Эгер кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кениндеги соңку окуяларга байланыштуу быйылкыга пландалган акчаны ала албай калса донорлорго кайрылат. Бул тууралуу 17-майда парламенттин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынында маалымат берип жатып экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков билдирди.
Анын айтымында, быйыл «Кумтөр Голд» компаниясынан 10 миллиард сомго жакын акча түшүүсү пландалган, донорлорго кайрылуудан тышкары башка да жолдор каралган:
«Эгер биз утулуп калган вариант боло турган болсо жетпей калган ошол 10 миллиардга жакын акчаны башка иш-чаралардын негизинде толукташыбыз керек. Биринчи кезекте донорлор менен иштемей. Экинчи вариант - мурунку карыздарды пролонгациялоо жолу. Үчүнчү жолу – чыгымдарды оптималдаштыруу».
Кармышаков билдиргендей, 1993-жылдан бери Кумтөрдөн мамлекеттик бюджетке салык түрүндө 80,5 млрд сомдой акча түштү.
Кыргызстан Кумтөр боюнча соттошууларда утулуп калса жоопкерчилик президентте жана министрлер кабинетинде болот. Бул тууралуу 17-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын отчету парламенттин кезексиз жыйынында талкууланып жатканда комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди:
Депутат Алтынбек Сулаймановдун “Жоопкерчилик кимде болот? Ким жооп берет? Комиссия, парламент, өкмөт, президент же баарыбызбы? Тескери кетип калышы мүмкүн да” деген суроосуна жооп берип жатып Жапаров “Азыркы иштеп жаткан Конституция боюнча аткаруу бийлигинин башында президент турат. Демек, президент, анан министрлер кабинети жооп берет буга” деп билдирди:
“Аткаруу бийлигинин башында болгондон кийин бардык милдетти, жоопкерчиликти өзүмө алам деп жатат. Биз колубуздан келсе аракет кылып, жардам берели деп жатабыз. Министрлер кабинетинин башчысы жооп бериши керек, ошо соттошот да”.
Жогорку Кеңеште бүгүн Кумтөр кениндеги ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын баяндамасы угулууда.
Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Кумтөр” ишканасын жаап, алтын казып алууну токтотуу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн 17-майда парламенттин Кумтөр боюнча чакырылган кезексиз жыйынында сүйлөп жатып айтты.
Депутат Кумтөрдү иштетүүдөн Кыргызстан пайда көрбөгөнүн, өкмөт соттошсо айласыздан сүйлөшүүгө барарын, кенди өз алдынча иштетсе жеке кызыкчылыгына пайдалангысы келген топтор пайда болорун, экология талкаланарын айтып, инновация, билим жолун тандаса, “жашыл экономикага” өтсө дүйнөнүн колдоосун табарын белгиледи:
“Биз “Кумтөрдү” жаап салышыбыз керек. Такыр иштетпешибиз керек. Биз да, алар да. Отуз жылда биздин тапкан пайдабыз 1,7 миллиард экен. Зыян 5 миллиардга жакын деп көрсөтүп жатасыздар. Ошонун 50% алганыбызда деле чыгымдын ордун толтура албайт экенбиз. Демек биз зыян тартып жатыптырбыз да. Эч кандай пайдасы жок экен да”.
Жогорку Кеңеште бүгүн Кумтөрдүн тегерегинде түзүлгөн кырдаал талкууланууда.
Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырды. Мындай чечим парламенттин 17-майдагы кезексиз жыйынында кабыл алынды.
Ошону менен катар парламент Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын иш мөөнөтүн дагы үч айга узартты.
"Кумтөр Голдго" тышкы башкаруу киргизүүнү ошол комиссия сунуш кылган.
"«Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталган мыйзам парламентте быйыл 6-майда кабыл алынып, 14-майда ага президент кол койгон.
Мыйзамда жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарды бузган, адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген ишканаларга тышкы башкаруу киргизүүнүн негиздери менен тартибин жөнгө салуучу ченемдер камтылган. Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган берене менен толукталган.
"Кумтөр Голдго" убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилери, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары бүгүнкү жыйында айтылды.