- автор Бакыт Асанов
Маалымат жыйында бир катар медианын журналисттери суроо бергенге үлгүрбөй калды.
"Клооп" порталынын журналисттери быйылкы жыйындагы суроо берүү форматын цензурага теңеп, президентке коомдо кызуу талкууланган көйгөйлөр жөнүндө суроо берилбей калганын айтышууда. Мындан кийин "Клооптун" жамааты берилбей калган суроону сайтына жайгаштырып, окурмандардан бөлүшүп коюну өтүндү.
Анда «Биз Райымбек Матраимов бажыда сиз президенттикке келгенге чейин эле иштегенин түшүнөбүз, бирок анын үй-бүлөсүнүн Дубайдагы мүлкү тууралуу маалымат ушул жылы гана белгилүү болду.
Биз Матраимовдордун үй-бүлөсүндө Дубайда 12 млн. доллардан ашуун турган кыймылсыз мүлкү жана бизнеси бар экендиги, анын ичинде бул анын анын ачык булактардагы киреше декларациясына дал келбестигин көрсөткөн фактыларды келтирдик. Жакында эле Factcheck басылмасы Райымбек Матраимовдун жубайында жалпы суммасы 270 миң доллардан бир аз көбүрөөк сумманы түзгөн кийим-кече жана кол сааттары бар экенин, алар да анын кирешесине туура келбесин айтып берди.
Бул жагдайлардын бардыгы боюнча текшерүү уюштуруп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексининин мыйзамсыз баюу жөнүндө 323-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш уюштурса болот.
Бул бузуу боюнча УКМКнын да тергөөгө тиешеси бар, анын башчысын, урматтуу президент, сиз дайындайсыз. Интернеттеги ушунчалык сандагы ачык маалыматтарга карабастан, эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин өзүнчө иш жана Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз байыган болушу мүмкүндүгү фактысы боюнча ага карата сотко чейинки өндүрүш жок болуп атат, буга кандай оюңуз бар?», - деп жазды "Клооп".
Быйыл маалымат жыйында президентке суроо берүү форматы өзгөртүлгөн. Буга чейин журналисттер микрофонго келип кезекке турса, бул ирет маалымат жыйынынын катышуучуларынын кол көтөргөнүнө жараша президенттин катчысы Толгонай Стамалиева сөз берип жатты.
Ачыгын айтканда, президентте деле конкретика, факты, так цифралар жок экен.
"Ал жалпы курсту кармайт да, майдалап отургудай өкмөт башчы болсо бир жөн" дейли десек, өкмөт жасаган иштерди да өзүнө ыйгарып жибергендей болду.
Жалпылап эле жагымдуу жакка баштап бараткандай жоопторду берди.
Кыскасы, жакын арада реформа болбойт, эски уурулар-жаңы уурулар аралашып эле, өлкө болсо кылдырап кете берет окшойбуз, ресурстарды жеп, убакытты жеп...
Бирок, аппараттын ТҮЗ ЭФИР бердиргени мактоого алаарлык!!!
Сегодня на пресс-конференции президент сказал, что оснований для задержания Матраимова нет.
Понятно вам всем? Нет! Основания есть задержать супруга Ширин Айтматовой, основания есть задержать блогера, основания есть посадить женщину, которая пыталась покончить жизнью прыжком из окна 4-го этажа вместе с грудным малышом. Ее уже посадили на 11 лет. А оснований задержать Матраимова нет. И весь их клан, это так, а чё? Таких коррупционеров полно. И че теперь? Говорит мистер президент, пожимая плечами.
Тут недавно осудили на 5 лет мужчину, который украл из аптеки лекарства для своих детей. А тут у жены Матраимова часики стоимостью равной годовому бюджету 20-ти семей из этой общаги. Я не считаю чужие деньги, я считаю сворованные деньги, наши деньги. В ее шмотках и часах питательные вещества, которых так не хватает нашим детям. Не хватает по официальным данным. Тысячи детей получили бы нормальное питание, если бы правительство работала как оно должно работать, а не покрывало бы воров и их сворованные у наших детей деньги.
Фу. Противно. Повесите, мистер президент, на моей странице, среди детского белья из жесткой кыргызской реальности.