Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:38

Өкмөт менен "Кумтөрдүн" тиреши

Жогорку Кеңеш 17-майда чукул жыйынга чогулуп, Кумтөр кенин убактылуу башкарууну кыргыз өкмөтүнө берди.

Парламент Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын иш мөөнөтүн дагы үч айга узартты.

17-майдын кечинде Кумтөрдү иштеткен канадалык "Центерра Голд" (Centerra Gold Inc) компаниясы кенди көзөмөлдөбөй калганын билдирди.

12-майда мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштеши керектигин белгилеп, жалпысынан "Кумтөр Голд Компани" 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. Анын 3 миллиард 86 миллиону экологиялык зыян үчүн айып пул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык.

16-майда “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

11:40 17.5.2021

"Kумтөр Голд" ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кумтөр кенинен буга чейинки президенттердин тушунда сыртка ташылып кетти деген алтындын көлөмү тууралуу маалымат берди.

"Акаевдин убагында 156 тонна, Бакиевдин убагында 68,2 тонна, Атамбаевдин убагында 132,6 тонна, Жээнбековдун убагында 52,9 тонна алтын сыртка ташылып кеткен", - деди Жапаров.

Жапаров Кыргызстандын мурдагы төрт президенти тең Кумтөр маселесин чечүүгө эрки жеткен эмес деген пикирин айтып, алардын ар бири убагында кендин ишин иликтөө боюнча комиссия түзгөнүн кошумчалады. Бир гана экс-президент Роза Отунбаева комиссия түзбөгөнүн белгилеп, «бирок Роза Исаковна деле Убактылуу өкмөттүн бир декретин аябай туруп Кумтөрдү улутташтырып салса болмок эле» деп кошумчалады.

Жапаров атын атаган мурдагы жетекчилер жана "Кумтөр Голд" компаниясы бул тууралуу комментарий бере элек.

Парламент бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөрдүн тегерегиндеги соңку кырдаалды талкуулап жатат.

11:30 17.5.2021

Кумтөр алтын кенинде 1997-жылдан бери 12 адам каза болду. Бул тууралуу 17-майда Жогорку Кеңештин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынында сүйлөп жатып компаниянын ишин текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 1997-жылдан бери кенде 61 кырсык катталган, 47 адам жараат алып, 12си каза болгон.

"Кумтөр Голд" компаниясы депутаттын бул билдирүүсү боюнча азырынча маалымат бере элек.

11:06 17.5.2021

Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми кенди иштетип жаткан канадалык "Центерра" компаниясы 11,5 миллиард доллар пайда тапкан. Бул тууралуу "Kумтөр Голд" ишканасынын ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссия даярдаган Кумтөр кени тууралуу тасмада айтылат. Тасма 17-майда парламенттин кезексиз жыйынында көрсөтүлдү.

Жогорку Кеңеш бүгүн Кумтөр боюнча маселени кароо үчүн кезексиз жыйынга чогулду. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү да катышууда.

11:00 17.5.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG