Тажикстандагы кыргыздар отурукташкан Жерге-Тал (азыр тажикче «Лахш» деп аталып калды) районунун Чоӊ-Кыргыз айылында бир ууч кыргыз журтунан чыккан аалымдар, чыгармачыл инсандар, коомдук ишмерлер, колунан көөрү төгүлгөн усталар менен чыгаан чеберлер өсүп чыккан. Жакында мына ошондой таланттуу инилеримдин бири, Кыргызстанга көчүп келип жашап жаткан Турдуш Бузурманкуловду кепке тартып, Кыргызстандын географиялык картасына куюп койгондой окшоштуруп жасаган оймо-чиймелүү кооз комузу тууралуу баарлаштык.
- Турдуш иним, кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарын жасоо жаатында таң каларлык жаңылык киргизипсиң, баракелде! Комузуң тууралуу сөз кылгандан мурда дегенде окурмандарга үй-бүлөң, өзүң жөнүндө азын-оолак айтып берсең?
- Мен 1976-жылы Тажикстандагы Жерге-Тал районунун Кашат айылында искусствого, кол өнөрчүлүккө жакын үй-бүлөдө туулуп-өскөм. Ыраматылык атам Бузурманкул Бакиев чыгармачылыкка баш-оту менен берилген инсан эле. Кыргызстандагы ырчылар, өнөрпоздор менен тыгыз байланышта болгон. Үй-бүлөдө сегиз бир тууганбыз. Баарыбыз атамдын жолун жолдоп, кандай иш жасаган болсо өнөрүн улантып келе жатабыз.
- Өзүң кайсы бир окуу жайында окугандырсың?
- Тилекке каршы, ага шарт болбоду. Бирок, тиешелүү билимим болбосо да, көргөн нерсени өзүндөй жасоого жана аткарууга жөндөмүм бар.
- Эми кимди да болбосун ары кызыктырган, ары кубандырган улуттук музыкалык аспаптардын сыйкырдуу дүйнөсүнө жаӊылык киргизген комузуң тууралуу түшүндүрмө берсең. Улутка сыймык боло турган ушундай өзгөчө комузду жасайын деген ой качан пайда болгон?
- Бул идея деп коёюн, төрт жыл илгери жаралды. Анын пайда болушуна чөнтөк телефонумдагы Кыргызстандын географиялык картасын улам кызыгып карай бергеним түрткү болгон. Ошол карта мага комуз сыяктанып көрүнө бергенинен бир күнү ушундай формадагы комузду чаап жасашым керек деген ой көӊүлүмө түйүлүп туруп алды. Бирок бул ишке ошол замат эле киришпедим. Көпкө чейин ичимден ойлонуп, жасай турган комузумдун келбети көз алдыма элестей баштагандан кийин шымаландым.
- Бул ишти колго алуу менен кандайдыр бир максатты көздөсөң керек?
- Албетте, кыялдагы нерсени ишке ашырууга шыктандыра турган максат болбосо, ойдогунун баардыгы эле ишке аша бербейт экен. Мен эки максатты: биринчиси – ушул комузум менен Кыргызстанды дагы бир жолу дүйнөгө таанытууну; экинчиси - өзүм Тажикстандагы кыргыздардан өсүп чыкканым үчүн, бул эмгегим ошол жердеги улутташтарыма да сыймык болушун, айтор ошолорду да коомчулукка тааныштырууну көздөгөнмүн.
- Комуз кандай материалдан жасалганын, аспаптын эки бетине теӊ түшүрүлгөн оймо-чиймелер тууралуу айтып берсеӊ?
- Өрүктөн жасалды. Жазууларды, Манас атабыздын сүрөтүн түшүрүү анча деле кыйынчылык туудурган эмес. Аларды адегенде жөнөкөй калем менен чийип алдым. Андан кийин электр каңдоочту кызытып, чиймелерди үстүнөн күйгүзүп тартканмын.
- Буга канча убакыт сарпталды?
- Бир жумада эле чаап жасай турган кадыресе комуз болбогондуктан, жарым жылдан ашуун эмгектендим. Эч шашпадым, ыраматылык атам үйрөтүп калыптандырган чеберчилигимдин, чыгармачылык дараметимдин баарын өтө кылдаттык менен жумшадым.
- Өз колуң менен жасаган башка комуздарыӊ да болсо керек?
- Ооба, буга чейин бир нече комуз чаап жасап, тажрыйба топтогонмун.
- Албетте, комузду көбөйтүп чыгарыш үчүн да, элге таанытыш үчүн да каражат талап кылынат. Идеяңды колдоочуларга, руханий баалуулуктарга күйгөн демөөрчүлөргө муктаж болуп турсаң керек?
- Туура айтасыз, тийиштүү жерлерге, идеямды колдой турган инсандарга кайрылып көрсөмбү деп жүргөн чагым, азыр.
- Көчүп келген соң Токмоктун чет-жакасындагы айылга отурукташыпсың. Ал айылда Тажикстандан келген кыргыздар көппү?
- 600дөн ашуун үй-бүлөбүз.
- Жергиликтүү эл, башка улуттар менен жуурулушуп калсаңар керек?
- Мамилебиз абдан жакшы. Кыз алып, кыз берип, той-тамашаларыбыз да бир болуп калганга чейин жетиштик. Жашоо-шартыбыз жаман эмес.
- Таңшыган Ала-Тоону, кымыз жыттанган кыргызды элестеткен ушундай ажайып комузду жонгон колуң ылайым дарт көрбөсүн!
Аңгемелешкен Мирзохалим Каримов