Москвадагы жапон, кытай, корей жана башка азия элдеринин ашканаларында иштеген кыргызстандыктарды көп кезиктирүүгө болот. Жумуш берүүчүлөр көбүнчө мекендештердин азиялык кебете-түсүнө эмес, өзгөчө чыдамкайлыгына жана эмгекчилдигине баа беришет. "Азаттыктын" кабарчысы Москвадагы жапон ресторанына барып, анда иштеген мекендештерди кепке тарткан.