Дүйнөдө мунай арзандаганы үчүн рубль менен теңгенин куну да түшүп кеткен. Ошол себептүү адистер сом менен доллардын катышы да өзгөрөрүн эскертип жатышкан.
Үч-төрт сомдук кымбаттоо
Орусиядагы жана Казакстандагы валюталык олку-солку жагдайдын фонунда Кыргызстандын Улуттук банкы 9-мартта билдирүү таратып, республиканын валюта рыногунда жагдай салыштырмалуу туруктуу сакталып жатканын билдирген. Натыйжада валюта 10-мартта мурдагы калыпта кармалып туруп, кечке чукулдаганда кескин өсүп кетти.
Тагыраагы банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда доллардын наркы 69 сом 85-90 тыйындан 72-73 сомго чейин көтөрүлдү. Буга тушташ Улуттук банк интервенция жүргүзүп, долларды сатыкка чыгарганы расмий кабарланды.
Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева «Азаттыкка» буларды айтты:
«Баа жана финансы туруктуулугун камсыз кылуу Улуттук банктын негизги максаттарын бири болуп саналат. Улуттук банк валюта саясатын жүргүзүүдө өзгөрмөлүү алмашуу курсу режимин карманат. Ошентсе да валюта рыногундагы активдүүлүк көп учурда жарандардын күтүүсү менен психологиялык факторлордон улам жаралууда. Алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында Улуттук банк 2020-жылдын 10-мартында жалпы суммасы 53,7 млн. АКШ доллары өлчөмүндө чет өлкөлүк валюта сатуу боюнча интервенцияны ишке ашырды (анын ичинде нак акчада 4,0 млн. АКШ доллары). Учурда ички валюта рыногунда жагдай туруктуу».
Бул жыл башынан берки төртүнчү интервенция болуп калды. Январда жана февралда Улуттук банк 86 миллион долларды соода-сатыкка чыгарган. Соңку сатыкты кошкондо башкы банк жалпысынан 140 миллион доллардай сумманы жүгүртүүгө киргизди.
Башкы каржы көзөмөл мекемеси бул аракеттери коңшу өлкөдөгү жагдайларга байланыштуу экенин мойнуна алууда.
«Cоода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдүн финансылык рынокторунда жагдай улам өзгөрүлүп жатканы байкалууда. Соода жүргүзүү жана финансы операциялары аркылуу рыноктордун бири-бирине байланышта болушу бул өлкөлөрдөгү жагдайдын Кыргыз Республикасынын финансылык индикаторлоруна да таасир берүүнү шарттайт. Мындай шарттарда Улуттук банктын чаралары Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тышкы таасирлерди жеңилдетүүгө багытталган», - деди Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева.
Деген менен Улуттук банктын расмий сайтында доллар 69,85 сом бойдон турат. Ага карабай банктар сумманы көтөрүштү. Мисалы, «Demir Bank» долларды 72,85 сомдон сатып алып, 72,95 сомдон сатууда. KICB 72,90 сомдон сатып алып, 73 сомдон сата баштады.
Айрым акча алмаштыруучу жайлар болсо долларды 74-75 сомго чейин сатышууда. Акча жүгүртүү жана алмаштыруу менен алектенгендер Улуттук банк өзү аларга кымбатыраак сатканын билдирүүдө.
«Альянс» акча алмаштыруучу бюролордун ассоциациясынын өкүлү Думан Рыскулов мындай деди:
«Улуттук банк бизге долларды 72,85 сомдон сатканын кабарлашты. Бул доллардын көтөрүлүшүнүн кесепети болду. Өздөрү бир күндө үч сомго көтөрүп жиберишти. Менимче бул боюнча Улуттук банктын өзүнүн саясаты бар да, аны бизге түшүндүрбөйт».
«Доллар дагы кымбаттайт»
Маалым болгондой, 9-мартта дүйнөдө мунайдын баасы 30% түшүп кетти. Мунун кесепети мунай кирешесинен көз каранды болгон Орусиянын улуттук акчасына тийди. 1 рубль дүйшөмбүдө кыргыз сомуна карата 93 тыйынга чейин арзандады. Ал эми 1 доллар үч күн мурда эле 68 рубль болсо, эми 75 рублга чыкты. Ушул тушта казак теңгесинин да куну бир топ төмөндөдү.
Ошол себептүү адистер сом менен доллардын катышы да өзгөрөрүн эскертип жатышкан. Экономика жана финансы боюнча эксперт Мейманбек Абдылдаев кепке кошулду.
«Сом рубль менен байланыштуу. Экспорт менен импорттун айырмасы көп болуп, сом девальвацияга туш болмок. Ошондуктан булар атайын азыраак девальвацияга барышты. Кыргыз өкмөтү тарыхта мындай жол менен эки-үч жолу девальвацияга барган. 20 болуп турганда дароо 40ка чыгарышкан, 40-50нүн тегерегинде болуп турганда дароо 60ка чыгып кеткен. Анын ортосунда дагы жылма девальвацияларды жасап турушкан. Бирок булар акыркы беш-алты жылдан бери, өзгөчө Атамбаевдин убагынан бери атайын 70ке жеткирбей кармап келишкен», - деди ал.
Абдылдаев сомдун кунун жоготушунан коркпой, аны эркин коё бериш керек деп эсептейт.
«Өзү доллардын наркы орточо 100-120 сомго чейин турат. Мен эки жыл мурда эле «120 сомго чейин жумшартыш керек» деп айткам. Азыр деле ушундай ойдо турам. Бирок Улуттук банк доллардын курсун жасалма түрдө, резервдик фондунун эсеби менен кармап туруп жатат. Эгерде инвестиция келип, көмүскө экономика ачыкка чыгып, коррупция төмөн болгондо Кыргызстанга инвесторлор көбүрөөк келмек. Анан экспорт көбөйсө бизге доллар көбүрөөк келип, сомдун куну кетпей, барктуу болуп кармалып турмак. Ошондо Улуттук банктын бул аракети акталмак. Азыр болсо экономика өнүкпөй, экспорт өспөй жатканы үчүн булар аргасыз ошондой жолго барып жатышат. Азыр Орусияда, Казакстанда да артка кетүү боло берсе бизде да долларга талап өсөт. Аны кармайм деп, Улуттук банктын резерви дагы азаят. Бирок бул үчүн канча, маселен 500 миллион же 1 млрд. доллар салганга даярбы? Менимче доллардын кымбатташын баары бир кармай алышпайт», - дейт ал.
Улуттук банк 2014-жылдан 2018-жылга чейин жалпысынан 1 млрд. 273 миллион 983 миң долларды сатыкка чыгарган. Бул аралыкта мекеме кайра ал сумманын 331 миллион 280 миң долларын гана сатып ала алган.
2019-жылы болсо интервенциянын суммасы 151 миллион долларды түздү. Бирок буга карабай алты жылда доллар менен сомдун курсу эки эсе көтөрүлдү.
Маалым болгондой, Кыргызстандын Улуттук банкы интервенцияларды эл аралык резервдер фондунун эсебинен жүргүзөт. Анын көлөмү 2020-жылдын 9-мартына карата 2 428,26 млн. долларды түзүүдө.
«Акча алмаштыруучу жайларда доллар жок»
Ошол эле кезде борбордогу акча алмаштыруучу жайларда доллардын жетишсиздиги байкалууда. Бишкектин тургуну Жаныбек Калыков өзү издеп, таппай койгонун билдирди:
«Мен бүгүн «Дордой» базарын түрө кыдырып издедим, бир да күркөдө доллар жок экен. «Сатып алабыз, сатпайбыз» дешти. Балким бар туруп эле сатпай коюштубу, билбейм. «Эмнеге жок?» десек: «Банктардан келбей жатат, Орусияда рубль түшүп, ушундай болуп жатат окшойт» дешти. Азыр бир досума байланышкан экен, «доллар бар, 73,50дөн сатабыз» дешти. Банктарга барып көрдүм, аларда болгону 200-300 доллар эле берип жатат. Чоң сумма сатпай жатат. Кээ бир банктар болсо жөн эле «доллар жок» деп коюп жатышат».
Бул маалыматты акча алмаштыруучу жайлардын ээлери да ырастап жатышат. «Найман плюс» борборунун жетекчиси Насирдин Токтобай уулу алардын колундагы негизги чет элдик валюта эки күндөн бери көбүрөөк сатылганын маалымдады:
«Эл бизге доллар сатпай жатат. Натыйжада бизде да сатканга доллар калбай калды. Көбүн ишемби-жекшембиде, дүйшөмбү күнү сатып жибергенбиз. Менимче мунун баары коронавирустун кесепети го? Чек ара жабылып, товарлар токтоп калып жатат. Долларга суроо-талап көп, бирок ал айланбай калууда. Андан тышкары Орусияда рублдин түшүп кеткени да себеп болду окшойт. Улуттук банк доллар сатканда адатта коммерциялык банктар эле алып салышат да. Биздей чакан күркөлөргө жетпей деле калат да».
Доллардан сырткары сомдун куну еврого карата да түштү. 10-мартта эртең менен ал 79-80 сомдон сатылып жатса, бул күнү кечинде 82-83 сомго чейин жетти.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.