Сооронбай Жээнбеков: Биз Казакстан үчүн Орто-Токой суу сактагычына сууну сактайбыз. Бирок ал жерден Казакстанга агып баргыча суунун 50% жок болот. Таштак жерге сиңип кетет. Мен ошол маселени айтып жатам. Каналдын 50% биз курсак, 50% силер кургула деп. Алар мурда кол койгон келишимге ылайык, газ, күйүүчү май түрүндө төлөп кеткен. 2006-жылы токтоп калган келишимди жанданталы дедим. Арыгы болобу, гидротехникалык курулуш болобу чогуу куралы, керек болсо насыя алалы дедим.
Сооронбай Жээнбеков: Кумтөрдөгү кырсык боюнча күндө маалымат алып жатам. Жүрөгүм ооруп жатат. Көчкөн жердин 73 пайызы тазаланды. Иш жүрүп жатат. Эки инибиз табылып калсын деп Кудайдан тилеп жатам.
Сооронбай Жээнбеков: Орусия Федерациясы биздин эң жакын өнөктөшүбүз. "Кара тизмеден" бир канча жаран чыгарылды. Иш боюнча жеңилдиктер берилди. Башкаларга мындай жеңилдик берилген жок. Биздин жарандар өз жеринде кандай жүрсө, сыйласа ал жакта да өзүн жакшы алып жүрүп, мыйзамын сыйлашы керек.