Шайлоо: саясатчылар эмнеге тынчсызданат?
Кыргызстанда бир катар саясий күчтөр күзгө белгиленген президенттик шайлоого тынчсыздануу билдирүүдө. Алар талапкерлерди оор шарттар тооруп турганын белгилеп, шайлоону таза-акыйкат өткөрүүгө азыртан кам көрүүгө бардык тараптарды чакырып жатышат. Ал эми бийликчил саясатчылар андай кооптонууга негиз жок, өлкөдө президентти шайлоо жолу менен алмаштырууга толук шарттар бардыгын айтууда. Коноктор: Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022
Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021
Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021
Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021
Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт