Бул окуя чек ара сүйлөшүүлөрүн күчөтүүгө өбөлгө болобу? Кадрларды дайындоодо фракциялык, кландык, жердештик мамиле барбы? Өкмөттө дагы кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?
«Арай көз чарай» талкуусуна мурдагы вице-премьер-министр Тынычбек Табылдиев жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Бакыт Рыспаев катышты.
«Азаттык»: - Тынычбек мырза, вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун кызматтан кетиши канчалык күтүүсүз болду?
Тынычбек Табылдиев: - Вице-премьер-министрдин кызматтан бошотулушу күтүлгөн жана күтүлбөгөн да окуя болду. Күтүлгөн дегеним, акыркы эки айдан бери Баткен облусунун аймагындагы чек ара маселесинде Разаковдун аты аталып, ага каршы чыккан, аны колдогон да митингдер болду. Райондо өкмөт мүчөлөрү менен болгон жыйында да ага нааразы болгондор чыкты. Ошонун баарына мамлекеттин жетекчиси, өкмөт башчы тарабынан реакция болду го деп ойлойм.
Экинчи жагы - биздин Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө Разаков өкмөттүк топту жетектеп, мына эми иш алдыга жылат, чечилет деп жатканда кызматтан бошотулушу күтүүсүз болду. Чек ара - мамлекет үчүн эң негизги стратегиялык маселе. Ал бир-эки жылдан чечилбейт. Аны кайсы бир деңгээлге алып келгенде жумуштан бошоп калды. Эми анын ордуна жаңы вице-премьер дайындалып, ишти түшүнүп, баштаганча дагы убакыт өтөт, маселенин чечилиши узарат.
«Азаттык»: - Жеңиш Разаков коопсуздук маселери боюнча адис, ички иштер органдарында көп жыл эмгектенген. Баткен облусун башкарган тажрыйбасы эске алынган жок дейсизби?
Тынычбек Табылдиев: - Разаков өз арызы менен кызматтан кеткени маалымдалды. Өзү болсо «үй-бүлөмдүн жанында болуп, эс алайын деп чечтим» деп айтуууда. «Өз ыктыяры менен кызматтан кеттим» дегендердин баары өз каалоосу менен болбогонун жакшы билебиз. Бизде цивилизациялык өлкөлөрдүн үлгүсүнө качан өтөбүз, билбейм. Батыш өлкөлөрүндө кимдин, кандай себеп менен кызматтан кеткени же келгени ачык айтылат, эл билет. Мисалы, биздин өкмөт «иштеги кемчиликтери үчүн кетти, ал кызматты аркалоого татыксыз» деп айтышы керек. Же башка себебин түшүндүрүш керек эле. Вице-премьер-министр каалаган учурда эле арыз жазбаш керек. Аны дайындоого сүрөгөн партиялардын, фракциялардын реакциясы, мамилеси кандай болгону белгисиз, аларга аброй алып келбейт.
«Азаттык»: - Бакыт мырза, «Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишине кландык кармаштын кысымы, Жогорку Кеңештеги айрым депутаттардын ачуу сыны таасир берди» дегендер бар. Бул ойго кошуласызбы?
Бакыт Рыспаев: - Андай кырдаал да болушу мүмкүн. Негизинен коомчулуктун пикири, мамилеси таасирин тийгизди. Ага нааразы болуп митингге чыккандарды «акча үчүн катышып жатышат» деп Разаковдун өзү айтып чыкканы абалды ого бетер курчутту окшойт. Ошондон улам бийлик башындагылар чара көрүү жөнүндө ойго келсе керек.
«Азаттык»: - Жеңиш Разаков өзүнө тагылган чек ара маселелерин чечүүгө алдыга жылдыра алган жок десек болобу?
Бакыт Рыспаев: - Чек араны жалгыз эле Разаков чечиш керек десек туура эмес болуп калат, ал жеке өзү чечим кабыл ала албайт. Бул маселе өкмөт, президенттин аппараты менен чогуу чечилерин жакшы билебиз. Маселе биздин жогорку бийлик кызыкчылыгы болгондо гана ишке ашат. Убакыт өтүп жатат, ортодо бейкүнөө адамдар өлүп жатат. Ошондуктан жергиликтүү элдин маселени чечүүнү ылдамдатуу жөнүндө талап коюп жатканы бекеринен эмес, туура айтылууда.
«Азаттык»: - Тынычбек мырза, акыркы кызматтык дайындоолорду күздөгү парламенттик шайлоо менен байланыштырып жаткандар бар. Сиздин пикириңиз кандай?
Тынычбек Табылдиев: - Биз медиа каражаттарын окуп жатабыз, элдин арасында жүрөбүз, алардын маалыматтарына да талдоо жүргүзөбүз. Шайлоого даярдык жүрүүдө. Аймактардын «кураторлору» пайда болууда. «Добуштарды алып берүүгө ким кепилдик бере алат?» деген суроолор чыгууда. «Күмөн санаган жетекчилерди алмаштырабыз» деген пландар коюлууда.
Акыркы кызматтык дайындоолордо логика жок. Өкмөттүн мүчөсү, вице-премьер министр Аскаров «өз каалоом менен кызматтан кеттим» деп арыз берип бошоп жатат. Эки сааттан кийин аны кайра министр кылып көрсөтүүдө. Бул эмне, бала бакчадагы оюнбу? Вицеликтен эмнеге кетти, себеби эмне, ал тармакка тиши өтпөдүбү, себебин айтпайбы? Эң негизгиси мен Аскаровдун резюмесин карап көрсөм, анын Өзгөчө кырдаал министрлигине эч тиешеси жок. Ошондуктан кадрларды шайлоого байланыштырып дайындалууда дегендин чындыгы болуп жатпайбы…
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.