Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Жеңилдиктер кайсы мигранттарга берилди?


Гүлбарчын Байымбетова.
Гүлбарчын Байымбетова.

Орусия "кара тизмедеги" кыргызстандыктар менен учурда Орусияда миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн мигранттарга мунапыс берди.

Мындай жеңилдиктер кыргыз-орус президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынган.

Орус бийлиги «кара тизмедеги» кыргызстандыктардын айрымдарына кайрадан Орусияга кирүүгө уруксат берип, буга кошумча катары азыркы кезде орус жергесинде миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн мигранттарга мунапыс жарыялады.

Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова алардын ичинен жеңил миграциялык мыйзам бузуу менен «кара тизмеге» киргизилгендер гана чыгарыларын белгиледи.

- Орусиянын № 114 федералдык мыйзамынын 26-беренесиндеги 4-8-пункттары боюнча Орусиядан чыгарылган жарандар «кара тизмеден» чыгарылат. Бул бир же бир нече жолу жеңил административдик жазага тартылып, же миграциялык каттоого туруу эрежесин сактабай, же миграциялык каттоого туруу мөөнөтү өтүп кетип өлкөдөн чыгарылгандар. Ноябрдан тартып бул жарандар өздөрүн Орусиянын ИИМнин Миграция башкармалыгынын сайтындагы маалымат базасынан текшерип алып, Орусиянын аймагына кайра барууга укуктуу.

​Байымбетова атап өткөн «Орусияга кирүү жана чыгуу жөнүндө» федералдык мыйзамдагы жоболор боюнча, биринчиден, Орусияда акыркы үч жылда бир нече жолу административдик мыйзам бузгандар, экинчиден, Орусияга киргенде 30 күн ичинде же миграциялык каттоого турбай же бул мөөнөттүн ичинде өлкөдөн чыгып кетпей, миграциялык эрежелерди бузгандар «кара тизмеден» чыгарылат.

Кыргыз-орус президенттеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынган экинчи жеңилдик - бул учурда Орусияда миграциялык эрежелерди сактабай жүргөн мигранттарга мунапыс.

- Дээрлик эки айлык убакыт берилди, - деди Гүлбарчын Байымбетова. - 16-октябрдан 10-декабрга чейин Орусиянын аймагында миграциялык каттоого турбай же башка миграциялык эрежелерди сактабай иштеп жүргөндөр, ошондой эле бир же бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылгандар эч кандай коркпостон Орусиянын чек арасынан чыгып, кайра эч кандай тоскоолдуксуз миграциялык тарыхын жаңыртып кирүүгө укук берилди. Мигрант бул арада кайра киргенинде мурдагы административдик жана миграциялык эреже бузуусу сакталбай, жаңы миграциялык кагаз менен кирет.

«Кара тизмеден» чыгаруу жана миграциялык мунапыс жеңилдиктерин бардык мигранттар колдоно алышпайт. Эки өлкөнүн макулдашуусунда мигранттардын кайсы топторуна бул жеңилдиктер берилбей тургандыгы так көрсөтүлгөн.

- Орусиядан соттун чечими менен чыгарылып, «кара тизмеге» алынгандар же соттун өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттендирген баракчасын колуна алып коюп өлкөдөн чыкпай жүргөндөр, Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө жарыялангандар бул жеңилдиктерди колдоно алышпайт. Ошондой эле «Орусияга кирүү жана чыгуу жөнүндө» федералдык мыйзамдын 27-беренесинде көрсөтүлгөн пункттар боюнча өлкөгө кирүүгө тыюу салынган жарандарга жеңилдиктер каралбайт, - деп түшүндүрдү элчиликтин өкүлү.

Бул мыйзамдын 27-беренесинде 14 пункт көрсөтүлгөн. Тагыраак айтканда, мурунтан Орусиянын коопсуздугуна коркунуч келтиргендер, жугуштуу оорулары аныкталгандар, өлкөдөн салык төлөбөгөнү үчүн чыгарылгандар, административдик айыппул төлөөдөн жана сот өкүмүнөн качып кеткендер, Орусияда үч айдан ашык жүрүп миграциялык каттоого турбагандар жана «кара тизмеге» беш жылдан узак мөөнөткө киргизилгендер мындай жеңилдиктерди колдоно алышпайт.

Акыркы маалыматтар боюнча учурда Орусияда 650 миңден ашуун мигрант иштейт. Ал эми «кара тизмеде» 70 миңдей кыргызстандык бар. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги алардын 50 миңи соттун чечими менен Орусиядан чыгарылганын, бул жеңилдиктерди калган 20 миңдей жаран колдоно алаарын кабарлады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG