Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:00

Сүннөттү туура эмес түшүнүү опурталдуу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сүннөт - бул аз. пайгамбардын сөзүн, кыймыл-аракетин жана такририн (чоочун бир окуяны көргөндө ага каршы чыкпашы/унчукпай коюшу) туюндурган термин.

Исламдын эң негизги булагы болгон Куранды дагы да жакшыраак түшүнүүдө сүннөттүн ролу аябай чоң экени баарыбызга маалым. Анткени жаратылышы, табияты так бизге окшогон бир пенденин (пайгамбар) Курандагы принциптерди практикалык жашоого кантип уйкаштырыш керек экенин дээрлик бирме-бир көрсөтүп бериши адамдардын динди туура түшүнүшүнө жана алардын туура жашоосуна чоң өбөлгө түзөт. Куран өзү да инсандарды пайгамбарга маани берүүгө чакырууда. Мисалга алсак, Куранда «Ахзап» сүрөөсүнүн 21-аятында исламдын принциптерин так, туура аткарууда аз. пайгамбардан өрнөк алыш керек экендиги ачык-айкын айтылып жатат.

Демек пайгамбардын сүннөтү исламдын негиздерин туура түшүнүүдө маанилүү экенин түшүндүк. Ал үчүн толук мусулман болууну каалаган киши сүннөттү туура түшүнүүгө милдеттүү десек болчудай.

Бирок сүннөткө кайсы жол менен барыш керек деген суроо туулат. Менимче сүннөткө хадис жолу аркылуу жетүүгө болот. Хадис - бул сүннөттүн б.а. аз. пайгамбардын сөздөрүнүн, кыймыл-аракетинин жана каршы чыкпай макул болушунун сөздүк же жазуу абалындагы формасы. Көрүнүп тургандай, булар бири-бирине аябай жакын терминдер. Сүннөт менен таанышуу үчүн ага алып баруучу жолдун милдетин аткарган хадистерди жакшылап, өтө кылдаттык менен окуп үйрөнүү маанилүү.

Хадистердин булактары жана маселелери

Так ушул жерде хадистерди окуп үйрөнүүдө талап кылынган кылдаттык канчалык даражада маанилүү экендиги ортого чыгып олтурат. Анткени хадистер аз. пайгамбар көз жумгандан бир канча кылымдан кийин кагазга түшкөндүктөн, туура айтылган хадистердин жанында ооздон оозго туура эмес айтылып калган, чала айтылып калган хадистер да китептерге кирип кете берген. Ал тургай пайгамбарыбыз көз жумган соң, өзгөчө аз. Осмондун жана аз. Алинын халифалык доорлорунда ойдон чыгарылган хадистер көбөйүп кеткен.

Хадис аалымдарынын эң чоң милдеттеринен бири - хадис адабияттарындагы хадистердин классификациясын түзүп, туура жана туура эмес хадистерди бири-биринен бөлүп талдоо. Бул усул менен эч кандай өзгөрүүгө учурабастан келген хадистерди талдап алуу менен да иш бүтпөйт. Бул жолу ал хадисти туура түшүнүүдө да белгилүү бир критерийлерден өткөрүү зарыл. Өзгөчө кандай окуяда, кимге, кандай мааниде айтылгандыгын аңдаган соң гана ал хадисти туура түшүнсө болот.

Мисалы, «силердин араңардан эң пайдалууңар - Куранды үйрөнгөнүңөр жана аны үйрөткөнүңөр», «силердин араңардан эң пайдалууңар - аялдарына жакшы мамиледе болгонуңар», «силердин араңардан эң пайдалууңар - адеп-ахлагы эң сонун болгонуңар» сыяктуу хадистерди жекелик мааниде түшүнүү туура болбойт. Анткени риваят чынжыры жагынан туура келген хадис абсолюттук түрдө туура жана анын ар бир сөзүнө чейин өзгөртпөстөн ишениш керек деген логика менен карай турган болсок, «эң пайдалуу» дегенде жалгыз критерий өтүмдүү болууга тийиш. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда алардын бирөөсү гана эң пайдалуу, калгандары ал даражада болбошу керек.

А бирок көрүп турганыңардай «силердин эң жакшыңар...» деп башталган бир канча хадис бар. Бул хадистерден эң жакшы адам болуш үчүн сөзсүз түрдө жогоруда аталган кесиптердин бирөөсүн тандоого мажбур дегендей бир жыйынтык чыгарылбайт. Бул жерде аз. пайгамбар кайрылып жаткан тараптагы кемчиликтерди, мурункудан да көбүрөөк басым жасалышы керек болгон маселелерди ушундай жол менен түшүндүргөн. Мисалы, бир коомдо адамдар эмнегедир Куран илими менен алектенүүнү каалабай жатса, аларга жогорудагы биринчи хадисти айтып кеткен болушу мүмкүн. Экинчи бир топ менен маектешип жатып алардын Куран илими менен катуу алектенгенин байкады дейли. Аларга да барып жогорудагы биринчи хадисти айта берүүнүн кажети жок, анткени алар ал ишти ансыз деле кылып жатышат. Мисалы, алар илим менен катуу алектенем деп жатып аялдарына азыраак убакыт бөлүп коюп жаткандыр? Мына ошолорго жогорудагы экинчи хадисин айткан.

