Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Кызга бааланган күлүк


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мен бүгүн ушу тапта Чүйдүн Жаңы-Жер айылында жашап жаткан дабагер, жетимиштин кырындагы абабыз Сами Имрановдон уккан, чанда бир чыкчу сай күлүк Кары Боз тууралуу икаяны ортого салмакчымын.

Совет доорунда каратегиндик кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгы, үрп-адаты, каада-салты, жөрөлгөлөрү, бул элдин өзүнө гана тиешелүү өзгөчө маданияты тууралуу көрүнүктүү диалектолог Жээнбай Мукамбаев, тилчи-окумуштуу Киреше Иманалиев, белгилүү этнограф Тайтөрө Батыркулов илимий да, этнографиялык да багытта баалуу маалыматтарды калтырып кеткенин билебиз. Жерге-Талдан чыккан жазуучу Мирзохалим Каримов «Жер жылдызы – Жерге-Тал», «Тажикстандык кыргыздар» атуу китептеринде бул чөлкөмдөгү кыргыздар жөнүндө кеңири түшүнүк берген. Ал эми жакынкы жылдарда атына заты жарашкан намыстуу кызыбыз Жаңыл Жусупжан жергеталдыктар тууралуу «Каратегинден кат» аттуу даректүү тасма жаратып, тагдырдын өгөй баласына айланган каратегиндик кыргыздардын жүзүн Европага чейин таанытты. Бирок Каратегинди «казак кайың саап, кыргыз Ызарга (Гисарга) качкан» доордо байыр ала баштаган (айрым маалыматтарга караганда кыргыздар аталган аймакка андан да мурда, XII кылымдарда эле барган) тажикстандык кыргыздардын тарыхый-этнографиялык жана маданий бай мурасынын али чети оюла элек десек жаңылышпайбыз. Андыктан учурда ата-бабалары мурастап калтырган жер-суу аттарынан ажырап, тили, дили унутулуп бараткан жана бир улуттун өкүлү, өзүнчө эл катары жок болуп кетүү коркунучунда турган каратегиндик кыргыздардын руханий көрөңгөсүн сактап калуу – тек жергеталдыктардын гана милдети эмес, өзүн кыргыздын атуулумун деп эсептеген ар бир жарандын улуу вазийпасы.

Мен бүгүн учурда Чүйдүн Жаңы-Жер айылында жашап жаткан дабагер, жетимиштин кырындагы абабыз Сами Имрановдон уккан, чанда бир чыкчу сай күлүк Кары Боз тууралуу икаяны ортого салмакчымын.

…Миң-Булакта (Миң-Булак – Жерге-Талдагы четки айылдардын бири. – А.К.) Муса деген өткөн экен. Муса башында өтө кембагал болот. Элдин малын багып күн көрөт. «Берем деген кулуна, белен кылат жолуна» дегендей, бир күнү Муса кой багып жүрүп бир кумган алтын таап алат. Ошентип, ал күтпөгөн жерден байып кетет. Мусулманчылык парзын аткаруу максатында ажыга барып, Мусагажы (Муса ага ажы. – А.К.) аталып калат. Ал кезде ажыга зыяратка чанда бирөөлөр гана барчу экен.

Мусагажынын көзү өткөндөн кийин, болжол менен 1900-жылдары анын уулу Токтор токсоба (ошол кездеги саясий титул) атасына аш берүүгө камынып, биягы Жерге-Тал, тиягы Гарм (кыргызчасы – Корум, бул район азыр Рашт деп аталат– А.К.), Чоң-Алай дубандарынын элин чогултат. Жерге-Талдын айтылуу жайлоосу Тоочакка кырктан ашуун кыргыз үй (тажикстандык кыргыздар боз үйдү ушинтип аташат. – А.К.) тигилет. Аталган ашта балбан күрөш, улак тартыш, оодарыш, эр эңиш, аркан тартыш, ат чабыш, жорго салыш ж.б. сыяктуу көчмөн элдерине таандык оюндар аштын көркүн чыгарат.

