Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?
«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Сулуукыз Надырбекова жиберген сунуш. Сынакка келген макалалар менен бул жерден тааныша аласыз.
Жемкорлук карапайым калктын ырыскысын өөнөп жеп, элдин жашоосунун кыйынчылыкка кептелишине шарт түзүп гана койбостон, мамлекеттик кызыкчылыктарга да терс таасирин тийгизип келет.
Мамлекетибиздеги жемкорлуктун тамыр алып, кулач жайышына бийликке келген адамдардын жеке кызыкчылыктары үчүн оңдолуп-түздөлүп, кайра-кайра жаңыланган шайлоо мыйзамдары, шайлоочулардын аң-сезимдеринин тайкылыгы да себепкер.
Жемкорлук тамырлап кетпеши үчүн көп мамлекеттерде жарандык активисттер, жемкорлукка каршы түзүлгѳн мамлекетке караштуу комитеттер ар кандай иш-чараларды шайлоочулар менен да, мамлекет башына келген кызматкерлер менен да жүргүзүп турганынан кабардарбыз.
Мисалы, Кытай мамлекетинде бийликке жаңы келген кызматкерлерди паракорлуктан сактоо үчүн атайын курстарга катыштырып, медитация көнүгүүлөрүн жасатышып, үй-бүлөлөрү менен профилактикалык иш-чаралардан өткөрүп, паракорлор камалган түрмөлөргө саякатка алып барышат экен. Миң уккандан, бир көргөн артык демекчи, кызматкерлер үчүн бул ѳтѳ эле чоң сабак болору шексиз.
Мексиканын Монтере деген шаарында Көк автобус деген коррупциялык тур ѳтүп турат экен. Анда кѳк автобустун сыртына жемкор саясатчылар менен кошо чочко же келемиштин костюм-шым кийген сүрѳтүн тартышып, шаардын булуң-бурчтарына чейин жүргүзүшѳт.
Кѳк автобустун максаты - жергиликтүү тургундарга кимдерди шайлаганын түшүндүрүү, таза шайлоого чакыруу. Бизде да ушундай иш-чаралар өтүп турса ашыктык кылбас эле.
Азыр биздин мамлекетибиз кыйроо алдында турат. Эгемендик алгандан бери бийлик башында баягы эле тааныш жүздѳр, мамлекеттик кызматтар дос-тууганга, куда-сөөктөргө мураска ѳтүүдѳ. Болбосо билимдүү, мамлекет үчүн күйгѳн уул-кыздардан уучубуз кур эмес.
Ошондуктан шайлоо мыйзамдарын ѳзгөртүү керек. Мамлекетке келген адам билимдүү гана болбостон, жемкорлукка барбаган таза, жандили менен элинин бакубат жашоосун ойлоп, сѳз жүзүндѳ гана эмес, иши менен кѳзгѳ кѳрүнгѳн инсан болушу абзел.
Башкаруунун эски ыкмасынан баш тартып, жаңыча кѳз караш менен түзүлгѳн башкарууга ѳтүүгѳ мезгил жетти. Жемкорлукту токтотуу үчүн күрѳшүү биздин мамлекетте кеч болсо да денедеги шишикти кесип таштагандай бѳгѳт коюп, жемкорлор үчүн мыйзамга эң катаал беренелерди киргизип, эл алардын иштешин талап кылышы керек.
Азыр ар бир кыргызстандык мамлекеттеги оор абалдан кабардар. Бѳтѳн эмес ѳзүбүздѳн чыккан, ишеничибизди актагандын ордуна элдин ырыскысына кѳз артып, мамлекетти кыйрай турган абалга жеткиргендер деле ѳзүбүздүн тарбиябыздын мѳмѳсү.
Андыктан бир түшкѳн сазга кайра-кайра түшѳ бербей ойлонолу, тарбия үйдѳн башталат. Уул-кыз үчүн ата-эне ѳзү үлгү болушу керек, келечек ээлерине туура тарбия берип, мекенчилдикке, чынчылдыкка тарбиялайлы.
Коррупцияга каршы күрөштү бир эле активисттерге жүктѳп койбостон, ойгонолу, активдүү бололу. Жемкорлукка каршы күрѳш ар бир айылдын үйүнѳн, кѳчѳсүнѳн башталышы керек, ой жүгүртүүнү ѳзгѳртүп, кѳз карашты жаңылап, уул-кыздарыбызга, небере-чѳбѳрѳлѳрүбүзгѳ бүлүнгѳн эмес бүтүн, кыйраган эмес, гүлдѳгѳн КЫРГЫЗСТАНДЫ тапшыралы.
Сулуукыз Надырбекова
(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.