Антпесе эмне болот?

«Жаман айтпай жакшы жок», эгерде хадистерди туура талдоо ишине көңүл бурбай, бир мааниде аларга карата «тоготпогондой» мамиле кыла турган болсок, бул кылык чоң башаламандыкты, ыйды, балким эсептешкенге мүмкүн болбой кала турган жоготууларды алып келиши мүмкүн. Бул иште кылдат турбасак аз. пайгамбардын сүннөтү деген мөөр чапталган, а бирок ичинде аз. пайгамбарга тиешелүү болбогон нерселер келе бериши мүмкүн. Мисалы «бардык кара түстөгү иттерди өлтүргүлө. Анткени алар - шайтан» («Ханбали», 4/85, 5/54). Бул накта мавзу/ойдон чыгарылган хадис.

Биринчиден, шайтан - руханий бир жаратык, ит болсо биологиялык. Бул экөө онтологиялык, биологиялык, физикалык жактан эки башка жаратык. Экинчиден бүткүл ааламга боорукердик, кечиримдүүлүк катары жөнөтүлгөн пайгамбар (Анбия сүрөөсү, 21/107) кантип эле өз каалоосунан тышкары кара түстүү ит болуп жаратылган күнөөсүз жаныбарды өлтүрүүнү буюрсун? Бул хадисти туура деп кабыл алуу Курандын «Анбия» сүрөөсүнүн 107-аятына каршы келип калбайбы? Буга окшогон сансыз хадистер азыркы тапта хадис китептер баш болуп, ислам динине байланыштуу китептерде жүрөт.

Мисалы, жихадга байланыштуу хадистерди алалы. Бул тема тууралуу кээ бир хадистер аз. пайгамбарды тынбай согушкан, өлтүрүүдөн ырахаттанган, кээ бир жортулдарда мушриктердин аялдары менен бала-чакасынан бери өлтүртүүдөн тартынбаган, (Бухарий, Жихад, 146; Муслим, Жихад, 26-28 (1745); Тирмизий, Сиер, 19 (1570)) мыкаачы бир адам катары таанытат. Карап көрсөк кээ бир хадистердин аз. пайгамбарды жогорудагыдай кылып таанытышы акылга сыйбайт. Биринчиден пайгамбардын андай мыкаачылык кылышы Куранга каршы! Анткени, Куранда анын адеп-ахлактык жактан өрнөк боло турган кишилиги жөнүндө, бүткүл ааламга өрнөк катары жөнөтүлгөндүгүн жогоруда кеп кылдык. Адамдарды, өзгөчө аялдар менен жаш балдарды өлтүрүү мындай турсун, жүк ташуучу жаныбарларга көп жүк жүктөлүшүн тыйган пайгамбарга карата мындай нерселердин айтылышы - кыянаттык, жалаа жабуу, куру дооматтан башка эч нерсе эмес!

Эми, акыркы учурда өзгөчө тайкы диний түшүнүк аркылуу киши өлтүрүүгө чейин барган кыймыл-аракеттин кыймылдаткыч күчү эмне деп ойлойсуз? Бул кадамдарга барган кишилер адатта кылгын кылмышын кылмыш катары кабыл албайт, ал тургай диний вазыйпа катары да баалаган учурлар көп кездешет. Анткени адатта хадис китептериндеги зомбулукка үндөгөн хадистерге шилтеме берүү менен жүйө келтиргенге аракет кылышат. Бул абал балким саясий күчтөрдүн да аябагандай ишине жарашы мүмкүн...

Хадистерди кабыл алууда өтө катуу кылдаттык керек экендиги түшүнүктүү болду деген ойдобуз. Өлкөбүздө кечээ жазылган, эч кандай шилтемесиз (булак көргөзүлбөгөн) китептердеги хадистерди деле хадис катары жаттап, жашап жүргөндөр бар. Акылдуу мусулман андай китептер мындай турсун, классикалык мааниде негизги булактар деп аталган хадис китептериндеги хадистерди да туура талдап, окуп, изилдебестен хадис катары кабыл албашы керек.

Албетте, мечиттердеги хадис китептерин да күчтүү бир команда менен иликтеп, адамды байкатпастан баткакка жетелеген фрагменттерден арылтуу зарыл. Бул үчүн тийиштүү кишилерди жана уюмдарды милдетин аткарууга чакыраар элем.

Бирок катардагы жаран үчүн бул абалга каршы чара катары биринчи кезекте кайсы бир хадистин тууралыгы анын орун алган китебине карап белгиленбестигин, анын тууралыгы акыл, логика б.а. илим менен гана болорун айтып кетким келет.

Бул жазганыбыз пайгамбарга жана анын сүннөтүнө ишенбестик эмес, аларга туура жолдон барыш үчүн көрсөтүлгөн аракет, кылдаттык жана хадис булактарынын усулдук кемтигин колдонууга маш шылуундардын айлакерлигине балта чабуу катары кабыл алынууга тийиш.

Элмурат Кочкор уулу

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG