Жарамазан ырлары диний темага кирген менен алар да фольклордук чыгармалардын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Жарамазан тексттеринен элибиздин басып өткөн тарыхый жолу менен изин да байкоого болот жана ал ырлардын адамдарда мыкты сапаттарды калыптандыруудагы тарбиялык мааниси да терең.
Каратегин кыргыздарында жарамазандын бир канча үлгүлөрү айтылган. Тилекке каршы, алардын көбү коммунисттик доордо унутта калып, айрым үлгүлөрү гана сакталып калган. Жарамазандын төмөндө сунуш кылынып жаткан текстин мен 1980-жылы өз энем, молдо Исхак казы кызы Күмүшайымдын оозунан жазып алган элем. Текст жергеталдык кыргыздардын тилдик өзгөчөлүгүн сактоо менен айтуучунун оозунан жазып алынганы боюнча берилди.
Жарамазан
Ассалому алейкум, жаткан байлар,
Алтын менен күмүшкө баткан байлар.
Рамазан айтып келдик эшигиңе,
Кудайым уул берсин бешигиңе.
Бул орозо жаныбер кайдан келген?
Макатилла, Мадина жайдан келген.
Кырк кулактуу казанын ала келген,
Баракасин ичине сала келген,
Оо, Махаммат үмматина бай рамазан, май рамазан.
Пайгамбарым мингени дулдул экен,
О тов менен бу товго ыргыр экен.
Пайгамбарым мингени кара кашка,
Каапыр кытай камады кара ташка.
Кара ташты бир чапса наны чыкты,
Кара кытай бетпактын жаны чыкты.
Кырдын башы кыргыек, сарыгазан,
Он эки айда бир келет ырамазан.
Рамазан дегенди алтоо айткан,
Пайгамбарым баласы Асан айткан.
Рамазан дегенди үчөө айткан,
Пайгамбарым баласы Үсөн айткан.
Оо, Махамат үматина бай рамазан, май рамазан.
Арык бойлоп келемин «музу бар» деп,
Үмүт менен келемин «козу бер» деп.
Козу берсең, кой берсең байлап бергин,
Козу-улагын артынан айдап бергин,
Жолдошумдун жүрөгү ооруйт, каймак бергин,
О о, Махамат үмматина бай рамазан, май рамазан.
Бай айтат «короодон кой берем» деп,
Байбиче айтат «бокчодон тон берем» деп.
Байдын берген коюну өңөрөлү,
Байбиченин тонуну бөктөрөлү.
Оо, Махаммат үмматина бай рамазан, май рамазан
Рамазан айткан менен, деген менен ким тойгон бар?
Пайгамбарым дастүрүнү ким койгон бар?
Орозонун онун тутуп келдик сизге,
Орозонун питирини бериң бизге.
Орозонун питирин берсең бизге,
Оо дүнүйа пейиштин төрү сизге,
Оо, Махамат үматина бай рамазан, май рамазан.
Шул үйдүн түндүгүнөн түтүн чыгат,
Шул жеңемдин каттамасы бүтүн чыгат.
Шул үйдүн ичи-тышы мака почок,
Кудайым бир уул берсин тилла чочок,
Оо, Махамат үматина бай рамазан, май рамазан.
Так-так соку, так соку, такылдатпа,
Аппак айдай жеңелер, какылдатпа.
Кыйк-кыйк короз, кыйк короз кырман чачат,
Кыз албаган жигиттер таңга чачат,
Таңгалары тешиктен чыга качат,
Бизге окшогон боз балдар иле качат,
Оо, Махамат үматина бай рамазан, май рамазан.
Таш арыктан ыргыган тайдын изи,
«Тай жашырып берем» дейт байдын кызы.
Кош арыктан ыргыган койдун изи,
«Кой жашырып берем» дейт байдын кызы.
Кулун берсең, кой берсең байлап бергин,
Козу-улакты артынан айдап бергин,
Кошунамдын жүрөгү ооруйт, каймак бергин,
Оо, Махамат үматина бай рамазан, май рамазан.
Кээ бир үйлөрдө рамазан айтып келгендердин мукам үндөрүн тыңшап көпкө эшик ачпай отура беришет. Ошондо рамазан айтуучулардын бирөө үй ээлери эртерээк аларга ырымдап бир нерсе алып чыксын деген таризде бул саптарды айткан:
Төбөмдөгү топ жылдыз батып барат,
Жолдошумдун курсагы ачып барат.
Жанымдагы жолдошум безгек эле,
Безилдетпей чыксаңар болбойт беле.
Жарамазанчылар алчу нерселери колго тийгенден кийин үй ээлерине төмөнкүдөй жакшы максат, аруу каалоо-тилектерин айтышкан:
Алты канат бой үйүң жолдо болсун,
Алты азамат балдарың молдо болсун.
Жети канат боз үйүң жолдо болсун,
Жети азамат балдарың молдо болсун,
Оо, Махамат үмматина бай рамазан, май рамазан.
Тиешелүү акыларын алган рамазан айтуучулар «ылайым казаныңар кайнап, дасторконуңар дайыма жайнап турсун» деп бата беришет да, эшикме-эшик кыдырып жүрүп жарамазан айтуудан түшкөн нерселерди бөлүүчү кишиге карап муну айтышкан:
Бөлчү, бөлчү, бөлчүбай,
Бөдөнөдөн сакчы бай.
Жегениң куйрук менен боор болсун,
Жакканың арча, жамынганың парча болсун!
Энемдин бул ыр рамазан (рамазан ыры) узун эле, көбү эсимден чыгып калбадыбы дегени эсимде.
Айрым сөздөргө түшүндүрмөлөр:
Май рамазан – мах-ай, рамазан айы дегени.
Дастүр – колдонмо.
Абдил-Ахат КУРБАН уулу, этнограф
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.