Биздин Абдираим бий деген бабабыздын Кары Боз аттуу дулдулу болгон экен. «Күлүк күчүндө, тулпар тушунда» дегендей, Кары Боз табына келип турганда эч бир күлүктү алдына чыгарбай, мейли ат чабыш болсун, мейли ат оюндарынын бөлөк түрү болсун, дайыма баш байгени утуп келген дейт. Бабабыз Кары Бозун жанынан артык көрүп, жаман көздөн, суук сөздөн сактап, жылкынын табиятын мыкты билген аттуу-баштуу саяпкерлерге таптатып жүрүптүр. Мусагажынын ашы өтүп жатканда бийдин тулпары 12 асыйдан өтүп, Кары Боз атка конгон чагы тура. Бир кезде даңкы далайга кеткен күлүгү ал-күчтөн тая баштаганына карабай, бий аны аздектеп багып, айлап суутуп, алдыда өтө турган мааракеге катуу даярдык көрүптүр.

Сами Имранов.
Сами Имранов.

Ошентип, кары-жашты көптөн бери дегдеткен, жалпы элдин бүйүрүн кызыткан чоң байге башталат. Ашты башкаруучулар, оюнду тескеп жүргөн жарчылар «аргымактар райондун борборунан аш өтүп жаткан Тоочак жайлоосуна чейин (60 чакырымдан ашуун) чабылат» деп жарыя кылышкандыктан, чабыла турган элүүгө жакын күлүк айтылган жерге бир күн мурда жеткирилет. Таң кулан өөк салганда калыстар күлүктөрдү көгөнгө байлагандай сапка тизип, бирде тиги башынан, бирде бу башынан кезек менен коё беришет. Байлыгына, мансабына манчыркаган кимдир-бирөөлөр кандай болбосун өз күлүгүн алдыга чыгаруу нитетинде Кары Бозго кара санайт. Ат бошоткуч эки калысты паралап, башкы атаандаш Кары Бозду саптын ортосуна коюп, түшкө чейин бир жерден жылдырбай турууну буюрушат. Аттар тегиз чабылып, кезек Кары Бозго жетсе да карылуу эки киши күн шашке болгонго дейре аны тап жылдырбайт. Тулпардын төрт аягы тыбырчылап, суурулуп качууга аракет кылат, чыдай албай кишенеп жиберет. Бирок күчтүү колдор аттын жаагын капшыра, тизгинди бек кармап тургандыктан, ал ордунан козголууга чамасы келбейт.

Дулдулдун үстүндөгү биздин чоң атабыз Имран ошондо 16 жашта экен. Ал тестиер кезинде эле оттон-суудан кайтпаган курч, беттегенин бербеген өжөр, өткүр болуптур. Оболу Имран чоң ата ызасына чыдабай ыйлап жиберет, кийин эки арамзаны ыргай саптуу камчысы менен башка-көзгө коюп-коюп алат. Тизгини бошой түшкөнүн сезген күлүк бар күчү менен катуу жулкунуп, тигилердин колунан чыгар замат атырылып жөнөйт. Азат болгон Кары Боздун туяктарынан чаң ызгып, эчак узап кеткен чабандестерди артынан кууйт. Бирок ал дароо эле чымын-куюн болуп алып учпайт, бир топ аралыкка чейин орточо ылдамдыкта сызат. Качан гана чаткаягы көбүк чачып, кең соорусу, жапшырылган кулактарынын асты, капталдары нымшып тердей баштаганда арышын кеңейтет. Улам барган сайын күчөйт, улам барган сайын күүлөнөт, алдыда бараткан аттарды биринен сала бирин кууп өтө берет. Оозу араандай ачылып, эки таноосу көөп, кудум жомоктордогу тулпарлар сыяктуу учуп бара жаткандай элес калтырат. Имран чоң ата тизгинди бош таштап, атты өз эркине коёт.

