Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:17

Аргасыз учурдан акча жасагандар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура саламаттык сактоо тармагында кызматтык жана коррупциялык мүнөздөгү 600дөн ашуун мыйзам бузуу фактысы аныкталганын жарыялады.

Алардын көпчүлүгү мамлекеттик сатып алуунун тартибин бузууга, мыйзамсыз тендерлерди өткөрүүгө жана гуманитардык жардамды туура эмес бөлүштүрүүгө байланыштуу.

Пандемия жайылган маалда фармацевтикалык компаниялар менен келишип алып, дары-дармектерди, коргоочу каражаттарды жана «Тез жардам» машинелерин кымбат баада сатып алган фактылар боюнча сотко чейинки териштирүү иштери ачылып, тергелип жатканы айтылды. Бирок азыркыга чейин чет мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан жана жергиликтүү демөөрчүлөрдөн келген жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча маалыматтардын коомчулукка жарыяланбай жатканы сынга алынды.

Коронавирус илдетинин жайылышына каршы туруш үчүн саламаттык сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттын максаттуу колдонулбаганы боюнча маселе Башкы прокуратуранын карамагындагы укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинде талкууланды.

Анда илдетти ооздуктоого жумшалган каражатты өөнөп кеткен терс көрүнүштөрдүн бетин ачуудагы укук коргоо органдарынын ишине баа берилди. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 693 мыйзам бузуу фактысы аныкталып, 314 кызмат адамына чара көрүлүп, 8 млн. 331 миң сом өндүрүлгөнү айтылды.

Дары-дармектерди, жекече коргонуучу каражаттарды жана жабдууларды сатып алуу тендерлериндеги мыйзам бузууга карата эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 75 сотко чейинки ишти ачып, алар азыр тергелип жатканы айтылды.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев коррупциялык кылмыш иштеринин өзөгүн мамлекеттик сатып алуу түзө турганын айтты:

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

«Тендерлерди өткөрүү шарттарын эми биз баарыбыз эле жакшы билебиз. Эң аз, эң арзан сунуш берген тарап тендерден утуп чыгат. Анан кайра акча кошулуп отуруп, баштапкы тендердик талаптарда көрсөтүлгөн баалардан да өтүп кетет. Мына ушул жерде тиешелүү мамлекеттик органдардын кызыкчылыктары тогошот. Коррупциянын гүлдөгөн жери - ошол мамлекеттик сатып алуу боюнча тендерлер. Эмне үчүн биз ошого эмдигиче бөгөт коё албайбыз? Азыр эми ошого каршы күрөшө турган учур келди. Бул боюнча катуу чара көрүп, иш алып барчу мезгил».

Өөнөлүп кеткен гумжардам

Мындан сырткары башкы прокурордун орун басары Абай Молдокматов чет элден келген гуманитардык жардам өөнөлүп, «Тез жардам» автоунаалары ашкере кымбат баада сатылып алынган фактылар аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатканын айтты:

«Илдетке каршы күрөшүү үчүн жардам катары келип түшкөн акча каражаттарынын максатсыз чыгымдалышы боюнча топтолгон материалдардын негизинде 2020-жылдын 2-сентябрында Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү менен катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жооптуу кызматкерлери тарабынан «Тез жардам» медициналык автоунааларын ашкере кымбат баада сатылып алынып, мамлекеттин кызыкчылыгына олуттуу зыян келтирилгени аныкталган. Бул тууралуу 2020-жылдын 16-сентябрында Жазык кодексинин 234-беренесинин 1-бөлүмү жана 320-берененин 2-бөлүмү менен сотко чейинки териштирүү иши катталып, азыркы күндө тергөө амалдары жүрүп жатат».

