Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:22
Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Алтынчы президенттин инаугурациясы

Бүгүн Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Садыр Жапаров ант берди.

Кыргызстанда былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы жапырт тополоңго айланып, эл күч менен бийликти алмаштырган. Анда 10 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду тарапкерлери абактан чыгарган.

10-январда өткөн шайлоодо Жапаров шайлоого катышкандардын 80% чукулунун добушун алып, президенттикке шайланган. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% катышканын кабарлаган.

11:25 28.1.2021

11:28 28.1.2021

Садыр Жапаров адам укугун сактоого, маданият тармагын мамлекеттин камкордугуна бөлөөгө убада берди. Орусияга, коңшу мамлекеттер Өзбекстан менен Казакстанга ыраазылык билдирип, булар стратегиялык өнөктөштөр экенин белгиледи. Кытай менен жакшы алакада болуу керектигин, АКШ, Европа өлкөлөрү менен кызматташуу уланарын, Кыргызстан көп векторлуу саясатты улантарын белгиледи.

11:29 28.1.2021

Садыр Жапаров эл темирдей тартипти самап турганын, аны президенттик бийлик гана камсыздай турганын белгиледи. "Президенттик башкаруу - калың эл алдында керт башым менен жооп берүү" деп айтты.

11:33 28.1.2021

Садыр Жапаров: Чыдамдуулуктун да чеги бар. Андыктан 5-октябрь күнү калың журттун парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу, бийликти биротоло кетирүү талабына өсүп жетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу. Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайт, калайык-калктын аруу мүдөөсү узурпация болбойт. Эл-журтумдун ошондогу талабын жүзөгө ашырууну көздөө менин президенттик мөөнөтүмдүн негизги максаты болмокчу. Демек, күн-түн дебей күч үрөп, бел чечпей иштеп, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумуш орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыз кылуу, миңдеген мигрант мекендештеримди кайтарып келүү президент катары милдетим деп эсептеймин.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG