тартуу боюнча мыйзам 2016-жылы ноябрь айында ишке кирген.
Андан бери Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы аймактардагы расмий өкүлдөрүнө кагаз түрүндө, оозеки да байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келген. Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев ошого карабай молдонун мындай жосунга барышы мыйзам менен тескелиши керектигин айтты:
«Азыр жубайлардын никеси кыйылып жатканда биринчи кезекте алардын паспорттору талап кылынат. Муфтият бир нече жолу эскертүү берди, расмий, расмий эмес, буйрук иретинде да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эми нике кыйылган болсо, мыйзам чегинде ага катышкандар жоопко тартылышы керек. Мыйзамда жазылгандай, бир эле дин кызматкери эмес, ага катышкандардын баары жоопко тартылат».
Мыйзам боюнча жашы жете элек кыздын никесин кыюуга катышкан күбөлөр да жазага тартылат. Бирок молдодон башка кишилер кандай жазага тартылганы азырынча белгисиз. Жаңы-Ноокат айылынын тургундарынын айтымында, жаш жубайлар азыр бирге түтүн булатууда.
Ош шаарында аялдардын укуктарын коргогон «Новый Ритм» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гулиза Абдыжапарова сот чечими адилетсиз чыккан деп эсептейт. Анын пикиринде, кыз-келиндерге карата зордук-зомбулук күчөп турган учурда, мындай жагдайга жол бергендерге мунапыс берилбеши керек эле.
«Соттун чечимин туура эмес, адилетсиз деп ойлойм, - деди ал. - Бизде эмнегедир зордук-зомбулук кылган эркек кишилерди актай берет. Бирок кыздарды, мисалы Гүлжан Пасанованы соттоп, бир нече жылга эркинен ажыраткан катаал чечим чыгарган. Бардык тараптарды эске алып, сот туура чечим кабыл алса жакшы болмок».
Мындан сырткары Абдыжапарова Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбековдун 13 жашар кызды зордуктаган деп шек саналган үч кишинин экөөнү актап, бирин жеңил жазага тарткан чечимин эске салды.
Кыз-келиндер менен иштеген кризистик борборлор эрте турмушка чыккан кыздардын арасында жабыр тарткандары көп экенин айтып келет. Алар нике күбөлүгүн, балалуу болгондон кийин туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууда кыйынчылыктарга дуушар болорун айтышат.
Мындан сырткары Улуттук статистика комитетинин маалыматында 2019-жылы өлкө боюнча төрөттөн 43 эне каза тапкан. 20 жашка чейинки кыздар арасында 1,5 миңдей эне боюнан алдырган. Адистердин айтымында, мунун ичинде ар кандай себеп менен боюнан түшүп калган учурлар да кирген.