«Жамгыр алдындагы бий» театралдык шоусунда оюн көрсөткөн жигиттер белден өйдө чечинип бийлемек. Бирок сахнага чыгарда бул сценага уруксат берилбей, артисттер нөшөр алдында көйнөкчөн бийлешкен.
Санкт-Петербургдан келген «Азгырык» театры жалаң жигиттерден түзүлгөн. Долбоордун өзгөчөлүгү - шоу жамгыр алдында өтүп, бийлөөнүн бир нече ыкмалары колдонулат.
Депутат Дастан Бекешев соцтармактарга аталган топтун 2-февралда Бишкекте койгон оюн-зоогунун айрым сценаларына Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тыюу салганын жазган.
«Маданият тармагында цензура болбош керек, - дейт ал. - Бирок ошол эле кезде бизде порнографиялык жана төшөк темасындагы видеотасмалар, сүрөттөр же номерлер атайын көрсөтүлбөшү керек. Ошол эле кезде жазылбаган эрежелер бар. Мисалы, кино тасмада же ушундай театралдык шоулардын эпизоддордо каармандардын чечингенине тыюу салбасын да. Маданият министрлиги мындай майда-чүйдөгө киришпей, мыйзам боюнча иштеши зарыл».
Бекешев тыюу салынды деген сцена - «Жамгыр алдында бий» номери. Мында белине чейин чечинген жигиттер нөшөр алдында бийлемек. Депутат ал бийде эч кандай уяттуу көрүнүш жок деп эсептейт.
Санкт-Петербургдан келген бий театрынын көркөм жетекчиси - кыргызстандык Рустам Надыршин. Сөз болуп жаткан театр бул ирет Кыргызстанга төртүнчү жолу келген. Бишкекте алардын өз көрүүчүлөрү бар. Режиссер Эркин Эгембердиев да аталган театрдын күйөрмандарынын бири.
«"Искушение" театрынын шоусуна мен бир нече жолу киргем, - деди ал. - Чынында алардын сценасы кандайдыр бир деңгээлде күйөрман тандайт. Ал жерде биздин менталитетке туура келбеген эпизоддор да бар. Бирок жалпы жонунан мага жагат. Ошентсе да азыр баарынан абайлаган заман болуп жатпайбы. Баары соцтармактарга чыгып кетип, талкуу жаратууда. Ошондой абалдан коркуп, чыр-чатактын алдын алышты окшойт. Анткен менен «Искушение» театрынын Бишкекте өз көрүүчүлөрү бар. Дүйнөнү кыдырып жүргөн театр. Менин оюмча бизде бул театрга болгон мамиле «сүткө оозун күйгүзүп алган айранды үйлөп ичет» дегендей эле болду окшойт».
Адистер дүйнө жүзүндө 16 жаштан жогорку көрүүчүлөр үчүн атайын оюн койгон театрлар көп экенин айтып, айрымдар «Искушение» долбоорун да ошол форматтагы театр деп сыпатташат. Бирок театр жетекчиси Рустам Надыршин медиадагы маектеринде бул бий тобу кыз-келиндерге стриптиз көрсөтүүгө эмес, эстетикалык рахат тартуулоого умтуларын айтып келет.
Театр таануучу Жаныш Кулмамбетовдун пикиринде, маданият менен искусствонун кайсы бир тармагына тыюу салуу татаал маселе.
«Алар койгон шоу биздин кыргыздын менталитетине, көз карашына канчалык деңгээлде туура келет же келбейт деген маселеде кесипкөй эксперттердин тобун чакырып, алардын пикирин угуп туруп, анан бир чечим кабыл алыш керек. Бул эреже катары пайдаланылышы керек. Болбосо демократиялык мамлекет болгондон кийин киши өлтүрүүнү, зордук-зомбулукту, улут аралык араздашууну пайда кыла турган же рассалык кемсинтүүнү даңазалаган чыгармалар жаралбагандан кийин башка чыгармалар ээн-эркин аткарыла бериши керек».
Кулмамбетов ошентсе да искусство менен маданият өкүлдөрү улуттук менталитеттеги нравалык чен-өлчөмдөрдү да унутпашы керек деген пикирде.
Чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн айтымында, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде болгон феминнале чатагынан кийин маданият тармагындагы жетекчилер өз көлөкөсүнөн коркуп, айрым учурларда улуттук менталитетти диний чектөөлөр менен аралаштыра баштады.
Жазуучу Олжобай Шакирдин айтымында, кыргыз элинде эр эңиш, күрөш сыяктуу улуттук оюндарда жигиттердин бел курчоого чейин чечингени өөн деп эсептелген эмес.
«Адамзат тарыхында тыюу салуу өнүгүүгө бөгөт болуп келген. Үй-бүлөнү алып карасак деле тыюу салынган үйдө тарбияланган баланын өсүшү алдыга кеткен эмес. Акыркы жылдарда биздин коомдо тыюу салуу ушунчалык күчөдү. Башканы кой, "бозо да ичкенге болбойт, бул деген арам, спирти бар" деп тыюу салып жатышат».
Олжобай Шакир чыгармачылыкта бардык тыюу салууга каршы.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева министрлик «Искушение» театрынын оюн-зоок программасына киришпегенин билдирди. Бул иш-чара Филармония менен аталган театрдын ортосундагы келишимдин негизинде өткөн.