Анткен менен Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик бюджеттен каралган жана чет мамлекеттерден, эл аралык уюмдар менен жергиликтүү демөөрчүлөрдөн гуманитардык жардам катары келген дары-дармектер, медициналык жабдуулар жана акча каражаттары ошол кезде түзүлгөн комиссиялар аркылуу ооруканаларга бөлүштүрүлүп берилгенин жүйө келтирди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жардамдын бөлүштүрүлүшү жана даректүү жеткирилиши боюнча маалыматтар такталганын айтты:

Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

«Биздин өлкөгө 65 эл аралык уюмдан гуманитардык жардам келген экен. Жардамдын жалпы өлчөмү 134 млн. сомго барабар. Ал акчанын бардыгы медиктердин кенемтесине төлөнүп берилген. Биз азыр кандай дары-дармек, жекече коргонуу каражаты жана медициналык жабдуулар канча көлөмдө кайсы аймактардагы ооруканалар менен эмканаларга келгенин тактап чыктык. Биздин жарандар өз демлигеси менен каражат топтоп, сатып алып келип, жергиликтүү ооруканаларга тапшырган 9500 миң кычкылтек концентратору бар экен. Биз анын бардыгын каттоого алдык».

Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев анда эмнеге айрым медкызматкерлерге кенемте төлөнбөгөнүнө арызданып жатканына кызыкты:

«Бизге дарыгерлер, медайымдар арыз менен кайрылып, аларга пандемия маалында аскердик госпиталдардын «кызыл зоналарында» иштешкени үчүн акчалай кенемте каралбай калганы тууралуу даттанышууда. Анда эмне себептен ошол бөлүнгөн акча каражатынан аларга кенемте төлөнүп берилген эмес? Мына ошону да толук такташ керек».

Маалыматтарды ачыкка чыгаруу

Ошол эле кезде вице-премьер-министр Равшан Сабиров илдетти ооздуктоого бюджеттен бөлүнүп, чыгымдалган акчанын жана гумжардамдын кенен отчету ушул күнгө чейин коомчулукка жарыяланбаганын айтты. Мында айрыкча кайсы компаниялар кандай мамлекеттик органдар менен келишип алып, көмүскө келишимдерге барышканын ачык жарыялашы керек деген маселе көтөрүлдү.

Ошондуктан ал саламаттык сактоо министрин аны коомчулукка толук жарыялоону милдеттендирди:

Равшан Сабиров.
Равшан Сабиров.

«Мына ошол гумжардамдын видео, фото отчётторун кошуп, алар каяктан кандай өлчөмдө келгенин жана кайсы жактарга бөлүштүрүлүп берилгени тууралуу маалыматтарды иреттештирип туруп, министрликтин сайтына ачык жарыялаш керек. Анткени бул жерде көп маселе бар. Маалыматтар ачык жарыялангандан кийин анын кандайча натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылганы ачыкка чыгат. Муну сөзсүз ишке ашыруу зарыл».

Ачылбай калган каржылоо

Быйыл жыл башында парламент коронавирус илдетине каршы күрөшүү үчүн саламаттык сактоо тармагына 300 млн. сом бөлүп берген. Андан кийин да мамлекеттик бюджеттен 320 млн. сом каралган болчу. Ооруканалар менен эмканаларды каржылаган Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бир жылдык бюджети 16 млрд. сомго барабар. Бирок бул мекеменин жетекчиси Элнура Боронбаева каржылоонун өз учурунда ачылбай калган жагдайынан кеп салды:

«Аны эч ким жеген жок. Мыйзам менен бекитилген ал акчаны эч ким жеген жери жок. Башка акчаны мен билбейм. Башкасына мен жооп бере албайм. Эми азыр ачыгын айта турган мезгил келди окшойт. Бизде «1/12 бөлүгү» деп койгон, республикалык бюджеттен бөлүнө турган 912 млн. сом акча каражаты ай сайын бизге түшүп турушу керек болчу. Анан дагы Социалдык фонддон милдеттүү медициналык каражаттарын да ай сайын алып турушубуз керек эле. Мына ошол эки багыт боюнча бизге келип түшө турган акча каражаты апрель айына чейин бизге бюджеттен жетиштүү өлчөмдө, толугу менен түшкөн эмес. Толук каржылоо жай айларынын ортосунда гана ачылды».

Жыйында кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды тергөөнүн сапатын арттыруу маселеси көтөрүлдү. Анда экономикалык кылмыш иштери көп болуп, ага тергөөчүлөр жетишпей жатканы боюнча сөз болду. Өткөн тогуз айда соттордо коррупцияга байланыштуу 719 кылмыш иши каралып, 232 адамга айыптоо өкүмү чыгып, 45 адам акталганы жарыяланды.

XS
SM
MD
LG