«Мекен Ынтымагы», «Реформа», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар» баштаган саясий партиялар «Үмүт» саясий кыймылына биригип, азыркы бийликке алты талап коюп жатышат. Алар беш жылдык мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышын таратып, парламентке кайра шайлоону Конституцияга ылайык, 20-декабрда өткөрүүнү талап кылышууда.
Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) курамын жаңылоо максатында бийлик тарабынан Боршайком мүчөлөрүнө коркутуу, басым күч алганын билдиришти.
«Үмүт» саясий кыймылынын мүчөлөрү президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровду мыйзамдарды сактоого үндөштү. «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков буларды айтты:
«5-октябрда митинг уюштурган балдарда «бийлик институттарын жокко чыгаралы» деген максат болгон эмес. Биз болгону адилетсиз өткөн шайлоону кайра өткөрүп берүүнү талап кылганбыз. Бирок мурда-кийин ушундай саясий тополоңдорго аралашып калган адамдар өзүнүн саясий мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, мыйзам бузуу жолдору менен бийликти түптөп алуу аракетин башташты. Бүгүнкү күндө бийликти узурпациялоо жаңыдан башталып жатат. Бул кадамдар мамлекеттин келечегине терс таасирин тийгизбесин деп «Үмүт» кыймылын түзүп жатабыз».
«Үмүт» саясий кыймылынын түзүлүшүнө себеп болгон Конституцияны өзгөртүү жана парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору 22-октябрда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ушул эле күнү президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ал мыйзамга кол койгон. Документ 27-октябрда мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланып, расмий күчүнө кирген.
«Реформа» партиясы 28-октябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылды. Партиянын мүчөсү Рита Карасартова мындай түшүндүрмө берди:
«Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун бир күндүн ичинде эле үч окуудан өткөрүп, 20-декабрда боло турган шайлоонун мөөнөтүн жылдырып койду. Аталган документ конституциялык нормаларды, регламентти бузуу менен кабыл алынгандыктан Конституциялык палатага арыз жаздык. Азыркы бийлик элден сурабай, мыйзам бузуу жолу менен мамлекеттик системаны, конституциялык түзүлүштү бузганга белсенип турат. Бул - бийликти узурпациялоо. Мыйзам чегинде шайлоого байланыштуу соттук териштирүү кыска мөөнөттө каралышы керек. Эгерде Жогорку Кеңештин бир эле күндө кабыл алган мыйзамы жокко чыкса, анда Борбордук шайлоо комиссиясы 20-декабрда шайлоо өткөрө алат».
Кеп болгон мыйзамга байланыштуу Конституциялык палатага кайрыларын бул партиянын лидери Клара Сооронкулова да 26-октябрда маалымдаган эле. Ал «бул мыйзамдын кабыл алынышы менен Конституциянын өзү легитимсиз болуп калып жатканын» айткан.
Саясий партиялардан тышкары жарандык коомдун бир бөлүгү жана юристтер парламенттик кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүш керек экенин айтып келатышат. БШК да мыйзамга ылайык, 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин кайра шайлоо үч айдын аралыгында өтүшү керек деген позицияда турат. Ошого ылайык, БШК 21-октябрдагы чечими менен шайлоону 20-декабрга белгилеген. Бирок Бишкектин административдик соту БШКнын токтомун жокко чыгарган. БШК Жогорку сотко арыздануу ниетин билдирген.
Антсе да Садыр Жапаров баштаган бийликтин шайлоо боюнча пикири башкача.
Алар Жогорку Кеңеш бир күндө кабыл алган мыйзамдын негизинде, парламенттик шайлоону конституциялык реформадан кийин – 2021-жылы өткөрүүнү пландап жатышат. Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бакыт Аманбаев мындай дейт:
«Адегенде президенттик шайлоону өткөрүп алышыбыз керек. Легитимдүү президент шайлангандан кийин парламенттик шайлоо өткөрүү зарыл. Ал шайлоону элдин талабына ылайык шайлоо мыйзамдарын өзгөртүп туруп, жарандарга шайлоого жана шайланууга укук берген эрежелерди киргизип туруп, анан өткөрүүгө аракет кылабыз. Элдин талабы ушундай болуп жатат. Азыр парламенттик шайлоону өткөрсөк мурдагы эле эрежелер менен өтүп калат экен. Андыктан азыркы кадамдар туура эле болуп жатат».
Парламенттик шайлоодон тышкары Жогорку Кеңештин мөөнөтү да талашка жем таштап, 2015-жылы шайланган парламенттин беш жылы 28-октябрда бүтө турганы айтылып жатат. Садыр Жапаров акыркы билдирүүсүндө парламенттик шайлоо 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында өтөрүн билдирген.
Депутат Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин талашка түшкөн мөөнөтү боюнча мындай деди:
«Мыйзам боюнча Жогорку Кеңеш беш жылга шайланат. Бул - парламенттин мөөнөтү. Муну менен Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын алмаштырбаш керек. Парламенттин шайланган убактысы беш жыл, ал эми ыйгарым укуктары жаңы парламент шайланганга чейин токтобойт. Ошон үчүн эки норманы дайыма ажыратып тургула. Биздин кыла турган ишибиз али алдыда».
4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Андагы жапырт добуш бурмалоого калайык каршы чыгып, 5-октябрдан тартып өлкөдө ири нааразылык акциялары башталган. БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Бишкектин административдик соту Боршайкомдун кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган.