Сооронбай Жээнбеков: Шайлоону адилет өткөрөбүз. Маалымат каражаттары жазган терс көрүнүштөргө абдан тез реакция жасайбыз. Айрым учурда кээ бир маселелер узарып кетүүдө. Бирок ага чара көрөбүз.
Цитата: На пресс конференции Сооронбая Жээнбекова нашлись его младшие братья и сёстры.
Сооронбай Жээнбеков: Хабибулла боюнча мурда айткам. Басма сөз кызматы да маалымат берген. Инагурацияга адамдарды чакыруу, кайда отургузуу боюнча мурдагы президенттин аппараты иш алып барган. Мен ал кишини тааныйм. Ошто губернатор болуп жүргөндө 2013-жылы бизнес форум өткөргөнбүз. Ошондо иниси келип таанышканбыз. Ал аркылуу Хабибулла менен 2017-жылы таанышканбыз. Атамбаевдин кабинетинде үчөөбүз жолукканбыз. Инвестор катары таанышканбыз. Эч кандай бизнес мамилем жок. Иликтөө аягына чыгып атат, ошондо белгилүү болот. Мага ал жабышпайт, мен тазамын. Убакыт өзү көрсөтөт.