Көк Сууну бойлой кеткен кыя жолдо аты зордугуп, союп жатканы бар, аты баса албай калып, түшүп жетелеп алганы бар, ээр-токумун жеңилдетип, терин кургатып жатканы бар дейт. Ошентип, чабылган аттардын көбү марага жетпей эле жолдо калып кетиптир. Ал эми биздин Абдираим бабабыздын Кары Бозу түшкө маал дээрлик бардык аттарды басып өтөт. Алдыда бир гана Токтор токсобанын күлүгү Жээрде калат. Мезгил бешим ооп, акыркы айыл Миң-Булак кыштагында жеткенде Кары Боз Жээрдени бучкактап барат. Эки күлүк бирде бири, бирде экинчиси озуп, чай кайнам убакытка чейин эч кимиси алдыга суурулуп кете албайт. Бирок эми эле үч асый болгон Жээрде түздүктө учкаяк болгону менен өр талашканда энтигип, тез эле аксай түшөт. Кары Боз Тоочактын кырынан көрүнгөндө жандоочулар утурлай чаап, марага чейин коштоп барышат. Марага жетер замат дароо баланы аттын үстүнөн түшүрүп алышат. Садага үчүн субай калды союлат, өпкөсүн башына тегеретишет, көз тийбесин деп баланы бекитип коюшат. Карап тургандар: «Атты токтотпогула! Атты токтотпогула», - деп жардап кыйкырып жиберишет. Ошондо Кары Бозду башка бирөө минип, өзүнө келгенче көпкө чейин жүгүртүп турат. Ал эми аталган чабыштын баш байгесине үстүнө чоң килем жабылган жогдорлуу төө сайылат. Абдираим бийди куттуктаганы мөкчүлөр (Мөк – Абдираим бийдин айылы – А.К.) турган кыргыз үйгө Токтор токсоба өзү келип, баш байгени өзү тапшырат.

«Абдираим бий, жеңишиң кут болсун, башыңа бак консун! - дейт ал чын ыкласы менен. - Эгер куп десең, күлүгүңдү мага бер, бирок мен бекер сурап жатканым жок, балагатка жеткен сулуу кызым бар, мына, көпчүлүктүн көзүнчө айтайын, ошону балаңа кара сууга нике байлап берем. Балаңа алып бересиңби, иниңе алып бересиңби – өзүң билесиң», - дейт. Мындайды күтпөгөн Абдираим бийдин оозунан келмеси учат. Көпкө чейин тунжурап, унчукпай калат. Жандай көргөн Кары Бозунан айрылгысы келбейт.

Мөктүн аксакалдары: «Канчалык күлүк болсо да бир мал экен, токсоба өзү сурап жаткандан кийин бер!» - деп жаалашат. Ошондо Абдираим бий: «Кызды кара сууга нике байлап берген кантип болсун, мен да жер караган адам эмесмин, кыздын калыңына Кары Боздун үстүнө байгеге алган килемди, жогдорлуу төөнү кайтарып берем», - дейт. Эл да муну макул көрөт. Токтор токсоба Абдираим бийдин алдына жакшы ат тартып мингизет. Калган кудаларынын баарына тон жаап, бирин да кур калтырбай сарпайлап жөнөтөт. Мына ошентип, Токтор токсобанын кызын Абдираим бий тун уулу Дөөлөтбекке алып берген дешет.

Токтор токсоба – өзүнүн марттыгы, берешендиги менен элдин эсинде калган адам. Анын Маргалаңда чайканасы, мейманканасы болгон экен. Каратегинден ошоякка иштегени баргандар анын чайканасынан бекер чай ичип, мейманканасына бекер түнөшчү тура. Жарды-жалчыларга да, багар-көрөрү жокторго да анын көп жардамы тийген дейт. Токтор токсобанын айкөлдүгү тууралуу Жерге-Талдын аксакалдары азыркыга чейин кеп салышат. Токтор токсоба өткөн кылымдын жыйырманчы-отузунчу жылдары, совет бийлигинин кысымынан Кашкарга качып, ошол жакта киши колдуу болуп каза табат…

- Балдар, кайда жүрсөңөр да түпкү тамырыңарды, ким экениңерди унутпагыла, дос-тууганыңар менен катташкыла, бул күндөр да өтөт, биз да өтөбүз, бизге чейин миңдеген жылдар өткөн, жер үстүндө аманчылык болсо, бизден кийин да миңдеген жылдар өтөр. Ошондо баары унутулат, бир гана мобуга окшогон нуска сөздөр калат… Балким, жүз жылдан кийин, же миң жылдан кийин биздин урпактар «ата-бабаларыбыз кайсы бир доордо Каратегинден келишкен экен» деп эскерип жүрүшөр, - деп кебин бүтүрдү Сами ава, туугандар чогулган ошол кечте баарыбызга кайрылып.

Аким Кожоев

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG