Азаттык: Жай мезгили адаттагыдай эле тынч өтүүдө, өлкөнүн саясий активдүүлүгү күздө жанданат эмеспи. Сентябрда биз саясаттан эмнени күтсөк болот?
Кулов: Албетте, саясий өнөктүктөр башталат. Кимдир бирөө аны эрте баштайт, башкалары кечирээк дегендей, бул кадимки көрүнүш. Өлкөдөгү стабилдүүлүк жөнүндө айтсам, эч кандай ызы-чуу, үчүнчү, төртүнчү революция күтүлбөйт. Бул жактан алганда биздин жарандар камтама болушпасын. Анткени азыр төңкөрүшкө негиз жок жана ага эч ким шыкак бербейт. 2005 жана 2010-жылдардагы революциялардын себеби бар болчу, анда бийлик тараптан зобун-зомбулук жасалып, 2010-жылы элге ок атканга чейин барышкан. Биздин элде өзгөчө сапат бар - адилеттүүлүккө умтулуу. Эгер адилетсиз башкаруу жүрсө анда төңкөрүштү күтсө болот. Менимче азыр ага эч кандай негиз жок.
Азаттык: Сиздин оюңуз боюнча өкмөт азыр жетиштүү иштеп, алдына коюлган тапшырмаларды так аткарып жатабы?
Кулов: Дүйнөдө эли ыраазы болгон бир да өкмөт жок. Алардын арасында биз да барбыз. Өкмөт бир аз жандуураак болуп, жигердүү иштеп, жоопкерчиликти алуудан коркпошу керек. Маселенин баары ушул жерде. Мен буга чейин дагы айтып келгендей, азыр өкмөттө дагы, мамлекеттик тармактарда дагы бийликтин иши токтоп калгандай. Маселен, Саламаттыкты сактоо министрлигин алалы. Аткаминерлер тендердик комиссияларга кирүүдөн коркушат. Эгер алар арзан жабдык алышса, эртең эле прокурор келип арзандын сапаты арзыбаарын айтат. Эгер кымбат жабдык алса, ошол эле прокурорго анын баасы жакпай калышы мүмкүн. Дароо текшерүүлөр жана башка баш оорулар башталат. Жетекчилер жоопкерчилик алып, кол койгондон коркуп калышты. Мына ушул чоң көйгөй. Биз коррупция менен күрөштү баштадык, бул туура. Ошол эле маалда «баш ал десе бөрк алып» жиберип атабыз. Коркутуулардан улам элдин эч нерсеге каалоосу жок. Бул баарынан коркунучтуу. Дагы бир жолу айтаарым жоопкерчиликти алуудан коркпош керек.
Азаттык: Сиз министрликтер жана мамлекеттик корпорация түзгөн өкмөттүн жаңы структурасы тууралуу айттыңыз эле. Ал эмне болгон долбоор?
Кулов: Ооба, биз мамлекеттик корпорация түзүүнү сунуштап жатабыз. Алар өзүн өзү каржылап, сынак аркылуу жаңыча иштөөгө умтулган жаштарды алышы керек болот. Мындай жол менен биз ортодо баланс түзөбүз. Министрликтер саясатты аныкташат, корпорациялар болсо бул саясатты өз тажрыйбаларына таянып ишке ашырышат.
Азаттык: Маселен, кайсы министрликтер?
Кулов: Негизги министрликтер калат. Биз дагы бир жаңы Инфраструктура жана өнүктүрүү министрлигин сунуштап жатабыз. Ошол эле маалда Саламаттыкты сактоо, Айыл чарба, Өзгөчө кырдаалдар министрликтери жок болот. Акыркысы Ички иштер министрлигинин курамына кирет.
Корпорациялар түзүлөт. Туризм корпорациясы. Кыргызстан туризм өлкөсү дейбиз, бирок бул тармака бюджеттен жылына болгону 2 млн. сом бөлүнөт. Бул акчага эмне кылса болот? Биз өзүн өзү каржылаган корпорация түзүп, анын карамагына “Ысык- Көл” мейманканасын, “Аврора” пансионатын, лыжа базаларын жана башка бир катар объектилерди киргизүүнү сунуштап жатабыз.
Мындай башкарууга жеке ишкерлерди тартуу аркылуу бир натыйжага жетсе болот. Албетте, мындай кызматташуудагы негизги иш мамлекеттин колунда болуш керек. Жөн эле департаментте отуруп алып, жолугушууларды өткөрүп, кагаздарга кол койгондун эмне кереги бар. Албетте, аракет кылып атышат, бирок жетиштүү эмес.
Азаттык: Көптөрдү “эмне себептен “Ар-намыс” фракциясы ар кандай жооптуу кызматтарга Камила Талиеваны көрсөтө берет?” деген суроо кызыктырат, анткени Талиева айымдын дайындалышына каршы нааразылыктар болбодубу?
Кулов: Биз эми ар дайым эле көрсөтө бербейбиз. Биз алгач аны вице-премьерлике көрсөтүп, анын иши боюнча эч кандай нааразычылык болгон эмес. Кийин маданият министрлигине талапкер жылдырыш керек болду. Өкмөт мүчөлөрү парламент тарабынан түзүлөт. СДПК фракциясы социалдык тармак боюнча вице-премьерлике өз талапкерин көрсөтүүнү каалады. Ал арада “Ар-намыс” дагы вице-премьерлике Абдырахман Маматалиевди жана Валерий Дилди сунуштаган.
Камила Талиева буга чейин маданият министрлигин да көзөмөлдөп келген, ал бул тармакты билет. Жаңы бирөөнү тандаш кыйын болду, ошондуктан аны менен сүйлөштүк. Талиева иштеп кетээрин айтты. Андан кийин ага каршы акциялар башталды.
Мен эч качан адамды жаман дебейм. Мен анын көз карашын, билдирүүлөрүн сындашым мүмкүн. Бул жеке менин жана фракциямдын көбүнүн позициясы ушундай. Талиева бир нече жолу жардамчыларын жана айдоочуларын алмаштырганын айтып чыгышты. Эмнеге андай кылганын өзүнөн сурасам, «эркек мүнөздүгүнөн» улам деп түшүндүрдү. Эгер ал бир нерсе жакпай калса бетке айтат, чыдабагандар кетип калыптыр. Азыр демократия. Мен ага эмне деп айта алам? Болгону “фракция ишенип кызматка көрсөтүп жаткандан кийин бир аз абайлап мамиле кылыңыз” деп кеңеш бердим.
Азаттык: Улуттук оппозициялык кыймылга көз карашыңыз кандай? Анын таасири барбы, же бул жөн эле өз кызыкчылыктарын көздөгөн адамдардын тобубу?
Кулов: Таасири барбы же жокпу айтыш кыйын. Ар бир кыймыл түзүлгөндө сөзсүз таасирин күчөтүштү көздөйт. Аздыр көптүр бир нерсе чыгышы мүмкүн. Мен алардын баары менен таанышмын, жолугуп, сүйлөшүп жүрөм. Талаптары абдан кызыктуу. Алар президент - парламент жана соттор деп айтышууда. Мындай сөздө да чындык бар. Президент эки тарапка тең кийлигишпегени менен анын парламентте фракциясы бар. Ал депутаттардын саны боюнча чоң фракция жана сөзсүз таасири да арбын. Бул жерде президенттин эмес, партиянын же фракциянын таасири бар. Оппозициялык кыймыл качан ойгонот? Каршы чыкканга бир себеп пайда болгон кезде. Бүгүн баары президенттин колунда экени айтылууда. Ошол себептен оппозиция дагы мамлекет башчынын ушул жагына эле асылып атышат.
Азаттык: Кийинки шайлоодо дагы парламентте ушундай эле көз караштардын түрдүүлүгү сакталашы мүмкүнбү?
Кулов: Азыркыдай болбосо керек. Парламентке жаңы келген партиялар монолитүү болот деп ойлойм. Оппозиция бир аз конструктивдүү жана таасирдүү болсо керек. Азыр парламентте күчтүү оппозиция жок болгону жаман. Ошол себептен азыркыдай парламенттен сырткары оппозициялык кыймылдар түзүлүп жатат. Негизи парламенттин өзүндө күчтүү оппозиция болушу керек эле.
Азаттык: Сиздин оюңуз боюнча кийинки шайлоодо парламентке кайсы партиялар өтөт? Өзүңүз шайлоого катышасызбы?
Кулов: Учурдагы парламенттеги партиялар жана башка жаңылар өтөт деп ойлойм. Биз сөзсүз шайлоого барабыз. Азыртадан эле бизге союздаштар чыга баштады. Албетте, бул чоң жоопкерчилик. Анткени биз өкмөттү түзүп, анын жакшы иштешине жоопкерчиликтүүбүз. Азыр өкмөттү оппозициядан дагы коалиция катуу сындайт. Биз демек анын кемичиликтерин жаппай көрсөтүп турабыз. Бул деген башкаруучу коалициянын жөндөмүн көрсөтөт.
Мен өлкөдөгү туруктуулукка жана адамдардын мамилесине байланыштуу дагы бир суроону козгой кетейин. Азыр Кыргызстанда айыл өкмөттөн баштап мамлекет башчысына чейин сындашат. Баары жаман, эч ким жакпайт. Андан сырткары ушак айың сөздөрдү таратып, басмырлоого чейин аракеттенишет. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары маданий интеллигенциянын чоң тобу Кытайга барат, алар менен жолуккан Дэн Сяопин «улуттук идеологиянын негизи эмне?» деп сурайт дагы, кайра өзү “ал улууларды, улуттук наркты, салтты сыйлоо, элдин биримдигине умтулуу” деп жооп берген экен. Биз бири бирибизди урушсак дагы, мазактабашыбыз керек. Мактаксак дагы, урушсак дагы президент Атамбаев өз мөөнөтүнүн аягына чейин отуруп, бийликти татыктуу тапшырып кетишин каалайм. Биз аксакалдарга жана ардактуу адамдарга татыктуу кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек.