«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Надырбек Качкынбаев жиберген сунуш.
Пара, жемкорлук биздин жашообуздун негизги бир бөлүгү болуп сиңип калды. Убакыт өткөн сайын бул мите тездик менен көбөйүүдө. Жемкорлуктун болушуна жана көбөйүшүнө Кыргызстанда ыңгайлуу чөйрө түзүлгөн. Алар:
1. Мамлекеттин чоң деңгээлиндеги бийликтегилер (башчылары, адистери, аппарат) алардын карамагындагы төмөнкү бөлүмдөрдүн, түзүмдөрдүн башчылары менен пара аркылуу байланышкан. Бул министрликтерде, мекемелерде, ал тургай чек арачыларда да бар экени жакында жазылды. Мисалы, кайсы бир шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орду бошоп, конкурс болгондо күн мурунтан эле паранын конкурсу жеңет. Ал эми кызматка олтурган бөлүм башчы чыгымдалаган паранын суммасын директорлордон ж.б. мүмкүнчүлүктөрдөн кайтарат, өзүн байытат жана жогору жакты паралап турат. Ошондой шартта гана ал өз кызмат ордун бекемдеп турат. Чоң, «майлуу» кызматка сөзсүз чоң пара берип гана барышат. «Бишкектен комиссия келди» же «Эсеп палатасынан өкүл келди» деп мекемелер акчасын даярдап, чогултуп берип, мейманды узатышат. Кайсы кызматка болбосун коюш үчүн «шапке» жана «крыша» керек.
Ал эми элге кызмат көрсөткөн аткаминерлер - мамлекеттик нотариустардын, паспорттук столдордун, элге кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик борборлордун, мектептердин, бала бакчалардын башчылары - аларга кайрылган адамдарды ар кыл шылтоо айтып кайра-кайра убаралантып, жадатып жатып пара алып, андан кийин ишин бүтүрөт.
Мамлекеттик бюджеттен маяна алган дарыгерлерге, өзгөчө ооруканага жатууга мажбур болгонуңда, жалдырап жаныңды сактап калыш үчүн айласыздан акча берүүгө туура келет. Дарыгерлердин акча алганынан, кардарларга кылган орой, жоопкерчиликсиз мамилесинен улам ооругандар коншу Өзбекстан менен Тажикстандын жергиликтүү бейтапканаларына, Анжиян, Наманган, Исфара шаарларына барып дарыланышууда. «Эмнеге коңшу өлкөгө барасыңар?» - деген суроолорго кардарлар: «Алар адамга сылык мамиле кылышат, дарылоонун сапаты жогору жана кызмат акысы арзан», - дешкен.
2. «Эгер пара бербесең ишиң бүтпөйт» деген түшүнүк элдин мээсине терең сиңип калган. Ошентип «таанышың болсо танкасың, таанышың жокто маңкасың» деген макал эл оозунда.
3. Көпчүлүк адамдар так жана түшүнүктүү маалыматы, билими жетиштүү эмес, өзгөчө элге түзмө-түз кызмат көрсөткөн мамлекеттик мекемелердин так аткарган кызматтары боюнча. Мекеменин башчыларына жана адистерине кайрылган адамдар кайсы кызматтарды акысыз аларын, кайсы учурларда акы төлөнөрүн так билишпейт.
Эми биз тазаланышыбыз үчүн же пара-жемкорлукту азайтыш үчүн менин сунуштарым:
Жарлык же мыйзам
Жакын арада паракорлук-жемкорлук боюнча мыйзам же президенттин жарлыгы чыгарылышы керек. Анда азыр мамлекетте айрым аткаминерлер пара менен соттолуп, кайра бошотулуп, качып кеткенден кийин кайра соттолуп колго түшпөй жүргөндөр («Азаттыкта» бир нече мисалдары берилген) ж.б. айланып өтүүчү жолу жок, мурда болгон мүчүлүштүктөр кайталанбай турган жылчыксыз механизмдер камтылсын. Эгер эле пара алса ал катуу жазаланарын сезип чочуп турсун. Ушул күнгө чейин пара алып, текшерүүчү менен бөлүшүп, кутулуп кетип жүргөн фокустар эми өтпөй турган беренелер мыйзамда так белгиленсин. Пара алган аткаминер кылмышына жараша калыс жазалансын. Мыйзам же жарлык өзгөчө катуу болуп чыгарылышы керек, себеби азыркы учурдагы коомду бир сыйра түбүнөн тазалоо зарылдыгы ошону талап кылууда. Биз Азия мамлекети болгондуктан эгер зарыл болсо Ирандын, Кытай Эл Республикасынын паракорлук боюнча мыйзамдарынын айрым беренелерин да пайдалансак туура болот.
Рейтинг
Өлкө боюнча айыл өкмөттөрү, райондор, облустар, шаарлар, министрликтер, бардык элге кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик мекемелер, мектептер, бала бакчалар боюнча жыл сайын паракорлук боюнча рейтинг чыгарылып турса оң болчудай. Анын жыйынтыктары каралып, тийиштүү бааланып, ал эми жемкорлукка чылангандары толук тазалансын.
Кызматтагылардын жүрүм-туруму
Бийлик башчыларынын азыркы «башчы болуп пара алам, байлык топтойм, пара берип дагы жогорку чоң акырга кошулам, байлыгымды калкалайм» деген максатын өзгөртүп, фокусун «элге ак дилимден кызмат өтөйм» деген максатка кескин буруш керек жана ошондой элге кызмат өтөй ала турган татыктуулар кызматка дайындалышы зарыл. Мисалы, Швециянын шаарда үйү жок депутаттарынын жашоосу үчүн бир бөлмөлүү кызматтык батир берилет. Жардамчысы жок, өзү документация жүргүзөт, кызматка коомдук транспорт менен барып келет. Ал эми Германиянын канцлери Ангела Меркел өзү эле шаардагы дүкөндөрдөн тамак-аш алып, тачкеге салып, кардарлардын кезегинде туруп акчасын төлөп эле жүрөт. Кыргызстандын депутаттары, министрлер, мэрлер, акимдер да жумушка коомдук транспортто барып келишсе жакшы болмок. Кызматтык машине кызматка барганда гана пайдаланылышы керек. Мэрлер, акимдер өз аймактарындагы элге кызмат өтөгөн маммекемелердин ишине мезгил-мезгили менен күтүүсүз мониторинг жүргүзсө жана анын жыйынтыгын чыгарып турушса пайдалуу. Ушундай колдон келе турган үлгүлүү жүрүм-турум ж.б. менен элге жакын болсо болот.
Так иш тартиби
Кызмат көрсөткөн мамлекеттик мекемелердин жалпы иш тартиби так, даана, жөнөкөй, түшүнүктүү тилде көрсөтүлгөн стенд ар биринде сөзсүз болушу керек. Андан сырткары ар бир кабыл алуучу аткаминердин кабинетине кире беришинде ошого тиешелүү регламент жазуу жүзүндө илинсин. Эгер акылуу кызмат болсо анда так баасы жана кай жерге төлөнүшү көрсөтүлсүн.
Так механизмдер
Кардардын кызматка болгон дооматын угуучу жана аны менен иштөөчү так механизмдер иштетилсе. Алардын баары жөнөкөй, даана жана так болсо. Мисалы, Жалал-Абад РСК банк азыр кардарлар кирери менен талон алат, талон номери таблодон көрсөтүлөт жана радиодон айтылат. Ал эми 9-пункттагы адистер кызмат көрсөтүп жатканы ачык, бардык кардарлар аларды көрүп турушат, ошентип кайрылган кардарга 7-10 мүнөттө кызмат көрсөтүшөт. Мурда бул система жогунда кезек, айрым учурларда чыр-чатак болуп, 30-40 мүнөткө чейин убара болчу элем. Оңдойм деген жетекчи оңдоп коёт экен, практикада далилденди. Ал жерге киргенде бул башка өлкөнүн банкы деген да ой кетет.
Ооруканаларды менчиктештирүү
Азыр мамлекеттик бейтапкана, оорукана болобу, акча бересиң, ансыз дарылануу мүмкүн эмес. «Гиппократтын антын» берген дарыгерлер азыр «ден соолук - бул бизнес» принцибине өтүшкөн. Ошондуктан мамлекеттик бейтапканалар менен ооруканаларга бюджет бөлбөй эле, алар толук базар экономикасына өткөрүлсүн. Ал эми бюджетти чыныгы муктаждарга кароо механизмдерин иштеп чыгуу зарыл. Азыр мамлекеттик мекемелердеги айрым медициналык кызматкерлердин чөнтөгүн толтуруп жатабыз.
Тендер
Тендерлерде да паракорлукка жол ачкан маселелер бар. Азыркы учурда тендерди өткөрүү процессин сактоо өтө маанилүү деп, негизинен документацияга көп көңүл бурулат. Органдар тарабынан ошолор абдан текшерилет. Жыйынтыгында келген товарлар, жабдыктар кымбат же сапатсыз болгон учурлар кездешет. Мисалы, тендер боюнча 2-3 эсе кымбат муздаткычтар аймактарга келет. Ошондуктан тендер боюнча иштеп жаткан жоболордо негизгиси сатып алынган товар, жабдыктардын сапаты жана баасы өтө маанилүү болуп, ал эми экинчи орунда документация, процедура болсо туура болот.
Надырбек Качкынбаев
(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.